АГАРТУУЧУЛУК КӨЧҮ СОВЕТ ДООРУНАН МУРДА БАШТАЛГАН

  • 10.02.2023
  • 0

АГАРТУУЧУЛУК КӨЧҮ СОВЕТ ДООРУНАН МУРДА БАШТАЛГАН

Кыргыз элинин интеллигенция катмары же элиталык сабаттуу чөйрөсү ХIХ кылымдын экинчи жарымынын аягынан баштап калыптана баштаган. Бул туурасында режиссёр Тилек МУРАТАЛИЕВдин “Жаңылануу” аттуу даректүү тасмасында кызыл сызык менен айтылды. Аталган даректүү тасманын бет ачары КР Улуттук тарых музейиндеги жыйындар залында өттү.

Элибиздин агартуучулук башатына, тарыхына, сабатынын ачылышына  арналган бул тасма кыргыз элинин жазмасы  Октябрь Революциясынан кийин гана пайда болгон, ага чейин сабатсыз эле деген Совет мезгилиндеги идеологиялык түшүнүктү тарыхый фактылар менен төгүндөп бергени менен баалуу болду. Аталган тасмада тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова ХIХ кылымда пайда болгон жадид кыймылынын пайда болушу, өнүгүшү, анын кыргыз элине тийгизген таасири туурасында кеңири кеп кылат. Тасма тарыхый сүрөттөргө, ошондо тартылып калган тирүү кино хроникага бай. Айтылган ойлор алар менен таамай тастыкталып турат.

Белгилүү окумуштуу А.Кубатова өз сөзүндө Жадидчилик кыймыл кыргыздарды туташ сабаттуу кыла албаса да жалпы элдин сегиз пайызынын араб графикасында сабаты жоюлуп, кат жазышып калышканын, ал тургай окуу китептерин басмадан чыгарып, мектептерди өз каражаттарына ачып, балдарды дин эле эмес, маданиятка, предметтик делген физика, математика, табият таануу сабактарын окутууга да жетишип калганын, алгачкы агартуучулардын катарына Дүр Сооронбаев, Чопо, Найзабек Тулин, Шабдан Жантай уулу, Максым Кожо, Ыбыке, кийинкилер Осмонаалы Сыдыков, И.Арабаев, Тоголок Молдо, Талип, Алдаш молдо сыяктуу өз мезгилинин прогрессивдүү инсандары кирерин, ушулардын аркасынан Ж.Абдрахманов, Т.Айтматов өңдүү кыргыздын мамлекеттүүлүгүн түптөгөн улуу адамдар өсүп чыкканын элибиздин эсине салды. Тасмада Түркистан  аймагында орус-тузем мектептери, Кокон хандыгы тушундагы диний медреселери, татар, башкир таасирлери, ошол доордогу жалпы эле сабаттуулук маселеси кеңири айтылат.

Ооба, жадид кыймылы алгач агартуучулук кыймыл болуп башталып, бара-бара саясый түзүлүшкө аң сезимдүү түрдө аралашканга өсүп жеткен. Кийин бул багыттан өсүп чыккан мекенчил инсандар ар кайсы жылдарда репрессияга кабылып, атылып, сүргүнгө айдалып, абакта өлгөнүн биз тарыхтан жакшы билебиз.

Даректүү тасманын бет ачарына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова катышып, тасмадагы тарыхый ачылыштарга, маанилүү табылгаларга бийик баа берип, авторлорго рахмат айтты.

Жыйында чыгып сүйлөгөн тарыхчы, окумуштуу А.Асанканов Совет мезгилинде чыккан китебинде Октябрь революциясына чейин кыргыз элинин 0,6 пайызы гана сабаттуу болгон деп туура эмес жазганын мойнуна алып, тарых кайрадан такталып жатканын, өзү да бул багытта чоң эмгек даярдап жатканына токтолду. Белгилүү тарыхчылардын бири Т.Чоротегин жаштарга   бир эле тил менен чектелбей, тарыхты так билүүдө  кириллица менен бирге латын, араб, кытай алфавитин, рун жазмаларын да окуй билүү керектигин жаштардын эсине салып,  тасманын  жалпы элге кеңири, жеткиликтүү болушу үчүн ТикТокко, YouTube каналдарына  коюп, жайылтуу зарылдыгын режиссер Тилек Мураталиевге сунуштады.

Тарыхтын актай же калпыс барактарын ачып, аны толуктап, чындыкты кашкайта чагылдырып берген белгилүү режиссер, ТҮРКСОЙдун сыйлыгынын ээси Тилек Мураталиевге, белгилүү тарыхчы, окумуштуу Аида Кубатовага тасманы көргөнү келгендер чоң ыраазычылыктарын билдирип, чыгармачылык ийгилик каалашты.

Майрамбек ТОКТОРОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер