ИЗИЛДӨӨ АДЕБИ ДЕГЕН ЭМНЕ

  • 12.06.2020
  • 0

ИЗИЛДӨӨ АДЕБИ ДЕГЕН ЭМНЕ

Онлайн университеттин Илимий изилдөөлөр лабораториясынын кезектеги вебинары «Изилдөө этикасы» темасында бүгүн, 12-июнда саат 17.00дө болот.

“Изилдөө этикасы» же » изилдөө адеби” боюнча жобо адам укугун одоно бузган жана адамдардын өмүрүн алган биомедициналык изилдөөлөрдөн кийин кабыл алынган. Ошондон бери коомдук илимдерде да кеңири колдонулуп, изилдөөдө адамга зыян келтирүүгө жол бербөө максатын көздөп келет. Бул вебинарда изилдөөчүнүн илим алдында жана маалымат алуучулар алдындагы жоопкерчилиги, изилдөө этикасынын эрежелери жана аларды сактоо жолдору баяндалат. Чет элдик изилдөөлөрдөгү тажрыйбалар бөлүшүлүп, изилдөө этикасынын эрежелерин Кыргызстанда системалуу киргизип, жайылтуу керектиги кеңири талкууланат.

Вебинардын спикерлери:

ИЗИЛДӨӨ АДЕБИ ДЕГЕН ЭМНЕ

Бактыгүл ТУЛЕБАЕВА – Германиянын Франкфурт шаарындагы Гёте университетинин Антропология факультетинин окутуучусу жана изилдөөчүсү.

Докторлук ишин Кыргызстандагы балдар тууралуу жазып, аны аталган университетте 2017-жылы ийгиликтүү жактаган. Коомдук антропологияда мастерс даражасын 2009-жылы Улуу Британиядагы Эдинбург университетинен алган. Борбордук Азиядагы Америка университетинин Антропология бөлүмүн 2005-жылы бүтүрүп чыккан.

Дүйшөн Алиевич ШАМАТОВ Назарбаев Университетинин Жогорку билим берүү мектебинде иштейт.

Ал докторлук даражасын 2005-жылы Канададагы Торонто университетинин Онтарио билим берүүнү изилдөө институтунан алган. Докторлук диссертациясын «Кыргызстандагы жаш мугалимдердин кесиптик социалдашуусу: кыйынчылыктарды жеңүү стратегиялары» деген темада жактаган.

Дүйшөн — бир катар рецензияланган журналдарда жарыяланган макалалардын автору. Ал Кыргызстандан башка, Пакистан, Тажикстан, Казакстан жана Йеменде билим берүү системасында изилдөө жүргүзгөн.

Вебинардын шилтемеси:

https://zoom.us/j/94717683039?pwd=V0dqS1BLT3FBYm9YTEV2VlVpQXJBdz09

Конференциянын идентификатору: 947 1768 3039
Паролу: 847771

Бөлүшүү

Комментарийлер