“АГАЙ” АЧКАН АКЫЙКАТ

  • 16.05.2023
  • 0

“АГАЙ” АЧКАН АКЫЙКАТ

«Адам жакшылыкты жерден таап албайт, адамдан үйрөнөт» — Чыңгыз Айтматов.

Быйылкы жаздын эң орчундуу окуяларынын бири “Агай” сериалы болду окшойт. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминовдун чейрек кылымдай мурун эксперименталдык гимназия ачып, оор сыноолордон кантип өтүп, өтө чоң ийгиликтерге жеткени жөнүндөгү бул тасма тарыхый кадамдар зарыл экенин эл сезип-туя баштаган бүгүнкү кезге туш келгени да бекеринен эмес. Таалим-тарбия темасында буга чейин “Акыркы сабак” сериалын тарткан таланттуу режиссёр Руслан Акун жана аны менен чогуу иштеген чыгармачыл топко да эл алкыш айтууда. Бул ирет чыныгы окуялардын негизинде жаралган ушул фильмди көргөндөн кийинки айрым ойлорду ортого салмакчыбыз.

БАШАТ

Гапыр агайдын ата-энеси элдик нарк-насилди көкүрөгүндө сактаган, эмгекчил, ак ниет кишилер болуптур. Атасы Маматкул: “Уулум, адамдар сенден береке тапсын!” – деп бата берчү экен.

Гапыр агайдын кесип тандашына мектепте сабагын жакшы окуткан мугалимдери таасир эткен. Жогорку окуу жайда мыкты окутуучулардан таалим алып, дүйнөлүк педагогиканын Я.А.Коменский, Я.Корчак сыяктуу алптардын улуу идеяларын окуп-үйрөнгөн экен. Айрыкча кайра куруу доорунда кеңири таанылган Ш.Амонашвили, В.Шаталов, Е.Ильин сыяктуу жаңычыл мугалимдердин, кыргызстандык Б.Исаков, Б.Батыркулов, И.Бекбоев, С.Байгазиев, С.Иптаров сыяктуу белгилүү педагогдордун таасири чоң болгонун Гапыр агай өзүнүн “Устаттык өнөрү” китебинде баса белгилептир.

Гапыр агай азыркы дүйнөлүк педагогиканын жаңылыктарынан мүмкүнчүлүккө жараша окуп-үйрөнүп келет. Ырас, элдик таалимге каныгып, теориялык билимди канчалык терең өздөштүрсө да, заманбап тажрыйбаны канчалык жакшы окуп-үйрөнсө да, ошонун баарын конкреттүү шартта (Кыргызстандын борбордон эң алыс жайгашкан айылында, 90-жылдардагы каатчылык мезгилде) колдонуп, “мүмкүн эмести мүмкүн кылуу” үчүн өтө чоң эрк, талыкпаган эмгек, чыгармачыл изденүү, санаалаш, мүдөөлөш чөйрө түзүү иши ошончолук, балким, андан да маанилүү болду окшойт.

ОЙЛОГОН ОЙ ЖАНА КЫСТАГАН ТУРМУШ

Гапыр Мадаминовдун өзгөчө гимназия ачуу демилгесине “Эй, жерге түш! Сенин асмандаган кыялыңдын кимге кереги бар?” – дегендей маанидеги жоопту каатчылык өкүм сүргөн 90-жылдары эмес, жашоо жакшырып калган бүгүнкү күндө да кайталачулар көп чыгышы ыктымал.

Мисалы, балдарды эркин өстүрүп, инсандык дараметин толук ачууга, сапаттуу билим алып, мыкты кесип ээси болушуна ар бир үй-бүлө бардык жагынан кам көрүп, акча сарпташы (капитал салышы, инвестиция жасашы) керек дегенди азыркы ата-энелердин канчасы туура түшүнөт? Күнүмдүк, утурумдук пайда, тиричиликтеги көнүмүш иштер менен адаттарды же бийик мүдөөлөрдү тандоо керек дегенде коомдогу көпчүлүк кайсынысына ыктайт? Улуттук, элдик каада-салттардын алгылыктууларын сактап, заман талабына ылайык өркүндөтүүгө калайыктын канчасы чыгына алат?..

Ырас, өйдөкү суроолордун жообу ар бирибиздин жана баарыбыздын канчалык жетик ойлонуп, көңүлүбүзгө төп келген идеяларды жүзөгө ашыруу үчүн биргелешип ырааттуу, ыктуу, өжөр иштегенге, күрөшкөнгө канчалык даяр экенибиз менен байланышкан.

“Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет”, бирок ойдун баары эле ойрон боло бербейт – чала ойлонулган, логикалык ирети, усулдук негизи жок, практика (тажрыйба, тынымсыз жүргүзүлгөн иш) менен бекемделбеген идеялар гана ишке ашпай калары анык.

Ушул ыңгайдан алганда, пландуу экономика менен кошо Советтер Союзу кыйрап, базар мамилелерине эч даярдыгы жок өтө албай дүрбөлөң маанайда турган элди, айрыкча элеттиктерди чоң максатка баштоо Гапыр Мадаминов үчүн канчалык татаал болгону түшүнүктүү. Бүгүн бүтүндөй республикага жайылтылып жаткан энелер мектеби алыскы Жаштык айылында дал ошол жылдарда иштей баштаганы да кызык.

БИЙИК МҮДӨӨ

Атактуу педагог В.А.Сухомлинскийдин “Идея адамды эр жүрөк жана тайманбас кылат” деген нускалуу сөзүн Гапыр агайдын кара-кулжалык кесиптеши, автордук гимназия ачуу жана улуттук таалим салттары менен азыркы гумандуу педагогиканын жетишкендиктерин айкалыштыруу жолунда далай түйшүк тартып, чоң тоскоолдуктарды жеңип өткөн Орозали Сайдилканов дайым эске салып жүрөт. Эң чоң ийгиликтерге жетүү жолунда кайратынан тайыбаган чыгаан инсандардын турмуштук тажрыйбасында далай ирет тастыкталган бул чындык өлкөбүздүн эң четки Лейлек районуна караштуу эң алыскы Жаштык айылында түптөлгөн №3 эксперименталдык гимназиянын мүдөөсүн ишке ашырууда дагы бир жолу таасын далилденди.

Акыйкатта, билим (рухий жетилүү/жетилтүү, таалим алуу/берүү деген толук мааниде) аркылуу ар бир баланын, үй-бүлөнүн, бүтүндөй коомдун, өлкөнүн эң башкы маселелерин чечүүгө жол ачуу мүмкүн, керек, зарыл деген өзөктүү мүдөөнү көкүрөгүндө сактап, ага өмүрүн арнап койгон агайлар менен эжейлерден баарыбыз сабак алууга тийишпиз.

“Болбойт!” деп “акылдуулар” (пайдакечтер, жеңил баа саясатчылар ж.б.) менен “жакшылар” (айрым расмий кызматкерлер, мисалы, райББ башчысы же министрдин эшик тосор катчысы) бөгөп койгонуна, элдин көпчүлүгү бул иштин маанисин түшүнбөй, агайдын сөздөрүнө ишенбей жатканына карабастан, көздөгөн бийик максатына өжөрлүк менен умтула берген Мугалим жана анын эң жакын санаалаштары бүгүн биздин коом үчүн өрнөк болушу керек.

ӨРНӨК

Бул жарыкта жакшы адамдар же, тагыраагы, жакшылыкка умтулган кишилер көпчүлүктү түзөт. Бирок алар бийлик, байлык үчүн дароо кошула калган “шамдагайлар” сыяктуу оңой бирикпейт экен, бири-бирин таанып, түшүнүшүү үчүн аларга сөзү өтүмдүү, жүрүм-туруму да өрнөктүү устаттар керек экен.

Гапыр Мадаминов – мына ошондой инсандардын бири. Бүгүн анын жылдызы жанып турат, сөзү көпчүлүккө угулат. Анын чейрек кылымда басып өткөн жолун көркөм чагылдырган “Агай” тасмасынын ар бир сериясында коомчулукту ойготуп, ойлонууга, оңолууга түрткү бергидей абдан таасирдүү учурлар бар. Миңдеген замандаштар КТРКдан күтүп, Ю-тубга чыкканын издеп көрүштү, азыр да көрүп жатышат. Эми мугалимдик кесиптин баркын, ар бир адамдын тагдырына, жалпы коомдун аң-сезимине анын таасир тийгизүү мүмкүнчүлүгү канчалык чоң экенин түшүнгөндөр көбөйө баштайт деп үмүттөнөбүз.

КӨЧ ӨКСҮБӨСҮН

“Агай” тасмасынын ар кайсы серияларында коюлган түркүн суроолор, бүгүн деле толук чечилбей келаткан маселелер жөнүндө биздин гезитте дагы көп ирет сөз болот, кызыктуу талкуулар жүргүзүлөт деп ойлойм. Мисалы, комиссияга көрсөтүү үчүн эле даярдалуучу ачык сабакты спектакль деп ачык айтууга ар кимдин эле кайраты жете бербейт. Окуучулардын олимпиадасы, жылдын мыкты мугалимин аныктай турган конкурстар кандай өткөрүлүп жатат?..

Бул тасмага байланыштуу биринчи макаламды жыйынтыктап жатып бул суроолорго токтолгум келет:

Билим аркылуу коомду, өлкөнү өнүгүү жолуна баштоо демилгеси канчалык иштиктүү колдоого алынат?

Өзөк идеяны терең түшүнүп, анын түйшүгүнө чыдап, өжөр иштегендердин таасири күчтүү болобу же утурумдук уу-дууга эле маашырланып, даяр үлгүнү механикалык түрдө, үстүрт туурай берчүлөр басымдуулук кылабы?..

Мугалимдерди ар тараптан колдоо – улуттук (бүткүл өлкөлүк, мамлекеттик) маанидеги эң зарыл иш экенин эске алып, кооз сөздөр эмес, ырааттуу ойлонулган чечкиндүү кадамдар менен бекемделе турган саясий эркин көрсөтө алабы бийлик?..

Жолдош Турдубаев,  «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер