«АГАЙ» ДЕГЕН АТ ЭҢ ЖОГОРКУ СЫЙЛЫКТАН ДА ЖОГОРУ ТУРАТ!

  • 01.12.2023
  • 0

 

Мектепте өткөргөн күндөрүмдөн кантип ажырап калганымды эс алууга чыкканымдан кийин билдим. Мындайын билгенде досторумдун, айылдаштарымдын тилине кирбей койсом болмок. Мени мектеп жамааты “бактылуу карылыктын доорун сүр” дегендей, бир күндүк доор сүргөн жылуу сөздөрүн арнап, эс алууга узатышкандан тартып жүрөгүм негедир тыз деп туруп алды. Чынын айтсам, тез эле кайра мектепти сагына баштадым.

Өзүм эккен бак-дарактарымдын арасында эки колумду артыма алып, ээн жүргөн күндөрүмдүн өткөнүнө үч айдын жүзү болду. Ушул үч айдын ичинде мектепти, окуучуларымды кандай сагындым дейсиң! Кээде кесилген бир түп теректин дүмүрүнө отуруп алып, көзүмө жаш алган күндөрүм да болду. Мектептин четиндеги мен күнүгө каттап жүргөн жалгыз аяк жол да чөп басып, такырайган жери көрүнбөй калыптыр. Ал го мейли, күнүгө мектептин чатырчасында күрү-күү түшкөн көгүчкөндөрдүн да карааны көрүнбөйт. Анткени аларга күн сайын мектептин короосуна кирип баратып, чөнтөгүмө бир ууч ала келген буудайдын данын чачып өтүп кетчүмүн.

Угушума караганда, аларды түн ичинде коноргосунда жаткан жеринен ичи ачышкан кимдир бирөөлөр тутуп кетиптир.

Сабак окутуп жүргөн күндөрүмдө айылдагы маараке, тойлорго аз барчумун. Азыр болсо күн сайын бош жүргөнүмө байланыштуу «Асан агай, тойго!», «Асан агай, мааракеге!», «Асан агай, кудай ашка!», «Асан агай, дааватка!» деп чакырган айылдаштарым көбөйдү.

Кээде көчөдө басып калган учурларымда мектептен үйлөрүнө тараган окуучуларым негедир мени көптөн бери көрүшпөй калгандыктанбы, айтор бир ооздон чуру-чуу түшүп, “Агай, саламатсызбы!” дешип уялыңкы маанайда өтүп кеткен караандарын көпкө карап отурам да, жүрөгүм эзилет.

Мектеп менен кош айтышканым менен айылдагы өзүмдөн улуу аксакалдар да “Асан агай, кандайсыз, бала-чакаларыңыз, неберелериңиз чоңоюп жатабы?” деп калышат. Өзүмчө жүрөгүм толкуп, капырай, дагы деле агай деген атым өчпөптүр а, деп сыймыктанып коём.

Кээде айылда бирин-серин мал жандык издегендерге “Асан агайдын багында жүрөт эле” дешип калышат.

Мектептин караанын, окуткан окуучуларымды, сүйгөн кесибим адабиятты канчалык куса болуп сагынганым менен “агай” деген атты алып жүргөнүмө бир чети кубанып да коём. “Агай” деген ат кандай жакшы! Эмне үчүн башка кесиптегилер мындай аталыштан алыс?

Эмне үчүн догдурларды, инженерлерди, айдоочуларды, артисттерди, депутаттарды, министрлерди, акимдерди, айыл өкмөт башчыларын “агай” деп кесиби менен кошо айтышпайт? Ушундан улам биз мугалимдер “агай” деген атыбызга сыймыктансак болот!

“Агай” деген ат Кыргызстандагы эң жогорку сыйлыктардан жогору турарын унутпасак. Эгер бизден өмүр өтсө да, “маркум түкүнчө агай, паланча агай айтып калар эле” деген сөздөр уламышка айланып калары чындык.

Дагы бир агай деген атка байланыштуу мисал келтирейин. Айылыбызда ары санжырачы, ары дин жагынан молдо Арап Мамажунусов деген агайыбыз бар. Ал 60-70-жылдардын аягына чейин башкарма жана түрдүү партиялык кызматтарда иштеп, аягында он жылга жакын мектепте кесиби кыргыз тили болгондуктан, мугалим болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыкты.

Бирок ал башка кесипте көп иштегенине карабай, “Арап агай” деген ат менен кала берди.

Агай деген ат менин дил туйгунумда башкача болуп жүрбөсүн. Анткени жарым кылымга жакын мектеп окуучулары менен бирге болдум. Балача күлүп, балдар менин жан дүйнөмө өтө жакын болгондуктан, кээде көзүмө жаш алып кеткеним да ошондон.

Балдар чынчыл, боорукер, бирөөнүн кайгы-кубанычын тең бөлүшөт.

Балдардын окуткан агайы өмүр бою эсинде калат. Агайдын айткан насааты, колунан кармап ээрчиткен күндөрү такыр эсинен чыкпайт.

Элибиздин улуу жазуучусу Ч.Айтматовдун ”Биринчи мугалим” повестиндеги бир эпизоддон мисал келтирели. Эсиңиздердеби, эмне үчүн конокто отурган академик Алтынай Сулайманова капысынан кетип калат. Анткени ал жерде отургандар Дүйшөн агайды келекелеп, “ушул Дүйшөн дегениң да 36 тамганы араң тааныбай туруп, мугалим болгон экен да” дешип шылдыңдап күлүшөт. Алтынай Сулайманова үчүн Дүйшөн агайы ата-энеден да жогору экендигин сезип, кайра Дүйшөн агайды мыскылдагандын ордуна баа жеткис кадырын түшүрбөй агайды төргө отургузуп, сыйлап койсо болбойт беле дегендей академик Алтынай Сулайманова кетип калганы
ошондон.

Мындан мен эмнени айткым келет? Демек, Дүйшөн агай өмүрүнүн акырында почтальондук кызмат аткарса да, бүгүнкү мугалимдер жалпы элибиз үчүн “агай” деген атты алып жүргөн символдук образ болуп кала берди. Акырында айтарым: мектепти, окуучуларымды, сүйгөн кесибимди канчалык сагынсам да айылдаштарымдын арасында “агай” деген атым калганына
сыймыктанам.

Мектептин тузу оор экен. Элүү жыл иштесем да кетирбейт экен.

Анан кантейин, тагдырга, өмүргө айла жок. Кош, түбөлүк мектебим!

Асан КАРИМОВ,
ардагер мугалим, Ноокат району

 

Бөлүшүү

Комментарийлер