2022-ЖЫЛЫ МЕКТЕПТЕРДИН 40% БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ЖРТнын НЕГИЗГИ ТЕСТИНЕН 110 БАЛЛДАН АЗ АЛЫШКАН

  • 16.02.2023
  • 0

Министрликтин Билим берүүнүн сапатын баалоо сектору тарабынан жүргүзүлгөн жалпы республикалык тестирлөөнүн орточо баллы боюнча маалыматтарды талдоонун жыйынтыгы мектептердин орточо 40% негизги тесттен 110дон төмөн балл алганын көрсөттү.

2022-ЖЫЛЫ МЕКТЕПТЕРДИН 40% БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ЖРТнын НЕГИЗГИ ТЕСТИНЕН 110 БАЛЛДАН АЗ АЛЫШКАН

2022-жылы Баткен облусундагы мектептердин 52% бүтүрүүчүлөрү босого баллдан төмөн балл алышкан.

Мындай мектептердин 47%  — Чүй облусунда,

44% — Жалал-Абад облусунда,

42% — Ош облусунда,

38% — Ысык-Көл жана Нарын облустарында,

29% — Ош шаарында,

27% — Талас облусунда,

15% -Бишкек шаарында.

Республиканын райондорунун контекстинде маалыматтарды талдоо көрсөткөндөй, акыркы үч жылда ЖРТ 50% начар натыйжалары болгон райондордун саны 9 райондон 15ке көбөйгөн.

Алсак, Ноокен районунда ЖРТ эң төмөнкү көрсөткүчкө ээ болгон мектептердин саны 77%,

Манас районунда – 69%,

Кемин районунда – 67%,

Майлуу-Суу шаарында – 67%,

Ысык-Ата районунда жана Кант шаарында — 60%,

Панфилов районунда — 59%,

Кара-Суу районунда — 58%,

 Кочкор районунда — 56%,

Жумгал районунда — 54%,

Сокулук районунда — 52%,

Ак-Суу районунда — 52%,

Сүлүктү шаарында жана Лейлек районунда — 52%,

Базар-Коргон районунда — 51%,

Баткен шаарында жана Баткен районунда — 51%,

Аксы районунда — 50%.

2022-жылдагы предметтик тестирлөөнүн жыйынтыгын талдоо көрсөткөндөй, эң төмөнкү көрсөткүчтөр математика, физика, химия жана биология боюнча катталган.

Жалпысынан математика сабагынан начар жыйынтык көрсөткөн мектептердин эң көп саны Чүй облусунда (79%),

физика боюнча – Нарын облусунда  (80%),

химия жана биология боюнча – Баткен облусунда (78% жана 72%),

тарых боюнча — Ош облусунда (61%),

кыргыз тили боюнча — Чүй облусунда (30%),

орус тили боюнча — Ош облусунда (61%),

англис тилинде — Жалал-Абад облусунда ( 21%).

Бөлүшүү

Комментарийлер