40 МУГАЛИМ ОНЛАЙН ОКУТУУ БОЮНЧА БИЛИМИН ЖОГОРУЛАТТЫ

  • 04.06.2020
  • 0

26-30-май күндөрү Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Каракол, Талас, Баткен жана Өзгөндөгү 40 пилоттук мектептин мугалимдери вебинарга катышты. Алар курсту башкаруу системалары (Google Classroom), онлайн-жолугушуу жана вебинарларды өткөрүү үчүн инструменттер (Zoom, Google Meets, Jitsi, Skype, BigBlueButton), презентация жасай турган программаларды (Power Point, Google Presentation, Prezi), видеоматериалдарды жаздыруу жана монтаждоону (ScreenCast O-Matic, OBS Studio) жана  Youtube менен иштөөнү үйрөнүштү.

40 МУГАЛИМ ОНЛАЙН ОКУТУУ БОЮНЧА БИЛИМИН ЖОГОРУЛАТТЫ

«Вебинар аябай кызыктуу, пайдалуу болду. Алгач жөнөкөй каражаттардан баштадык, мурда колдонуп жүргөн инструменттерди тереңирээк үйрөндүк.  OBS жана Openshor деген сапаттуу программаларды билип алдым, кийин аларды колдоном. Сабактарды иштеп чыгууда эми биз алдыда болобуз деп ойлойм. Заман агымы менен тең жүрүп жатканыбыз эң жакшы. Биз үчүн ушундай пайдалуу вебинарды уюштурган долбоорго, кесипкөй устаттарга ыраазылык билдирем»,  — деди Бишкек шаарындагы №24 мектептин англис тили мугалими Кализат Кален кызы.

Ар бир блоктон кийин вебинар катышуучулары практикалык тапшырмаларды аткарып, өздөрү иштеп чыккан видеосабактарын, музыкалаштырылган презентацияларын, шилтеме, дизайндарын көрсөтө алышты.

«Маалыматты аз-аздан бөлүп беришкени мага жакты, анткени бардык эле мугалимдердин үйүндө компьютер жок. Маалыматты сапаттуу өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк болду»,  — деди Караколдогу №1 мектептин технология мугалими Алмаз Турдакунов.

Онлайн инструменттер менен иштөө боюнча пайдалуу билимге ээ болгон катышуучулар эми долбоор алкагында кесипке багыттоочу кызыктуу видеосабактарды иштеп чыга алышат.

Вебинарлар Кыргызстандагы 8 шаардагы 24 мектепте кесипке багыт берүү системасын калыптандырууга багытталган долбоордун алкагында уюштурулду. «Иш менен камсыздоого  жана кесиптик окутууга көмөк көрсөтүү» деп аталган кыргыз-герман долбоорун Германиянын өкмөтүнүн тапшырмасы менен Германиянын эл аралык кызматташтык коому (GIZ) ишке ашырууда.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер