АГАРТУУЧУЛАР АК ХАЛАТЧАНДАРГА КОЛ СУНДУ

  • 23.07.2020
  • 0

Учурда коронавирус илдети менен күрөшүп жаткан дарыгерлерди  агартуучулар ар тараптан колдоого алышты.

АГАРТУУЧУЛАР АК ХАЛАТЧАНДАРГА КОЛ СУНДУ

Билим берүү тармагындагылардын мындай аракети Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун «Коронавируска каршы күрөштүн ийгилиги элдин биримдигине көз каранды» деп айтканына төп келерин кеп башында белгилей кетели.

АГАРТУУЧУЛАР АК ХАЛАТЧАНДАРГА КОЛ СУНДУ

«Азыр элдин саламаттыгы үчүн аёосуз күрөш жүрүүдө. Ынтымак, тилектештик менен ар бирибиз жарандык жоопкерчиликти бийик сезсек, бул илдетти жеңебиз», — дейт өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу элге жасаган кайрылуусунда өлкө башчысы.

Президенттин жогорудагы чакырыгына күн мурунтан жооп кылып, өлкөбүздүн жогорку окуу жайлары республикада коронавируска  каршы күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепке акча каражаттарын эң биринчилерден болуп чегергени мактоого татырлык көрүнүш.

АГАРТУУЧУЛАР АК ХАЛАТЧАНДАРГА КОЛ СУНДУ

Ош мамлекеттик университети коронавирусту алдын алуу иш-чаралары үчүн 700 000 сом акча каражатын бөлдү. Бул каражаттар окуу жайдын жалпы жамаатынын колдоосу менен профессордук-окутуучулук курамдын эмгек акысынын эсебинен которулган.

АГАРТУУЧУЛАР АК ХАЛАТЧАНДАРГА КОЛ СУНДУ

Ош технологиялык университетинин эмгек жамааты коронавируска каршы күрөшүү үчүн атайын ачылган эсепке  200 000 сом,
ал эми Кыргыз-Өзбек университети 250 000 сом акча каражатын которгон.

АГАРТУУЧУЛАР АК ХАЛАТЧАНДАРГА КОЛ СУНДУ

Ишеналы Арабаев атындагы КМУ коронавирус менен күрөшүүгө жардам иретинде 327500 сом которуп,  аталган акча Кыргызстандын аймагындагы коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн түшкөн ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү үчүн ачылган эсепке түшкөн.

АГАРТУУЧУЛАР АК ХАЛАТЧАНДАРГА КОЛ СУНДУ

Республикабыздагы коронавирус илдетине каршы күрөштөн Нарын мамлекеттик университети да четте калган жок.

2020-жылдын 10-апрелинде Нарын мамлекеттик университети коронавируска каршы күрөшүү фондуна 100 миң сом акчалай каражатын которгону белгилүү.

— Бул акча каражаты аз да болсо илдетке каршы күрөштө алгылыктуу жардам болот деген ишеничтебиз, — деп жазышкан жалпы элдик күрөшкө салым кошкон нарындык агартуучулар.

АГАРТУУЧУЛАР АК ХАЛАТЧАНДАРГА КОЛ СУНДУ

Республикабызда июнь айынын орто ченинен тартып коронавирус илдетине байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал курчуп кеткени белгилүү.

Мындай кыйын шартта да агартуучулар карап турушкан жок. Билим берүү тармагында эмгектенген агай-эжейлер адам өмүрүнө коркунучтуу дарт менен өз өмүрлөрүн тобокелге салып бетме-бет күрөшүп жатышкан ак халатчан дарыгерлерди колдоого алышты.

АГАРТУУЧУЛАР АК ХАЛАТЧАНДАРГА КОЛ СУНДУ

Ош мамлекеттик университетинин жамааты каражат топтоп, күнү-түнү үзгүлтүксүз иштөөчү жети даана кычкылтек концентраторун Ош шаардык ооруканасына тапшырды.

Ооруканаларга учурда зарыл болгон медициналык каражаттар: алты даана кварц лампасы, кандагы кычкылтектин деңгээлин өлчөөчү алты даана пульсоксиметр, алты даана пульверизатор жана 140 даана респиратордук беткап да берилди.

Мындан сырткары окуу жайдын беш жатаканасында уюштурулган ооруканада иштеп жатышкан 51 медкызматкерди түшкү тамак менен камсыз кылышты.

Бейтаптарга медициналык жардам берүү максатында Ош мамлекеттик университетинде түзүлгөн резервдик топтогу 9 дарыгер-ординатор Чоң-Алай районунда, 10 медицина кызматкери Кара-Кулжа районунда, 5 дарыгер-ординатор Ош шаарындагы Газпром спорт комплексинде уюштурулган күндүзгү стационарда, 45 дарыгер ОшМУнун медициналык клиникасында иштеп жатышат.

БатМУ кычкылтек концентраторун сатып алуу үчүн акча бөлгөнү тууралуу жакшы кабарыбыз бар.

АГАРТУУЧУЛАР АК ХАЛАТЧАНДАРГА КОЛ СУНДУ

-БатМУнун Кызыл-Кыядагы педагогикалык институтунун окутуучулары акча каражатынан тышкары дарыгерлерди  ысык тамак менен камсыз кылууда, — дейт аталган окуу жайдын ардагер окутуучусу Алтынай Досанова.

АГАРТУУЧУЛАР АК ХАЛАТЧАНДАРГА КОЛ СУНДУ

Агартуучулар төртүнчү чейректеги дистанттык окууда  дарыгерлердин көмөгү зор болгонун айтышат.

