“АДЕПТҮҮЛҮКТҮН МЫЙЗАМДАРЫ”

  • 11.03.2023
  • 0

Бишкек шаарындагы №91 жалпы билим берүүчү мектеп-гимназиясынын 10-класстарынын окуучуларына “Адептүүлүктүн мыйзамдары” темасында тарбиялык сааттар өтүлдү. Ага билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Кыялбек Акматов, министрликтин тарбия иштери боюнча секторунун жетектөөчү адиси Индира Токонова, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Айнура Арстанбекова катышты.

 “АДЕПТҮҮЛҮКТҮН МЫЙЗАМДАРЫ”

Тарбиялык сааттардын жүрүшүндө окуучулар топторго бөлүнүп, ар кандай интерактивдүү оюндарды ойноп, суроолорго жооп беришти. Ошондой эле кыргыз кинотасмаларынан үзүндүлөрдү көрүп, кырдаалдарды талдап, адамдагы мыкты сапаттардын асылдыгы боюнча ойлорун айтышты.

Министрдин кеңешчиси Кыялбек Акматов окуучуларга тарбиялык сааттарды өтүп туруу, ата-энелер менен тыгыз иштешүү, биргеликте ар кандай иш-чараларды уюштуруу жемиштүү болорун белгиледи.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер