АДАМДАРГА СУЛУУЛУК, ЖЫЛМАЮУ ТАРТУУЛАГЫМ КЕЛЕТ

  • 25.01.2023
  • 0

Бир кесиптин аркасынан кубалап, анын сырларына кызыгуу, өзүңдүн мүмкүнчүлүктөрүңдү ачуу — билимдин бийик жолдорунун бири деп эсептейм. Пластикалык хирургия да менин тагдырым, кубанычым. Бул тармакта кесиптик билимимди дагы өркүндөтүп, келечекке чоң өнүгүүлөрдү, ачылыштарды жасап берсем деген да изги тилегим бар.

АДАМДАРГА СУЛУУЛУК, ЖЫЛМАЮУ ТАРТУУЛАГЫМ КЕЛЕТ

Мен 1993-жылы Ысык-Көл облусунун, Жети-Өгүз районуна караштуу Мундуз айылында айыл чарбасы менен алектенген жөнөкөй үй-бүлөдө төрөлүп өскөм. Атам айыл чарбасы менен алектенет, апам мугалим. Төрт эркек бир тууганбыз. 8-класска чейин Мундуз айылында окуп, кийин Каракол шаарындагы Ленин орто мектебин бүтүргөм. 2011-жылы  И.Ахунбаева атындагы Медициналык академияга тапшырып, аталган окуу жайды 2017- жылы ийгиликтүү аяктагам. Андан соң пластикалык хирургия бөлүмүнө тапшырып, иштеп келем.

Башында пластикалык хирург болом дегенге ата-энем, бир туугандарым каршы эле.  Бул – биз билбеген нерсе, өтө оор деп жүрүп, кийин көнүштү.

өзүмдү негизи бир аз да болсо  чыгармачылыкка кызыккан инсанмын деп эсептейм. Ошондуктанбы, ушул кесип мага абдан жагат. Адамдардын сулуулугуна сулуулук кошуп, жылмаюу тартуулаган кандай керемет. Бизге бардык жагынан дени сак адамдар келишет. Алардын кичине гана бир нерсени өзгөртүү каалоосу бар.   Ал адам кичинекей чагынан бери ойлонуп, кыжаалат болуп жүргөн жерин өзгөрткөндө, бүткүл ички дүйнөсү өзгөрөт деп ойлойм. Операция жасагандан кийин 1-2 ай өтүп-өтпөй, бейтаптар мага рахматын айтып, жашоосу жеңилдеп, жакшы өзгөрүүлөр болуп жатканын билдиргенде чын дилимден сүйүнөм.

Биздин өлкөдө эң көп жасалган операция – бул блефаропластика (сурма, кош кат чыгаруу).  Биз мурун, кулак, беттеги бырыштарды да алабыз. Мындан  башка да көптөгөн операциялар жасалат.

Бул кесип   Кыргызстанда жаңыдан өнүгүп келе жатат. Бизге окшогон хирургдар бул тармакта талыкпай эмгектенип, изденишүүдө. Азыркы учурда башка мамлекеттерге тынбай окууларга барып, тажрыйба алмашып, үйрөнүүнүн үстүндөбүз. Окуп, изденип турсаң гана чоң натыйжаларга жетишет эмессиңби.  Кыргыз медицинасын дүйнөлүк деңгээлге жеткирүүгө зор аракет кылып жаткан бардык кесиптештериме ийгилик каалап кетмекчимин. Буюрса, алдыда чоң-чоң пландар көп. Талыкпай эмгектенүү гана керек.

Урмат Алыбаев,  пластикалык хирург

Бөлүшүү

Комментарийлер