— Бишкек шаарынын Ленин районундагы № 12 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу биздин  мектептин мугалимдерине Ковид-19 жана пневмония оорусу жөнүндө кеңири маалымат беришти. Дарыгерлердин жардамы менен класс жетекчилер жугуштуу оорулардын алдын алуу жана өздүк тазалыкты сактоо боюнча иш чараларды жүргүзүштү, -дейт Ак-Өргөдөгү №77 орто мектептин директору Аида Дооталиева.

АГАРТУУЧУЛАР АК ХАЛАТЧАНДАРГА КОЛ СУНДУ

Мектеп жетекчисинин айтуусунда дарыгерлердин көрсөтмөсүнө ылайык ар бир класс жетекчи өзүнүн классындагы окуучулар менен онлайн режиминде тыгыз байланышта болуп, аларды себепсиз эшикке чыкпай, эгерде бир жерге барууга туура келсе, антисептик колдонуп, бет кап тагуусун талап кылышты.

Дарыгерлердин ошондогу көмөгүнө ыраазы болушкан акөргөлүк агартуучулар ушул күндөрү адам өмүрүнө коркунучтуу дарт менен күрөшүп жатышкан дарыгерлерге колдон келген жардамын берип жатышат.

Мугалимдер менен дарыгерлердин тилектештик көрүнүштөрү Кара-Сууда да арбын.

АГАРТУУЧУЛАР АК ХАЛАТЧАНДАРГА КОЛ СУНДУ
—  Биздин мектептин мугалимдери мектептеги  50 орундуу күндүзгү стационарда иштеген алты дарыгердин тамак ашын берип жатат, — дейт Кара-Суу районундагы №70 Ибрагим Кулбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Замира Атагулова.

Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылында ачылган бул күндүзгү стационарга  айыл тургуну Ураимов Садык, Ураимов Кыялбек үй-бүлөсү менен 5 дем алдыруучу аппарат, керектүү каражаттарды, ошондой эле Чимкентте  иштеп жатышкан Жаңы-Арыктын атуулдары керектүү каражаттарды алып беришкен.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы мектептердин мугалимдери 100 сомдон акча топтоп,  ооруканаларга жасалма дем алдыруучу аппарат сатып берүү тууралуу демилге көтөрүшкөн.

— Биздин Чанаков атындагы орто мектебиндеги  32 мугалим 3200 сом топтоп, районго жеткирип келишти. Мындан сырткары, биздин мугалимдер дарыгерлердин тамак-ашына жардам берип жатышат, — дейт Ы.Чанаков атындагы мектебинен Бүсара Калмурзаева.

Ушул эле облустун Аксы районунда ооруканаларда жана күндүзгү стационарда эмгектенип жаткан дарыгерлерди колдоо иштери башталды.

-Азырынча чоң суммадагы акча чогулта элекпиз. Ар ким өз каалоосу менен бир аз акча беришти. Дарыгерлерге тамак-аш жагынан көмөктөшкөн мугалимдер бар. Кырдаал кыйындап кетсе, дарыгерлерди колдоо ишин улантабыз, — дейт райондогу алдыңкы мектеп директору Узен Атаканов.

Лейлек районундагы Ак-Суу жалпы билим берүүчү орто мектебинин эмгек жамааты жергиликтүү стационарга 9000 сом которууну чечкенин бизге алыскы Лейлектен кабарлашты.

— Лейлектеги башка мектептер деле ушундай кол кабыш кылышмакчы, — деп жазат чыгармачыл мугалим Тайир Аширбай.

Эки башка, бирок тилеги бир кесип ээлеринин мындай тилектештик аракеттери өлкөбүздүн ар кайсы район, шаарларында улантылып жатат.

Алай районундагы Жумаш Раимкулов атындагы кесиптик-техникалык окуу жайдын базасында 40 орундуу күндүзгү стационар ачылып, ак халатчандарды район мугалимдери тамак-аш жагынан колдоого алганын бизге райондук билим берүү бөлүмү билдирди.

Нарын районунун Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу үч айылдын эли дарыгерлерди колдоого акча каражатын топтошконун бизге жергиликтүү мугалимдер кабарлашты.

АГАРТУУЧУЛАР АК ХАЛАТЧАНДАРГА КОЛ СУНДУ

— Каракужурлуктар 100 миң сомго дары-дармек, коргонуу каражаттарын алып беришсе, Куйбышев айылынын эли 140 480 сом, Өрнөктүктөр 20 180 сом чогултуп беришти. Демилгелүү топту Жакып Өмүралиев атындагы орто мектептин директору Сулайманова Каныш жетектеди, — дейт айылдык кеңештин депутаты, соцпедагог Кенжегүл Бектемирова.

«Беш кол тең эмес» дегендей, учурдагы тилектештик иштерине доо кетиргиси келген аракеттер да болбой койгон жок.
Жакында эле Интернет баракчаларында Ошто дарыгерлерди колдоого мугалимдерден 1000 сомдон акча  мажбур түрүндө жыйналып жатыптыр деген жалган кабар тарады.

АГАРТУУЧУЛАР АК ХАЛАТЧАНДАРГА КОЛ СУНДУ

Билим берүү министрлиги дарыгерлерди колдоо аракеттери мугалимдердин жеке демилгеси экенин жана эч ким мугалимди акча чогултууга мажбурлай албастыгын айтып чыкты.
Эмесе ушул нотада бүгүнкү сөзгө чекит коё туралы! Калганын убакыт көрсөтөр…

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер