№32 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ

  • 06.08.2019
  • 0

№32 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ

Окуу жайдын таржымалы

Аталган окуу жай 1975-жылы уюшулган. Уюшулган күндөн бери окуу жайы айыл чарбасына керектүү ар кандай адистиктеги 10000 ден ашык адисти даярдап чыгарган.

Лицейде 8 окуу кабинети, 1 электр-газ менен иштөөчү усулкана, 1 жыгач уста усулканасы, 2  тигүүчү өндүрүштүк усулканасы, 1 компьютердик кабинет бар. Окуу кабинеттери талапка ылайык эстетикалык деңгээлде окуу куралдары, макеттер, көрсөтмө куралдар жана окутуунун техникалык каражаттары менен жабдылган. Китепкана жетиштүү сандагы керектүү китептер менен камсыз кыла алат.

Өндүрүштүк окууларды жана практикаларды өткөрүү үчүн да жетишээрлик шарттар түзүлгөн.

Көңүл бурууга арзый турган маалыматтар: окуу жайда кыргыз, кесиптик билим берүүнүн алдыңкы адистери кызмат кылышат. Окуу жайдын жамааты өнөктөштөрүнүн көмөгү менен ар кыл адистиктеги жана окутуу методологиясындагы билимин жогорулатуу окуу программаларына азыркы күнгө чейин жигердүү катышып келишет. Замандын өнүгүүсүнө шайкеш келген жана учурдагы базар экономикасынын талабына ылайык башкаруу жаатындагы окуу-программаларга окуу жайдын администрациясы дилгирлик менен иш жүргүзүүдө.

Лицейдин окуу чарбасы бар. Окуу чарбасында кой, эчки багылат. Малдарды дарылоочу жай уюштурулган. Техникалардын жалпы жыйындысы механикалык парк уюшулган. Автомобилдерди айдап сынатуу үчүн автодром түзүлгөн.

Кесиптик билим берүүнү танда.

2019-2020-окуу жылына карата Кесиптик лицейге төмөндөгү кесиптер боюнча кабыл алуу жарыяланат.

-«Тигүүчү» окуу мөөнөтү 10 ай

-«Электр-газ менен ширетүүчү» окуу мөөнөтү 10 ай

-«Айыл өндүрүштүн устаты» А,В,Г категориясындагы тракторист –машинист, окуу мөөнөтү 10 ай.

-«Мал чарбасынын устаты» жаныбарларды ветеринардык жактан кароо боюнча оператор, окуу мөөнөтү 10 ай

-«Ашпозчу» окуу мөөнөтү 10 ай

-«Автомеханик» окуу мөөнөтү 10 ай

Кесиптик окуу жайдан сиздер кесип алгандан кийин, ишке орношууга, татыктуу айлык алууга жшана кесипкөйчүлүгүңөрдү өркүндөтүү мүмкүнчүлүнө ээ болосуздар. Ошондой эле андан ары окууңарды улантууга дагы жолдоруңар ачык болот.

Сенин келечегиң сенин колуңда!

Талап кылынган документтер:

-Кыргыз Республикасынын жарандыгын күбөлөй турган документ (паспорт, метрика)

-Медициналык справка (Форма -086)

-Айыл өкмөттөрүнөн справка

-3х4 өлчөмүндөгү сүрөт

-Билими тууралуу документ (аттестат же күбөлүк)

-Директордун наамына арыз

Бөлүшүү

Комментарийлер