2040-ЖЫЛГА КАРАТА БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНЫН МАКСАТЫНА ЖЕТҮҮ ҮЧҮН ҮЧ МИЛДЕТ

  • 07.12.2022
  • 0

6-7-декабрда Билим берүү секторунун биргелешкен кароосунун алкагында Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер билим берүүнүн бирдей жеткиликтүүлүгүн, сапатын, каржыланышын, билим берүүнү санариптештирүүнү жана мугалимдердин өнүгүүсүн талкуулоодо.

2040-ЖЫЛГА КАРАТА БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНЫН МАКСАТЫНА ЖЕТҮҮ ҮЧҮН ҮЧ МИЛДЕТ

2021-2040-жылдарга карата Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасында билим берүү системасынын максаты — мамлекеттин жана коомдун ресурстарын жана мүмкүнчүлүктөрүн интеграциялоо, ошондой эле башкаруу системасын модернизациялоо аркылуу жеңил ыңгайлашуучу жана кыймылдуу социалдык-экономикалык чөйрөнү өзгөртүүгө жөндөмдүү адамдын чыгармачыл жана саламат потенциалын калыптандыруу саналат.

Катышуучулар менен болгон талкууда Стратегиялык пландоо, мониторинг жана анализдөө бөлүмүнүн башчысы Евгения Бойко айтылган максатка жетүү үчүн билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде үч негизги милдетти чечүү керектигин айтты:

  • Адилеттүү, бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздоо;
  • Сапатты камсыздоо;
  • Натыйжалуу башкаруу жана каржылоо.

Адилеттүү, бирдей жеткиликтүүлүк билим берүү менен камтууну, инклюзивдүүлүктү, көп тилдүүлүктү, коопсуз жана натыйжалуу окутуу чөйрөсүн камтыйт.

2040-ЖЫЛГА КАРАТА БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНЫН МАКСАТЫНА ЖЕТҮҮ ҮЧҮН ҮЧ МИЛДЕТ

Сапатты камсыздоо билим берүүнүн мазмунун модернизациялоо, санариптештирүү, педагогдорду үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү системасы, окутуунун натыйжаларына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун эффективдүү жана объективдүү системасы, сапаттуу окуу материалдарына негизделет.

Натыйжалуу менеджмент жана каржылоо үчүн кадрдык потенциалды натыйжалуу пайдалануу, системалуу мамилени камсыз кылуу, ченемдик каржылоого өтүүнү жана билим берүү уюмдарынын өздөрүнүн деңгээлинде ресурстарды башкаруудагы көбүрөөк өз алдынчалыкка өтүүнү чыңдоо; натыйжаларды көзөмөлдөө, башкаруу системасын автоматташтыруу зарыл.

Бөлүшүү

Комментарийлер