45 БАЙКООЧУ-КОДЕРЛЕР ОКУУ ПРОЦЕССИН БААЛОО КУРАЛЫ МЕНЕН ИШТӨӨГӨ ОКУТУЛДУ

  • 23.03.2023
  • 0

45 кодер 3 күндүк тренингде “Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү” инструментин колдонуу учурунда педагогдорго байкоо жүргүзүү боюнча окутуудан өттү.

45 БАЙКООЧУ-КОДЕРЛЕР ОКУУ ПРОЦЕССИН БААЛОО КУРАЛЫ МЕНЕН ИШТӨӨГӨ ОКУТУЛДУ

Тренингде катышуучулар инструментти колдонуу менен баалоонун мазмуну, максаттары, методологиясы, критерийлери жана көрсөткүчтөрү менен таанышты.

Байкоочу-кодерлер – педагогикалык билими, мектепте иштөө жана баалоо боюнча тажрыйбасы бар педагогдор. Алар республика боюнча  атайын критерийлердин негизинде тандалып алынган.

 “Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү” (ББПБЖ) каражаты — сабактын жүрүшүндө мугалимдин да, окуучулардын да окуу чөйрөсүнө жана иш-аракеттерине байкоо салуунун негизинде түзүлгөн окутуу процессин комплекстүү баалоо куралы.

 Каражатты колдонуу менен негизги изилдөө 2024-жылдын ноябрь айында өткөрүлөт.

Инструмент Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында иштелип чыкты.

45 БАЙКООЧУ-КОДЕРЛЕР ОКУУ ПРОЦЕССИН БААЛОО КУРАЛЫ МЕНЕН ИШТӨӨГӨ ОКУТУЛДУ

45 БАЙКООЧУ-КОДЕРЛЕР ОКУУ ПРОЦЕССИН БААЛОО КУРАЛЫ МЕНЕН ИШТӨӨГӨ ОКУТУЛДУ

Бөлүшүү

Комментарийлер