АГАРТУУ АЙДЫҢЫНДАГЫ АК ЭМГЕК

  • 10.04.2019
  • 0

АГАРТУУ АЙДЫҢЫНДАГЫ АК ЭМГЕК

Өмүрүнүн жарым кылымга жакын убактысын балдарга билим-тарбия берүүгө арнаган агартуучу Анара Тобокелова азыркы учурда да катардан калбай, Ысык-Ата районундагы Дмитриевка айылындагы орто мектепте үзүрлүү эмгектенип келет. Ал окуткан окуучулары азыр да эжейинин кеп-кеңештерин угуу үчүн атайын келишип, жетишкендиктери менен бөлүшүп турушат. Мугалимдин мээнети, үйрөткөн билими жугумдуу болсо, ал үчүн андан өткөн сыймык жок экендигин айткан Анара Жумалиевна өзүнүн басып өткөн жолу, балдарга тил үйрөтүүнүн сырлары менен бөлүштү.

“Мугалимдер династиясын улантып келатканыма сыймыктанам”

Кыргыздын нукура салт-санаасын, нарктуулугун аздектеген үй-бүлөдө өсүп чоңойгон Анара Жумалиевнанын балалыгы алыскы ак карлуу Ат-Башы районунун Калинин айылында өттү. Атасы Тобокелов Жумаалы 25 жылдан ашык Кара-Суу селолук советинин төрагасы болуп эмгектенген кызматчы адам эле. Ал кишинин элге сиңирген эмгеги татыктуу бааланып, ысмы Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл өкмөтүнө ыйгарылган. Энеси Тобокелова Бурулуш нускалуу кыргызды каада-салтын катуу кармаган уз-чебер, өзү да балдарын ошол нукта тарбиялаганга умтулган пакиза адам болгон.

  • Мурда 10 балалуу үй деле кадыресе көрүнүш болсо, азыр беш баланы “көп балалуу” деп атпайбызбы. Негизги эле кыргызда “Балалуу үй – базар” деп өзгөчө маани берип келишкен эмеспи. Биз бир үй-бүлөдө жети бала чоңойдук. Улуу эжем Жумакүл — 10 балалуу баатыр эне. Агам — Турсунов Жаныбек айтылуу “Советтик Кыргызстанды” 25 жыл башкарган адам, аны “легендарлуу редактор” деп да коюшчу. Андан кийинки агам Курманбек – дарыгер, дагы бир агам Өмүрбек – энергетик, Каныбек деген агам экономист эле, анын өмүрү кыска экен, 29 жашында авариядан каза болгон, Сталбек деген агам – электрик. Мен жети баланын эң кенжесимин. Ата-энебиз баарыбызды жогорку билимге ээ кылып, талыбаган эмгекке тарбиялашты. Ал үчүн чексиз ыраазымын,-деп эскерди ал.

Анара Жумалиевнанын Тоң районунун Карл Маркс атындагы айылга келин болуп түшкөн жери да мугалимдик кесипти туу туткан, “кызыл мугалим” десе жарашчудай үй-бүлөгө туш келди. Кайнатасы Асан Жумакеев да, кайненеси Уулбү Кыдыралиева да мугалим эле. Андан тышкары, эки кайын сиңдиси да В.Маяковский атындагы кыз-келиндер институтун кызыл диплом менен аяктаган агартуучулар, экөө тең “Билим берүүнүн отличниги”. Жолдошу Бердалы Жумакеев кесиби боюнча жол куруучу болгон. Ал 1978-жылы Фрунзедеги (азыркы Бишкек) политехникалык институтунун жол куруу бөлүмүн аяктаган. Өмүрүнүн аягына чейин жол курулуш тармагында эмгектенди. Анара Тобокелова өмүрлүк жары кай жерге кызматка которулса, балдарын жетелеп кошо көчүп-конуп, барган жериндеги мектепте же болбосо, пионерлер үйүндө, эң жок дегенде, методист болуп иштеп, эриш-аркак бирге жүрдү.

  • Мен өзүм мугалим болгонума жараша мугалимдерге бүлө болгонума, кайын журтумдун каалоосу боюнча мугалимдик кесипти улантып келатканыма сыймыктанам. Кайнатам учурунда репрессияга туш болуп, акталып келген соң өмүрүнүн аягына чейин мугалим болуп иштеген адам болчу. Кайненем да 39 жыл мугалимдик кесипти аркалады. Учурда кызыбыз Элмира да чоң ата-чоң энелеринин ардактуу жолун жолдоп агартуу тармагында эмгектенет, ал азыр Х.Карасаев атындагы БГУнун англис тили кафедрасын жетектейт. Уулум Азамат кесиби боюнча юрист. Эгиздерим Самат менен Канаттын өмүрү кыска экен, жашоо менен эрте кош айтышып, бизди арманга салып кетти. Турмуш өз нугу менен өтө берет тура, мени алаксытып, алдыга жетелеген неберелерим, анан албетте, сүйгөн кесибим, мектебим, андагы окуучуларым бар. Ушуга каниет, ушуга шүгүр дейм…

Балдарга ата-энеси менен баарлашуу жетишпейт

Анара Жумалиевна айткандай, аны алдыга умтулткан, алаксыткан, жашоонун кызыгын арттырган – бул анын сүйүктүү мектеби. Өмүр сересинен артка кылчайып, басып өткөн жолуна сереп салганда, үй-бүлөсү, туугандары, анан дароо эле окуткан окуучулары көз алдына тартылып, өмүрү текке кетпегенине, ондогон, жүздөгөн бөбөктөргө “а” тамгасын таанытып, эне сүтү менен барабар эне тилин үйрөтүп келатканына ыраазы болот. Балдарына энелик милдети, окуучуларга мугалимдик милдети тууралуу ой жүгүрткөндө, ага дароо эки энеси – өзүнүн апасы жана кайненесинин нускалуу кеп-кеңештери эсине түшөт. Алардын үйрөткөн насаатттары менен үйдө өзүнүн балдарын, мектепте окуучуларды тарбиялап келди.

АГАРТУУ АЙДЫҢЫНДАГЫ АК ЭМГЕК

  • Мектепте мугалим балдарга сабак үйрөткөнү менен убакыттын чектелүүсүнө байланыштуу, көп нерселерди айтып үлгүрбөйт. Балдарды үйдөгү ата-энесиндей эч ким тарбиялай албайт. Ата-энелер да балдары үчүн өз алдынча көптү окуп, көптү билгенге аракеттенүүлөрү керек. Мен жашап, иштеген Дмитриевка айылында көп улуттуу эл жашайт. Орус жана кыргыз улутундагылардан башка дунган, Тажикстандан көчүп келишкен этникалык кыргыздардын балдары билим алышат. Башка улуттун балдарына кыргыз тилин үйрөтүү мурда кыйыныраак эле, акыркы үч-төрт жылдан бери жеңилдеп баратат. Себеби, “Кыргыз тили жөнүндө” мыйзам күчүнө кирип, кыргыз тилин билүү талабы күчөп атпайбы, андыктан, ата-энелер да, балдар да олуттуу мамиле жасап калышты. Бул албетте, бизди кубандырат. Мен кырк жылдан ашуун эмгек тажрыйбамда күбө болгонум – тарбия башаты — үй-бүлөдөн башталат экен. Көпчүлүк ата-эне аны туура түшүнө беришпей, балдарынын сабак бышыктаганына көзөмөл жүргүзбөй, бизден талап кылышат. Өзүм күбө болгон бир окуяны айтайын. 6-класстын бир окуучусу тап-такыр эле үй тапшырмасын аткарбай жүрдү. Чейрек чыгарда, “чейрек бааң начар чыгат, кандай кылалы” десем, ыйлап жиберди. Көрсө, үйүндө үй жумушунан бошобойт экен, короодо малды жайгаштырып бүткүчө эле чарчап уктап калат экен. Үйүндөгү шарттарды түшүндүргөн соң, үй тапшырмаларын сабактан даярдашып жүрдүм. Байкасам, кадыресе жетишип калды. Тил үйрөнүүдө өткөн теманы сүрөт менен коштоп үйрөткөн жугумдуу болот. Анткени башка улуттун балдары үчүн тил үйрөнүү оңой эмес экенин да эсибизден чыгарбашыбыз керек. Кээде бир сөздөргө тилдери келбегенде, ызаланып ыйлап да жиберишет. Андайда биринин маңдайынан сылап, биринин маңкасын аарчып, дагы бирин далысынан таптап, айтор психолог да болууга туура келет,-деп жылмайды Анара Жумалиевна, балдар менен өткөргөн күлкүлүү учурларын эстеп.

“Кыргыз тилин ардактаймын, сүйөмүн…”

Биз башында сөз кылгандай, Анара Жумалиевнанын окуткан окуучулары ушул кезге чейин жылуу мамилесин үзбөй, атайын келишип, кеп-кеңештерин угуп турушат. Кээ бирлери атайын келишип: “Сиздин үйрөткөн билимиңизден кийин биз жогорку окуу жайда көп кыйналган жокпуз” деп ыраазычылыктарын айтып кетишет. Өзүнүн жаш кесиптештери да ага суктаныша: “Анара эже, сиз сабак өтүп жатканда, чымын учканы угулуп турат” деп калышат. Мугалимге мындан артык сый, мындан артык бакыт барбы?!

Анара Тобокелова жарым кылымга жакын агартуучулук жолунда балдарды эне тилин сүйүп-урматтоого үйрөтүп, үйрөтүп гана тим болбостон үндөп, өзү да үлгү болуп келди десек аша чапкандык болбос. Аны тил маселеси дайыма ойлонтуп, толготуп келет. Ошол толгоолорун ыр сабына кошуп, кагазга түшүрүп коет. Анын ырларынан ата-энеге болгон сый-урматын, ардактаган кыргыз тилинин учурдагы абалына түйшөлүүсүн сезесиң.

Кыргыз тилин ардактаймын, cүйөмүн,

Кыргыз тилин кадырлаймын, күйөмүн.

Кайда жүрсөм, мээримиңе жылынып,

Кайда жүрсөм, жүрөгүмдө түнөйсүң…

Мектептеги балдарды эле эмес, улуу муундарды да кыргызча туура сүйлөөгө, тил үчүн күйүүгө үндөп, улуттук каада-салттарды, үрп-адаттарды унуткарбай үйрөтүп, өзү сүйүп-урматтаган мугалимдик кесипти үй-бүлөсүндөгү үчүнчү муунга таберик тутуп, үзбөй улап келаткан элеттик агартуучу Анара Тобокеловадай тил күйөрмандары бар экендигине биз да сыймыктанабыз. Ары түйшүктүү, ары сүйүктүү кесибиңиздин акыбетин татып, арыбаңыз!

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер