2024-ЖЫЛДАН БАШТАП КАТЕГОРИЯГА ЖАРАША МУГАЛИМДЕРДИН АЙЛЫГЫ КӨТӨРҮЛӨТ

  • 29.08.2023
  • 0

Кыргызстан боюнча 2359 мектеп бар, ал мектептерде 90 000ге жакын мугалим  эмгектенет. Окуучулардын саны дээрлик 1,5 млн. Быйыл мектептерге 25000 компьютер, 2000 даанадан ашык ноутбук менен камсыз болгон. Дагы 836 компьютер алынат. 67 млн сомго мектептерге эмеректер алынат.

2024-ЖЫЛДАН БАШТАП КАТЕГОРИЯГА ЖАРАША МУГАЛИМДЕРДИН АЙЛЫГЫ КӨТӨРҮЛӨТ

— Соңку эки жылда мугалимдердин социалдык абалын жакшыртууга, алардын коомдогу беделин жогорулатууга мамлекет тарабынан бардык аракеттер көрүлүп жатканына өзүңүздөр күбө болуп жатасыздар. Өткөн жылы мугалимдердин маянасын дээрлик 80%га көтөрдүк. Эми сентябрь айынан баштап мектептин директорлорунун жана директорлордун орун басарларынын айлык акылары дагы 50%га жогорулайт. Бул жылы биз мугалимдерди аттестациядан өткөрүп 2024-жылдын 1-январынан баштап категорияга жараша алардын айлык акыларын жогорулатуу боюнча чараларды көрөбүз.

Быйыл 204 мектептин курулушу башталган, анын 100ү быйыл жылдын аягына чейин бүтөт. Биринчи сентябрга карата акыркы маалыматтарга ылайык, 42 мектепти ишке киргизүү күтүлүүдө.  Эки-үч жылда авариялык абалдагы мектептердин баары оңдоп-түзөөдөн өтөт деген терең ишеничтемин, — деди Билим берүү жана илим министри август конференциясында.

Быйылтан баштап Президенттин Жарлыгына ылайык, жыл сайын өтүүчү «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» аттуу республикалык конкурстун жеңүүчүлөрүнө миллион сом ыйгарылаары белгиленди. Демек, миллионер мугалимдер чыгаары да алыс эмес.

Окуу китептери

2023-жылы республикалык бюджетте окуу китептерин даярдоого жана басып чыгарууга ижара акысынан түшкөн каражаттарды кошкондо  324 млн сом каралган. Бул каражаттардын эсебинен быйыл 1 млн 278 миң нускада окуу китептери, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор жана жумушчу дептерлер басылып чыгат. Оксфорд жана Кэмбридж басмаканалары менен кызматташуу башталыптыр.

Кыргыз элинин нарктарын сактоо, өнүктүрүү жана STEM-предметтерине басым жасоо максатында өлкө боюнча 55 нарк мектептери түзүлдү.

Ата-энелердин балдарды тарбиялоо жана аларга кам көрүү көндүмдөрүн жакшыртуу максатында бардык мектептерге жана бала бакчаларга  “Ата-энелер мектеби” программасы 1-сентябрдан баштап киргизилет.

Баалоо

“Биринчи жолу PISAга (200 мектеп, 7800 окуучу) даярдоодо 4-8-класстын окуучуларынын функционалдык сабаттуулугун баалоо («Баалоо») жүргүзүлдү. 5-6-7-класстын окуучуларынын санариптик жөндөмдөрү бааланды (6500 окуучу).

Быйыл министрликтин астында эл аралык олимпиадага даярдоо борбору түзүлөт. Ошондой эле, Англис тил борбору негизделет.    “Жаш лидерлер мектебин” ачуу дагы мерчемделүүдө.

Мектеп командалары арасындагы Шахмат боюнча дүйнө чемпионатында биздин Азиз Дегенбаев аттуу окуучубуз жеке эсепте алтын медаль жеңди. Ал биринчиликке 53 өлкөдөн 300дөн ашуун шахматчы катышкан.

Ошондой эле эл аралык олимпиадаларда биздин окуучулар жакшы ийгиликтерди көрсөтүштү.

Мисалы:

— Ж.Баласагын атындагы Токмок лицейинин бүтүрүүчүсү Иван Решетников, Швейцарияда өткөн 55-эл аралык химия Олимпиадасынын коло медалын жеңди, ал ошондой эле Казакстанда өткөн  Химия боюнча              57-эл аралык Менделеев Олимпиадасынын коло медалынын ээси болгон.

— Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы лицейинин 11-классынын окуучусу Данияр Гаипов Бириккен Араб Эмираттарында өткөн эң абройлуу биология боюнча 34-эл аралык олимпиаданын коло медалдын ээси болду. Аталган олимпиадага 78 мамлекеттен  300дөн ашуун окуучу катышкан.

— математика боюнча Эл аралык Аль-Хорезми олимпиадасында Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин окуучусу Фёдор Корнияш – алтын медаль, “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу Тимур Акенеев – күмүш медаль, Бишкек шаарындагы №70 окуу-тарбиялык комплекс мектеп гимназиясынын окуучусу Султан Мусаходжаев – коло медаль алган” (К.И.).

Кошумча билим берүү мекемелерине алкыш

— Биздин мектептен тышкаркы билим берүүчү “Балажан”, “Сейтек”, “Алтын түйүн” уюмдары дагы жигердүү иштеп жатышат. Аларга алкышымды билдирем. Ушул өңүттөн жазбагыла. Ошондой эле министрликтин алдындагы “Крайтануу борборуна” дагы биз өзүбүздүн жардамыбызды көрсөтөбүз, ал эми “Эмгек резервине” өз инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча инвесторлорду тартабыз, — деди министр.

Мындан сырткары, улуу жазуучу Ч.Айтматовдун    95 жылдыгына карата, анын чыгармаларына байланыштуу окуучулар жана студенттер арасында республикалык (тотальный) жатжазуу иш-чарасын уюштурулат.

Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен долбоордук кубаттуулугу 1224 окуучу орунга эсептелген  тогуз кыргыз-орус мектептери курулмакчы. Биринчи этапта Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларында ушул жылдын сентябрь айынан баштап курулуштары башталат. Биринчи мектептер 2025-жылы окуучуларга эшигин ачат.

Ошондой эле билим берүү тармагына KOICA (Korea Intrnational Copperation Agency) тарабынан 10 млн АКШ доллары жана БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) тарабынан 2 млн АКШ доллары — жалпысынан 12 млн АКШ доллары бөлүнүп берилээри каралууда.

Билим берүүнү колдоо максатында Глобалдык өнөктөштүк фондусу (ГПЦО) келечекте 75 млн АКШ доллар грант жана кредитти карап жатыптыр.

— Биз эми жеке менчик мектеп, бала бакча куруу үчүн ишкерлерге ийкемдүү жана ылайыктуу шарт түзүп беришибиз керек. Ар бир чакан айылда болсо дагы бала бакча болушу керек. Айылда эң жакшы имарат болсо, ал эң ириде мектеп болушу керек, райондук борбордо эң жакшы имарат болсо, ал лицей болушу керек, ал эми облустук борбордогу эң жакшы имарат, ал университет болушу керек, — деди ал.

Ааламдашуу доорунун жаңы чакырыктарна ылайык мугалимдерди кайра даярдоо курстарынан өткөрүү заманбап технология, жаңы методология менен өткөрүү абдан маанилүү.

Ошондуктан быйыл 2353 мектеп жетекчилерин окутуудан, 41 000 мугалим кайра даярдоодон өттү. Ошондой эле 116 мектеп директорлору Татарстанда окуудан өтүштү. 1000 англис тили мугалимдери дагы окуудан өтүштү. Эми ушундай сымал атайын окутуулар STEM-предметтери боюнча улантылат.

2023-жылдын  2-жарым жылдыгында, дагы 36 миңге жакын педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу каралган.  Жылына 80% чейин мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча окуудан өткөрүү мерчемделип жатат. Бирок бул ишти жүзөгө ашырыш үчүн облустук, райондук администрациялардын колдоосу керек экенин баса белгиледи.

— Мектеп директорлордун жоопкерчилигин жогорулатуу керек. Эң алдыңкы мектептердин ийгилиги негизинен мектеп директорунун лидерлик сапатына байланыштуу. Биз быйыл дээрлик бардык мектептердин директорлору менен жолугушуп чыктык. Келечекте биз директорлорду дайындоодо контракттык системага өтөбүз. Эгерде мектеп директору эки жылдын ичинде окуу көрсөткүчтөрүн көтөрө албаса, андай жетекчи арызын жазып кетиш керек. Биз андай жетекчилер менен контрагын улабайбыз, — деди министр.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер