АБИТУРИЕНТТЕР ҮЧҮН ЭСКЕРТКИЧ

  • 02.06.2021
  • 0

Абитуриенттин колуна Жалпы республикалык тестте негизги жана предметтик тесттер боюнча алган баллдары көрсөтүлгөн сертификат берилет.

ЖРТнын сертификаттары абитуриент аяктаган мектептин категориясына жараша ар кандай түстөргө ээ болот: кызыл түс – Бишкек шаарындагы мектептер, көк түс – кичи шаарлардагы жана облустук борборлордогу мектептер, сары түс – айылдагы мектептер, кызгылт көк түс – бийик тоолуу зоналарда жайгашкан мектептер. Сертификат быйылкы жылы гана жарактуу. Абитуриент Жалпы республикалык тестти мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөнгө чейин тапшырса, жыйынтыгы 3 жыл бою жарактуу болот.

Жогорку окуу жайларга тапшыруу конкурсу кандай өткөрүлөт?

Конкурска катышуу үчүн абитуриент www.2020.edu.gov.kg сайтындагы «Абитуриент online» автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары АМС) аркылуу арыз бериши керек.

Конкурска катышуу үчүн негизги тест боюнча босого баллдан (босого балл КР Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен белгиленет) жогорку балл алган абитуриенттер гана каттала алышат. Тиешелүү предметтик тесттин жыйынтыктарына ээ болгон абитуриенттер негизги жана кошумча предметтик тесттердин баллынын суммасы боюнча конкурска катышат жана кабыл алууда артыкчылык укугуна ээ болушат. Медициналык адистиктер үчүн өзгөчөлүк бар: аларга тапшыруу үчүн негизги тест (босого балл жана андан жогорку балл) жана химия, биология боюнча предметтик тесттер (ар бир предмет боюнча босого балл жана андан жогорку балл) милдеттүү болуп саналат.

Гранттык орундар боюнча конкурс абитуриенттердин социалдык категорияларын эске алуу менен өзүнчө өткөрүлөт.

Кыргыз улуттук консерваториясынын, Улуттук көркөм-сүрөт академиясынын, Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жана Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын адистиктерине кабыл алууда ЖРТнын жыйынтыгы милдеттүү эмес, конкурс ЖОЖдордун өздөрүнүн кирүү сынактарынын жыйынтыктары боюнча өткөрүлөт. ИИМ Академиясынын, КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун, Борбордук  Азиядагы Америка университетинин, Борбордук Азиядагы университетинин адистиктери жана  кошумча сынактарды талап кылган адистиктер жана багыттар боюнча конкурска ЖРТны да, аталган ЖОЖдордун кошумча сынактарын да ийгиликтүү тапшырган абитуриенттер катыша алышат.

Абитуриенттерди максаттуу кабыл алуу

Максаттуу орундар үчүн конкурска катышуу мүмкүнчүлүгүнө ЖРТ боюнча босого баллдан жогорку балл алган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан жолдомосу бар абитуриенттер ээ болушат. Жолдомо берген органдар максаттуу кабыл алуунун негизинде окуган бүтүрүүчүнү ишке орноштурууга милдеттеме алышат.

Кабыл алуу процедурасы үч турдан турат. Конкурс аркылуу кабыл алуунун эрежелери бардык турларда бирдей.

Кабыл алуу конкурсу 2021-жылдын 12-июлунда башталат. Билдирме берүү 14-июлда саат 14:00дө аяктайт. 15-июлда саат 10:00гө чейин АМСке кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси чыгарылат. Конкурстан өткөн абитуриент үч күндүк мөөнөттө (17-июлда 17:00гө чейин) аталган адистик боюнча окуй тургандыгын тастыкташы керек, тастыкталбаган учурда анын орду бош деп эсептелет. Тастыктоо үчүн абитуриент АМСке электрондук түрдө төмөндөгү документтерди тиркеши керек: паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк; орто жалпы билими жөнүндө аттестат же орто кесиптик билими жөнүндө диплом; ЖРТнын сертификатынын алдынкы бети; окуу үчүн төлөм жөнүндө дүмүрчөк (келишимдик негизде кабыл алынган учурда). Аталган документтердин түп нускаларын окуу жылынын башында жогорку окуу жайына алып баруу керек.

Эгерде абитуриент гранттык орунга да, келишимдик негиздеги окууга да сунушталган болсо, ал бирөөнү гана тандап, тастыктай алат.

Бош орундар болгон учурда 2-тур өткөрүлөт (19–24-июль күндөрү) жана Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен 3-тур (26–31-июль күндөрү) өткөрүлөт.

Окууга кабыл алынган абитуриенттердин тизмеси ЖРТдан алган баллдарды тастыктоо үчүн Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборуна (ББОУБ) берилет. Күндүзгү келишимдик негизде окууга кабыл алуу турларын өткөрүүнүн мөөнөттөрү гранттык негизде окууга кабыл алуунун мөөнөттөрү менен бирдей. Окутуунун башка түрлөрүнө кабыл алуунун мөөнөттөрү ЖОЖ тарабынан белгиленет. Окутуунун келишимдик формасына кабыл алууда абитуриенттердин категориялары эске алынбайт.

Сынактан өтүү үчүн кантип катталуу керек?

Катталуу үчүн абитуриент АМСтеги жеке кабинетине кирип, өзү каалаган адистикти жана жогорку окуу жайды тандашы керек.

Сынактын ар бир турунда гранттык же келишимдик негизде окууга өтүү үчүн бирден гана билдирме берилет.

Жеңилдиктерге ээ болгон абитуриенттер катталуу учурунда тиешелүү тастыктоочу документтерди (жеңилдик берилүүчү категориялардын жана керектүү документтердин тизмеси АМСке жайгаштырылган) электрондук түрдө бериши керек. Абитуриент АМСтен конкурстун жүрүшүнө онлайн режимде байкоо жүргүзүп, абитуриенттердин рейтинг тизмесинен өз ордун көрө алат.

Эгерде нааразычылык болсо, кайда кайрылуу керек?

Кабыл алуу процедурасы бузулган учурда абитуриент АМСтеги жеке кабинети аркылуу арыз бере алат.

КР БИМдин басма сөз кызматы

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер