23-АПРЕЛЬ — БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КИТЕП ЖАНА АВТОРДУК УКУК КҮНҮ

  • 23.04.2024
  • 0

23-АПРЕЛЬ — БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КИТЕП ЖАНА АВТОРДУК УКУК КҮНҮ1995-жылы ЮНЕСКОнун резолюциясынын негизинде 23-апрель “Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү” деп жарыяланган.

Кыргыз Өкмөтү 2002-жылдагы токтому менен өлкөдө Китеп күнүн бекиткен.

Бул күн дүйнөлүк адабият менен маданияттын көч башында турган Сервантес, Шекспир жана Инка Гарсилио де ла Вега сыяктуу классиктердин көзү өткөн күнү.

Бул күнгө карата Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы аянтта  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте, Мамлекеттик китеп палатасы, Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасы  жана ЮСАИДдин колдоосу астында атайын иш-чара өткөрүлдү. Анын алкагында китеп окуу, балдарды китеп окууга кызыктыруу жаатында ар кандай аянтчалар уюштурулуп, китеп жармаңкеси да болду.

23-АПРЕЛЬ — БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КИТЕП ЖАНА АВТОРДУК УКУК КҮНҮ-Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнүн жана жарманкенин  максаты шаар тургундарын, жаштарды жаңы китептер менен тааныштыруу, жылдын мыкты китептерин аныктап, басмаканалардын ишмердүүлүгүн баалоо -дейт Мамлекеттик китеп палатасынын жетекчиси Койчуман Момункулов . -Китеп майрамын ар жыл сайын өткөрүүнү салтка айланып калды. Азыр эми жаштардын кызыгуусу көбүрөөк интернетке ооп жатканын байкап жатабыз. Быйыл дагы Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы аянтта өткөрүп, жалпы шаардыктардын көңүлүн буруп, өзүбүзгө тартып, жаңы китептерге болгон кызыгуусун жанадандыралы дедик.

Китеп жарманкесине келгендердин саны жана  мектеп окуучулары өтө көп болду. Негизинен орто жана жогорку муундагы кишилер көп. Арасында Кыргыз эл жазуучулары Асан Жакшылыков, Кален Сыдыкова, Кыргыз эл акындары Шайлообек Дүйшеев,Кыялбек Урмамбетов, Маркабай Ааматов, Жедигер Саалаев, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер Ысмайыл Кадыров, Эсентур Кылычев, Кемел Белеков, Болот Жумабаев жана башкалар болушту.

-Коом өзгөрдү, адамдардагы баалуулуктар өзгөрдү деп, мен китептин окулбай калган себептерин ушуга байланыштырып жүрдүм эле-деди Таластан келген журналист Жакып Төлөгөнов. -Көрсө, ошол китеп көп окулган доордогу маалымат алуунун негизги эле булагы бул китеп болгон экен. Жалпыга маалымдоо каражаттары деле идеологиядан бир карыш чыга албай, тыюу салынган нерселер көп болгон. Азыр эми жаштар каалагандай маалыматты оңой жол менен алып жатышат. Эмне деген көркөм тасмаларды көрүп жатабыз. Эмне деген маалыматтарды кенен кесири таап окуп жатабыз. Бирок, канткен күндө да китеп окуунун өзүнун өзгөчөлүгү, ырахаты бар. Китептин баалуулугу кишинин жандүйнөсүн, дүйнө таанымын өзгөрткөн, тарбиялаган артыкчылыгы бар.

23-АПРЕЛЬ — БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КИТЕП ЖАНА АВТОРДУК УКУК КҮНҮПрофессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин башталгыч класстар мугалими, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалим Гүлүмкан Асанкадырова: -Бизде бүгүнкү күндө балдар адабияты дээрлик жок. Коммерциялык максатта эле ушуну чыгарып койсок ата-энелер алат деген анда санда чыгып жаткан китептер көп. Дүйнө элдеринин баарында балдар фольклору деген бар. Мыкты жомоктор бар. Ошолорду кыргыз тилине которуп чыгарсак, балдар кичинесинен эле дүйнө элдеринин маданиятынан кабардар болуп жатат. Өздөрү кызыккан нерселерди китептен таап жатпайбы. Кайсыл улуттан, кайсыл аймактан болбосун балдардын баары окшош, алар бирдей. Ошондуктан мен бүгүн окуучуларымды китепке кызыктыруу үчүн атайын бул иш-чарага алып келдим, -дейт.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасы Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү майрамынын алкагында «Китеп исскуствосу» улуттук конкурсунун жыйынтыгын да чыгарып, сыйлыктарды тапшырды.  Конкурска республиканын 9 басма ишканаларынан 40тан ашык басма продукциялары сунушталган. Конкурстун калыстар тобу алардын ичинен төмөндөгү басылмаларды жеңүүчү деп тапты:

“Менин өлкөм” номинациясы боюнча – Гзавье Аллездин “Француз менен кыргыздын өзгөчө жолугушуусу – Алай. 1906-жыл” китеби үчүн “Улуу тоолор” басмасы;

“Жеткинчек” номинациясы боюнча – Бекбоева Айдайдын “Момпосуй” китеби үчүн “КутБер” басмасы;

 “Мурас” номинациясы боюнча – Р.Сарыпбековдун “Эр Төштүк” китеби үчүн “Турар” басмасы;

“Замандаш” номинациясы боюнча – Сүйүмбек Касманбетовдун “Жол санат”, “Ой санат” жана “Нарк куржун” китептери үчүн “КутБер” басмасы;

“Илим” номинациясы боюнча – “Дикая природа Кыргызстана” китеби үчүн И.Турковский менен Т.Меньшиков;

“Чеберчилик” номинациясы боюнча – А.Керимбекованын “Наследия терме” китеби үчүн “ST. art. LTD” басмасы жеңүүчү болуп табылды. Аларга Диплом жана 10 миң сом акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

ГРАН-ПРИ сыйлыгы  “Алтын мукаба” номинациясына Генрих Баляндын “Меж двух миров, или “Спасибо, Кыргызстан!”. Время. Жизнь. Судьба” китеби үчүн “ST. art. LTD” басмасы татыктуу болду. Басмакана Гран-при статуэткасы жана  20 миң сом менен сыйланды.

“Китеп исскуствосу” конкурсу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Мамлекеттик китеп палатасы тарабынан жыл сайын өткөрүлөп келүүдө. Конкурстун максаты – КМШ өлкөлөрүнүн эл аралык “Искусство книги” конкурсуна улуттук басылмаларды сунуштоо, китеп басып чыгаруучулардын кызматташтыктарын кеңейтүү, китеп басып чыгаруу маданиятын көтөрүү жана китеп искусствосун өнүктүрүү, басмалардын алдыңкы жетишкендиктерин өбөлгөлөө, өз ара рухий жана маданий баалуулуктар менен алмашууларды активдештирүү.

Алгачкы китеп биздин заманга чейинки I кылымда пайда болгону айтылат. Бактан кичинекей тактайчаларды жасап, анын бетине мом куюп, жумшак кезинде текшиленип, катыгандан кийин анын бетине курч темир таякча менен жазышкан экен.

Ал эми эң алгачкы кыргыз китеби — Молдо Кылычтын «Кыса-и-Зилзаласы». Аны кыргыздын алгачкы агартууларынын бири Ишеналы Арабаев даярдап, баш сөзүн жазып, 1911-жылы Казань шаарынан бастыртып чыгарган. Чыгармада 1909-жылы Чүй өрөөнүндө болгон катуу жер титирөө баяндалып, акын өзүнүн адам жана табият, руханий турмуш менен диний асылдыктардын ич ара карым-катышы тууралуу ой жүгүртүүсүн камтыган.

Кыргыз Республикасынын  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Мамлекеттик китеп палатасы жана жеке менчик басмаканалар  Кыргызстанда  мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасына ылайык, жыл сайын ар түрдүү багыттагы китептерди чыгарып, калктын руханий байлыгын арттырууга салым кошуп келеатат.

Кабыл Макешов,

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер