АЭУнун окутуучулары эл аралык конференцияда

  • 15.10.2024
  • 0

Өзбекстанда өткөн “Глобалдашуу мезгилинде диаспорологиянын өнүгүшү” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга Ала-Тоо” Эл аралык университетинин окутуучулары онлайн форматта катышты.

АЭУнун окутуучулары эл аралык конференцияда

Конференцияда окутуучулар Мариям Эдилова менен Жылдыз Такенова “Окуу жайларындагы мультикультурализм жана толеранттуулук” (АЭУнун мисалында) баяндамасын окуду.

Ал эми 10-октябрда “Борбордук Азия аялдарынын изилдөө компетенцияларын өнүктүрүүдө гендердик теңчилик принциби” аттуу эл аралык конференцияга  М. Эдилова оффлайн форматта катышып, “Кыргызстан аялдарынын илимий-изилдөө ишмердүүлүгү жөнүндө” баяндамасын окуду. Ошондой эле бул иш-чарада  Замира Камчибекова да “Олимпиада оюндарынын мисалында гендердик теңчилик” баяндамасын сунуштады.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер