КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ атындагы ЫСЫК-КӨЛ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ 2020-2021- ОКУУ ЖЫЛЫНА АБИТУРИЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУНУ ЖАРЫЯЛАЙТ

  • 15.06.2020
  • 0

Урматтуу бүтүрүүчүлөр! Кымбаттуу абитуриенттер!

КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ атындагы ЫСЫК-КӨЛ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ 2020-2021- ОКУУ ЖЫЛЫНА АБИТУРИЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУНУ ЖАРЫЯЛАЙТ

Абдылдаев Курманбек Кыянович, К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору

Сиздерге келечек үчүн кам көрүп, адистик тандоо учурунда ийгилик жана ак жол каалайм. Мындан он кылым мурун жашап өткөн улуу инсан Жусуп Баласагын: «Жетишип миң – миңдеген ачылышка, сага даңк, илим күчү – урмат сага!» — деп бекер жерден айтпаган чыгар. Анын сыңарындай, адистик алуу үчүн илим-билимге умтулуу ар адамдын ыйык парызы эмеспи. «Ар бир кесип ардактуу» дегендей, элдин керегине жарап, коомдо өз ордуңарды таап, бактылуу жашоо үчүн өз көңүлүңүздөргө жаккан кесипти тандап, турмуштагы жолуңар шыдыр болсун.

Касиеттүү Ысык-Көл кылаасында жайгашкан 80 жылдык бай тарыхы бар Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетине тапшырып, татыктуу билим алыңыздар!

 

 

КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ атындагы ЫСЫК-КӨЛ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

2020-2021- ОКУУ ЖЫЛЫНА АБИТУРИЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУНУ ЖАРЫЯЛАЙТ

КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ атындагы ЫСЫК-КӨЛ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ 2020-2021- ОКУУ ЖЫЛЫНА АБИТУРИЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУНУ ЖАРЫЯЛАЙТ

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети – аймактагы алдыңкы жогорку окуу жайы.

Ысык-Көл мамлекеттик университетине 1992-жылы Касым Тыныстановдун аты берилген. К.Тыныстанов Ысык-Көлдө төрөлүп, Караколдо орус-тузем мектебинде окуган. Кыргыз поэзиясын, драматургиясын жана журналистикасын түптөгөндөрдүн бири. Кыргыз тил илимин негиздөөчү, Орто Азиядагы жана Казакстандагы алгачкы “Кызыл профессор”.

Университеттин курамына 6 факультет, 1 үзгүлтүксүз билим берүү борбору, 1 колледж, 1 техникум кирет. Алар:

  1. Экономика жана туризм факультети;
  2. Кыргыз филология, тарых, педагогика жана искусство факультети;
  3. Математика жана информациялык технологиялар факультети;
  4. Физика-техникалык факультет;
  5. Табигый илимдер жана дене тарбия факультети;
  6. Орус филологиясы жана чет тилдер факультети;
  7. Үзгүлтүксүз билим берүү борбору;
  8. К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжи;
  9. К.Каракеев атындагы айыл-чарба техникуму.

Ысык-Көл мамлекеттик университети бай тарыхка ээ.

Университет 23 багыттын (35 профили) боюнча бакалаврларды жана ошондой эле 4 багыт (5 профиль) боюнча магистрлерди даярдайт.

Окуу процессин 18 кафедра жүргүзүп, жалпысынан 80 ден ашык илимдин докторлору, профессорлор, кандидаттар эмгектенет.

Билим берүү 5 окуу корпусунда жүргүзүлүп, аларда 73 окуу аудиториясы, 30 окуу-методикалык кабинет, 10 лекциялык зал, 24 компьютердик жана мультимедиялык класс, 10 лабораториялык кабинет, 6 тематикалык борбор жана E-learning студиясы бар.

Университеттин илимий китепканасы аймактагы эле эмес республикабыздагы эң бай китепкана болуп эсептелет. Анын окуу, илимий, илимий-методикалык жана сурап билүү адабияттарынын фонду 446473 экземплярдан ашуун. Мындан тышкары окуу жайыбыз талапка ылайык деңгээлдеги материалдык-техникалык базага ээ.

Окутуу бюджеттик жана контракттык негизде жүргүзүлөт.

Окууда жана коомдук иштерде мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон студенттерге Президенттин, губернатордун, ректордун жана бириккен профсоюздар комитетинин стипендиялары ыйгарылат.

Муктаж болгон студенттер жатакана менен камсыз болот. ЫМУнун Окумуштуулар кеңешинин токтомуна ылайык, томолой жетим жана I, II топтогу майып студенттерге жатаканада акысыз жашоого мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.

ЫМУда бардык студенттер Интернет менен иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ. Университеттин студенттери Эл аралык студенттик конференцияларга, көргөзмөлөргө, кароо-сынактарга, олимпиадаларга, мелдештерге жигердүү катышат.

Студенттердин бош убактысын максаттуу пайдаланууну уюштуруу үчүн «Толкун» маданий-эстетикалык борбору иштейт. Анда студенттик «Жалын» театры, комузчулар ансамбли, бий, акындык өнөр, гитаристтердин, вокалдык жана эстрада музыкаларынын студиялары, КВН, дебат жана этикет боюнча ийримдери иш алып барат. Мындан сырткары футбол, тогуз коргоол, баскетбол, дзю-до, эркин күрөш, жеңил атлетика, шахмат, волейбол, бокс, теннис ж.б. спорттук секцияларда машыгуулар жүргүзүлүп, мелдештер өткөрүлүп турат. Спорттук зал фитнестик машыгуу үчүн заманбап жабдуулары менен жабдылган.

Студенттик союз студенттердин өзүн-өзү башкаруу органы болуу менен, юридикалык тарап катары өзүнүн Уставына ээ.

Университетте Үзгүлтүксүз билим берүү борбору, Туристтик маалымат борбору, Мамлекеттик тил борбору, «Конфуций» кытай тили борбору, Кыргыз-араб маданий борбору, Орус тилин окутуу борбору ийгиликтүү иштеп жатышат.

ЫМУнун студенттери эл аралык академиялык мобилдүүлүк программаларына катышууга мүмкүнчүлүктөрү бар. ТЕМПУС жана Эрасмус + долбоорлору боюнча республикада алдынкы орунду ээлейт. ЫМУ 80ден ашык келишимдер менен иш алып барат.

Абитуриенттерди кабыл алуу төмөндөгү бакалавр багыттары боюнча жүргүзүлөт:

күндүзгү бөлүмү боюнча: (бюджет, контракт) (окуу мөөнөтү –4 жыл):
сырттан окуу бөлүмү боюнча (контракт) (окуу мөөнөтү – 5 жыл)

550200 – Физика-математикалык билим берүү

  • «Математика» (бюджет, контракт)
  • «Информатика» (бюджет, контракт)
  • «Физика» (бюджет, контракт)

710100 – Информатика жана эсептөө техникасы

  • «Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программа менен камсыздоо» (контракт)
  • Саламаттык сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия
  • «Саламаттык сактоодогу информатика» (контракт)

550400 – Социалдык-экономикалык билим берүү

  • «Тарых» (контракт)

600200 – Туризм

  • «Туризмдеги мамлекеттик жана укуктук кызматтардын технологиясы жана уюштуруусу» (контракт)
  • «Туризмдин туруктуу өнүгүүсү» (контракт)

670300- Транспорттук процесстердин технологиясы

  • «Уюштуруу жана кыймыл коопсуздугу» (контракт)

640200 – Электроэнергетика жана электротехника

  • «Электр энергиясы менен камсыздоо» (контракт)

670200 – Транспорттук — технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо

  • «Транспорттук-технологиялык машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана тейлөө» (контракт)

550800 – Кесиптик билим берүү

  • «Агробизнестеги техникалык системалар» (бюджет, контракт)

550300 – Филологиялык билим берүү

  • «Кыргыз тили жана адабияты» (бюджет, контракт)
  • «Орус тили жана адабияты» (бюджет, контракт)
  • «Чет тили» (англис, немец, француз) (бюджет, контракт)

550600 – Көркөмдүк билим берүү

  • «Көркөм сүрөт искусствосу» (бюджет, контракт)

550100 – Табигый-илимий билим берүү

  • «Химия» (бюджет, контракт)
  • «Биология» (бюджет, контракт)
  • «География» (бюджет, контракт)

520800 – Жаратылышты колдонуу жана экология

  • «Жаратылышты колдонуу жана экология» (контракт)

730100 – Токой иштери жана ландшафттык курулуш

  • «Токой иштери жана ландшафттык курулуш» (контракт)

550700 – Педагогика

  • «Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы» (бюджет, контракт)
  • «Мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы» (контракт)
  • «Социалдык педагогика» (контракт)

532000 – Дене тарбия

  • «Дене тарбия» (бюджет, контракт)

580100 – Экономика

  • «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит» (контракт)
  • «Каржы жана насыя» (контракт)
  • «Салык жана салык салуу» (контракт)

720200 — Биотехнология

  • «Биотехнология» (контракт)

710300 – Колдонмо информатика

  • «Колдонмо информатика» (контракт)

510200 — Колдонмо математика жана информатика

  • Колдонмо математика жана информатика (контракт)

531100 — Лингвистика

  • «Котормо жана котормону таануу» (контракт)

(англис тили, немец тили, орус тили, түрк тили, кытай тили)

540200- Социалдык иш

  • Социалдык иш (контракт)

650400 – Технологиялык машиналар жана жабдуулар

  • «Тоо өндүрүшүндөгү транспорттук системалар», (ачык түрдөгү тоо иштери) (контракт)

К.Тыныстанов атындагы ЫМУда магистрдик билим берүү багыты боюнча төмөнкү адистиктер боюнча кабыл алуу жүргүүзүлөт:

(окутуунун нормативдик мөөнөтү 2 жыл.):

550200 – Физика-математикалык билим берүү:

а) Математика;

б) Физика

550800 – Кесиптик билим берүү.

а) Агробизнестеги техникалык системалар

550300 – Филологиялык билим берүү:          

а) Кыргыз тили жана адабияты;

550700 – Педагогика.

а) Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн усулу.

 К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжи

2020-2021-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу күндүзгү окуу (9, 11-класс ) жана сырттан окуу (11-класс) боюнча төмөндөгү адистиктер боюнча жүргүзүлөт:

  1. Экономика жана бухгалтердик эсеп-кысап (тармактар боюнча) (күндүзгү, сырттан окуу)
  2. Каржы (тармактар боюнча) (күндүзгү, сырттан окуу)
  3. Банк иши (күндүзгү, сырттан окуу)
  4. Салык жана салык салуу (күндүзгү, сырттан окуу)
  5. Менеджмент (тармактар боюнча) (күндүзгү)
  6. Маркетинг (тармактар боюнча) (күндүзгү)
  7. Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо (күндүзгү, сырттан окуу)
  8. Унаада ташууларды уюштуруу жана башкаруу (күндүзгү, сырттан окуу)
  9. Электр менен жабдуу (тармактар боюнча) (күндүзгү, сырттан окуу)
  10. Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникасын программалык камсыздоо (күндүзгү, сырттан окуу)
  11. Эсептөө техникасынын каражаттарын техникалык тейлөө жана компьютердик тармактар (күндүзгү)
  12. Башкарууну документтик камсыздоо жана архив таануу (күндүзгү)
  13. Социалдык иш (күндүзгү)
  14. Дизайн: а) графикалык дизайн (күндүзгү) б) кийимдердин дизайны (күндүзгү)
  15. Туризм (күндүзгү, сырттан окуу)
  16. Бак-парктык жана ландшафттык курулуш (күндүзгү)
  17. Башталгыч класстарда окутуу (күндүзгү, сырттан окуу)
  18. Мектепке чейинки билим берүү (күндүзгү)
  19. Чет тили (башталгыч класстарда чет тили мугалими) (күндүзгү)

КР Билим берүү министрлигинин 17.06.2014 №451/1 буйругу менен Ысык-Көл айыл-чарба техникуму ЫМУнун курамына кирген.

Техникум төмөнкү багыттар боюнча адистерди даярдайт:

  1. Ветеринария (күндүзгү) 9-11 кл.
  2. Ихтиология жана балык чарбачылыгы (күндүзгү) 9-11 кл.
  3. Агрономия (күндүзгү) 9-11 кл.

11 кл. базасында окуу мөөнөтү (1 жыл 10 ай), сырттан окуу (2 жыл 4 ай), 9 кл. (2 жыл 10 ай). Колледжде окутуу контракттык негизде жүргүзүлөт. Колледжге кабыл алууну сынактык компьютердик тестирлөөдөн университет өзщ өткөзөт.

Кыска мөөнөттөгү курстар

  • Тилдерди окутуу курстары (кыргыз, орус, англис, немис).
  • “В” жана “ВС” категориясындагы айдоочуларды даярдоо курсу.
  • 1 С бухгалтериялык курсу.

 2020-2021 окуу жылына бюджеттик жана контракттык негизде окууга кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча гана жүргүзүлөт.

Үстүбүздөгү жылда эл аралык жана республикалык олимпиадаларда I орунду алган абитуриенттер конкурссуз кабыл алынат.

Ошондой эле кирүү сыноолорунда зарыл болгон балл топтой алган төмөнкү абитуриенттер конкурссуз кабыл алынат: Запаска бошотулган аскер кызматчылары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каралган жеңилдиктерге ээ болгондор.

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети жогорудагы багыттары боюнча окутууну жүргүзүү үчүн лицензияларга жана сертификаттарга ээ.
 Кабыл алуу комиссиясына төмөндөгү документтер тапшырылат:
  • окутуунун формасы жана адистик так көрсөтүлүү менен белгиленген форма боюнча ректордун наамына жазылган арыз;
  • орто, кесиптик орто же жогорку билими тууралуу документ (түп нускасы);
  • 3 х 4 өлчөмүндөгү 6 фотосүрөт;
  • медициналык маалым кат (форма 086-у);
  • паспорт жана аскерге милдеттүүлүгү тууралуу күбөлүк.

 

Документтер 2020-жылдын 1-июлунан баштап кабыл алынат.

Биздин университетке кош келиңиздер!

Кабыл алуу комиссиясынын дареги:

722360, Каракол шаары, Тыныстанов көчөсү, 32

Тел.: (3922) 52599, 51612, 50123.

Факс: (3922) 50498 моб. 0708584013, 0558584013

E-mail: [email protected]

www.iksu.kg, facebook: ИГУ им. К.Тыныстанова

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер