АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИНЕ КАРАТА БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН ОКУУ БӨЛҮМ БАШЧЫЛАРЫ ЖАНА МУГАЛИМДЕРИ ҮЧҮН СУНУШТАР

  • 17.08.2019
  • 0

Балдардагы билим-тарбиянын, өсүп-өнүгүүнүн пайдубалы, күндөлүк жашоодогу компетенцияларынын негизи башталгыч мектепте түптөлүп, андан ары өркүндөтүлөт. Кенже мектеп окуучусунун кабыл алуу, таанып билүү, ой жүгүрүү өзгөчөлүгүнө ылайык, башталгыч мектепте жуурулушкан (интеграцияланган) предметтер өтүлүп, окуганга, жазганга үйрөтүү, окуу көндүмдөрүн, адабий дүйнөсүн калыптандыруу боюнча тил жана окуу (кыргыз тил, орус тил, чет тил), баланын эсептөө көндүмдөрүн өнүктүрүү багытында математика, айлана-чөйрөнү илимий негизде таанытуу үчүн Мекен таануу, руханий жан дүйнөсүн калыптандырууга багытталган музыка, көркөм өнөр жана жүрүм-турумун, башкаларга мамилесин калыптандырууну максат кылган адеп, баланын дене түзүлүшүн өнүктүрүү үчүн дене тарбия, жашоодогу жалпы коопсуздугун камсыздоо үчүн турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери сабактарын компетенттүүлүктүн негизиндеокутуужана баалоо процессине жаңыча мамиле кылууну ишке ашыруу билим берүү системасындагы актуалдуу маселелердин бири.

2019-2020-окуу жылынын өзгөчөлүктөрү кенже окуучунун компетенттүүлүгүн калыптандыруу жана окуу процессиндеги окуучунун жетишкендиктерин жаңыча көз караш менен баалоо, айрыкча калыптандыруучу баалоого басым жасоо болуп саналат.

«Башталгыч мектеп – билим башаты» деп айтылгандай, кенже окуучунун предметтик компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу үчүн жагымдуу чөйрө түзүүгө, мультимедиалык материалдарды колдоно билүүгө үйрөтүүгө жана жаңыча баалоого көңүл бурулат.

Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн учурда башталгыч мектептер үчүнадистерди даярдоожана билимдерин жогорулатуу проблемаларын натыйжалуучечүү да учурдагы актуалдуу проблемалардан болуп эсептелет.

Башталгыч билим берүүдө компе-тенттүүлүктүн предметибилимдер, билгичтиктер, көндүмдөр, анткени аларсыз компетенттүүлүктөр калыптанбайт.

«Компетенттүүлүк – билимдердин, билгичтиктердин түрдүү элементтерин жана ишмердиктин ыктарын окутуу, инсандык, кесиптик кырдаалда өз алдынча колдонуу боюнча адамдын жуурулушкан (интеграцияланган) жөндөмү» (Кыргыз Республикасында жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик стандарты, КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы №403 токтому менен бекитилген, 9-п.).

Ченемдик укуктук документтерге ылайык, негизги компетенттүүлүктөр КP Өкмөтүнүн 2014-жылынын 21-июлундагы №403 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик стандартында” аныкталган, алар:

  • маалыматтыккомпетенттүүлүк;
  • социалдык-коммуникациялык компетенттүүлүк;

Учурда билим берүү мекемелеринде колдонулуп жаткан стандарттар аркылуу билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу, окуучулардын чыгармачылыгын өркүндөтүү, ар кандай кырдаалдардан чыга билүү, өзүн жана курчап турган чөйрөнү баалай билүү, маданияттуулук, сабырдуулук, эмгекти сүйүү, өз алдынча чечим кабыл алуу, алынган билимдерди турмушта колдоно билүү сыяктуу сапаттарды окуучуларда калыптандырууну камсыз кылуучу негизги компетенттүүлүктөр педагогикалык процесстерде активдүү пайдаланылат.

Башталгыч мектепте баалоонун үч түрү: диагностикалык, калыптандыруучу жана жыйынтыктоочу баалоо колдонулат. Кыргыз Республикасында жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын 69-пунктуна ылайык, «1-2-класстарда окуучулардын жетишкендиктерин баалоо баа белги коюлбастан, баалоонун сапаттык жана сыпаттоо ыкмаларын пайдалануу менен жүргүзүлөт. Акырындык менен баа белги коюуну киргизүү экинчи класстын экинчи жарымынан башталат». Учурда башталгыч мектепте окутуунун максаты – активдүү жана интерактивдүү технологияларга, сабактарды уюштуруунун жаңы формаларына, мультимедиялык жана электрондук материалдарды активдүү колдонууга, калыптандыруучу баалоого жана анын техникаларына, кайтарым байланышка өзгөчө көңүл буруу.

2019-2020-окуу жылында “Наристе” балдарды мектепке даярдоо (480 саат) программасы боюнча 6-7жаш курагындагы балдарды мектепке даярдоо иши улантылат. Программанын максаты – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (№598, 21-август, 2015-жыл) токтому боюнча балдар бакчаларына тартылбаган жана башка программалар менен камтылбаган 1-класска келген бардык балдар үчүн бирдей старттык базаны түзүү максатында “Наристе” (480 саат) программасы боюнчамектепке даярдоо. Балдарды мектепке даярдоонун ар кандай формаларын колдонуу аркылуу балдарды мектепке даярдоо боюнчабакча, башталгыч мектеп жана орто мектептин ортосунда ырааттуулук, өтмөлүүлүк жана тыгыз байланыштуулук сакталат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык “2019-жыл – Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” деп аталды. Бул жарлыкка ылайык республикада бир нече иштер жасалып, жакшы натыйжаларды берүүдө. Алсак “Коопсуз шаар долбоору”, “Электрондук кезек”, “Электрондук кабыл алуу”, “Бирдиктүү терезе” ж.б.у.с. электрондоштуруу боюнча көптөгөн иштер аткарылууда. Мындай иштер билим берүү тармагында да жүрүзүлүүдө. Окуу процессин санариптештирүү менен окутуу материалдарын электрондоштуруу, санариптик материалдык-техникалык каражаттардын эффективдүү колдонушун камсыздоо үчүн мугалимдин даярдыгы зарыл. Демек, ушуга байланыштуу жер-жерлерде башталгыч мектептинар бир мугалими санариптик техникалык каражаттарды колдоно билүү; электрондук материалдарды түзө билүү, аларды пайдалана алуу; маалыматтык сабаттуулуктун болушу; окуучулар жана ата-энелер менен педагогикалык иштерди жакшыртуусу жана жаңы инновациялык программаларды, технологиялардыиш-тажрыйбада колдонуусуаймактарда билим берүүнүн сапатын жакшыртууга, туруктуу өнүгүүсүнө негиз жаратат.

Кыргыз тил

Кыргыз тили предметинин максаты – кенже курактагы окуучулардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен,окуучуларды тилибиздин түзүлүшүнүн баштапкы мыйзам ченемдүүлүктөрүнө ээ кылуу, аларды сактоо менен, оозеки жана жазуу кеп ишмердигин өз турмушунда тиешелүү деңгээлде пайдалана алуусуна жетиштирүү.

Башталгыч мектепте эне тилин окутуу негизинен окуучуну угуу, окуу, сүйлөө, жазуу ишмердүүлүгүнө үйрөтүүгө багытталат. Кыргыз тил предметининстандартында окуучунун бул ишмердүүлүктөргө жетишүүсү боюнча күтүлүүчү натыйжалары, максаттары көрсөтүлгөн. Ал максаттар улам класс жогорулаган сайын өнүгүп, өркүндөп турат. Мына ушул натыйжага жетишүү үчүн мугалим өзүнүн иш-аракеттерин чыгармачылык менен уюштурушу керек.

Кыргыз тил предметинде компетент-түүлүктөр башталгыч билим берүүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен предметтикстандартта төмөнкүдөй аныкталган:

  1. Тыбыш жана тамга менен иштей алуу компетенттүүлүгү (ПК1)
  2. Окуй алуу компетенттүүлүгү (ПК2)
  3. Сөз байлыгы менен иштей алуу компетенттүүлүгү (ПК3)
  4. Сүйлөм, текст менен иштей алуу компетенттүүлүгү (ПК4)
  5. Аң-сезимдүү окуу, угуу жана адабий түшүнүктөр менен иштей алуу компетенттүүлүгү (ПК5).

Жыйынтыгында башталгыч класстын окуучусу кыргыз тил предметин окуп-үйрөнүү аркылуу төмөнкүдөй иш-аракеттерди аткарышы керек:

  • ар кандай жанрдагы чыгармаларды үн кубултуп көркөм окуу;
  • чыгармалардын окуяларына, каармандарга болгон жекече мамилелерин билдирүү;
  • көркөм чыгарманын текстти менен иштөө;
  • чыгармага үстүртөн жана кеңири талдоо жасоо;
  • текстке карата план түзүү;
  • окуган чыгарманын мазмунун кайра айтып берүү;
  • каарман жөнүндө аңгеме куруп берүү;
  • каарман тууралуу эссе, баяндама же дилбаян жазуу;
  • окуган чыгармагакарата өз оюн жаза билүү;
  • сөздүк жумуштарын аткара алуу.

Башталгыч мектепте окутуунун активдүү жана интерактивдүү технологияларына, сабактарды уюштуруунун жаңы формаларына, калыптандыруучу баалоого жана кайтарым байланышка өзгөчө көңүл бурулат.

Башталгыч класста окутуунун негизги багыттарынын бири – инсанга багытталган окутуу. Анткени ал окутуунун натыйжалуулугун, кызыктуулугун шарттап, башталгыч класстын окуучуларынын инсан катары калыптандыруусуна жагымдуу жагдай түзөт. Инсанга багытталган окутууда мугалим ар бир окуучунун психологиялык, интеллектуалдык жөндөмдүүлүгүн изилдеп-үйрөнүп, алардын жөндөмүнө, жеке өзгөчөлүктөрүнө жараша мамиле кылат. Окуучунун интеллектинин (лингвистикалык, логикалык-математикалык, музыкалык, кинестикалык, натуралисттик ж.б.) күчтүү жагын байкоо менен, көнүгүүлөр жана тапшырмалар системасын ошол багыттар боюнча тереңдетип берүү ийгилик жаратат. Класстагы ар бир окуучунун таанып билүү, кабыл алуу, эске тутуу ж.б. жөндөмдүүлүктөрү ар башкаошол өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, окуу материалдарын дифференциялап иштеп чыгуу жана окуучуларга түшүндүрүү, түшүнүктөрүн баалоо чоң мааниге ээ. Мугалим предмет аралык байланышты ишке ашыруу максатында 2-4-класстарда жуурулушкан (интеграцияланган) сабактарды уюштура алат. Мисалы, темалары окшош болсо, кыргыз тили менен адабий окуу сабагынын, кыргыз тили менен Мекен таануу сабагынын материалдарын бириктирип окутса болот. Кыргыз тилин окутуп-үйрөтүүдө адабий окуу жана Мекен таануу окуу китептериндеги тексттерди пайдаланып, мазмунун окуп үйрөнүү, тема боюнча көнүгүүлөрдү, ар кыл тапшырмаларды сабактаиштетүү менен предмет аралык байланышты ишке ашыруу каралат.

Аталган предметти окутууда иллюстрациялар, диафильм, портрет, пейзаж, схемаларбаланынокуу материалды түшүнүүсүнө жардам берет. Электрондук мультимедиалык технологияларды сабактарда колдонуу аркылуу окуучулардын кармап көрүү,салыштыруу, турмуш-тажрыйбада колдонуу аркылууассоциациялоо, талдоо жөндөмдөрү, актоо жана каралоо сыяктуу жаңы түшүнүктөрү өркүндөйт, окуу-жазуу жаратмандыгы калыптанат.

Башталгыч класстарда Кыргыз тилин окутуу аркылуу окуучуларды өз эне тилинде сүйлөө, сабаттуу жазуу, окуй билүү көндүмдөрүн жана кеп маданиятын калыптандыруу, ой жүгүртүү жана таанып-билүү көндүмдөрүн өркүндөтүү, учурда башталгыч мектепте актуалдууболуп эсептелет.

Математика

2019-2020-окуу жылынын өзгөчөлүктөрү болуп кенже окуучунун компетенттүүлүгүн калыптандыруу жана окуу процессиндеги окуучунун жетишкендиктерин жаңыча көз караш менен баалоо жана калыптандыруучу баалоого басым жасалат.

Башталгыч мектепте математика предметинин предметтик стандарттары аркылуу кенже окуучулардын чыгармачылыгын өркүндөтүү, ар кандай кырдаалдардан чыга билүүгө, өзүн жана курчап турган чөйрөнү баалай билүүгө, көп маданияттуулук, сабырдуулук, эмгекти сүйүү, өз алдынча чечим кабыл алууга, алынган билимдерди турмушта колдоно билүү сыяктуу сапаттарды калыптандырууну камсыз кылуучу компетенттүүлүккөокуучуларды тарбиялоо учурдагы маанилүү проблемалардан экендиги талашсыз.

Башталгыч класстарда математика предметин окутуунун максаты:

  • окуучулардын негизги компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу;
  • инсанга багытталган окутуу шартында кенже окуучулардын математика боюнча предметтик компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу;
  • окуучулардын таанып-билүүчүлүк жана практикалык маселелерди чечүүдө колдоно ала турган башталгыч математикалык билимдеринин жана билгичтиктеринин системасын калыптандыруу;
  • окуучулардын математикалык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү (логикалык, символдук, алгоритмдик ой жүгүртүүлөрүн, мейкиндикке багыт алуусун өнүктүрүү жана математикалык кебин өнүктүрүү);
  • окуучулардын окуп үйрөнүү ишмердүүлүктөрүн баалай алуусун калыптандыруу жана акыл эмгегине болгон кызыгууларын, математикалык билимин турмушта колдоно билүү көндүмдөрүн өнүктүрүү.

Башталгыч мектепте математиканы окутуунунмилдеттери:

  • башка предметтерди жана математиканы андан ары ийгиликтүү окуп-үйрөнүү жана жеке чөйрөсүндө практикалык маселелерди чечүүдө керек болгонматематикалык компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу, өнүктүрүү;
  • окуучулардын математикалык ой жүгүртүүсүн жана дүйнө таанымын калыптандыруу;
  • математикалык билимдерин колдонуу аркылуу окуучулардын интеллектуалдык сапаттарын өнүктүрүү;
  • өз алдынча электрондук мультимедиалык тех-нологиялар,ар түрдүү билим булактары менен иштей алуу, алган билимдерин практикада колдонуу жана билгичтиктерин өркүндөтүү;
  • окуучулардын математикалык жөндөмдүүлүктөрүн, предметке болгон кызыгууларын аныктоо жана өнүктүрүү.

Негизги компетенттүүлүктөрүн калыптандырууда окуучунун окуу процессиндеги жаңы маалыматты айырмалай билүүсү, коом жана классташтары, курбулары менен байланышы, өз алдынча көйгөйлөрүн көрө билүүсү жана аны чечүүсү, аткарылуучу апталык иштерин пландай алуусу жана алган билимин турмушта колдоно алуусу маанилүү.

Математика предмети боюнча компетенттүүлүктөр башталгыч класстардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен төмөнкүчө аныкталды:

  1. Математикалык жаңы маалыматтарды (термин-түшүнүктөрдү) аң сезимдүү кабыл алуу, математикалык символдорду элементтердин жардамы менен жаза билүү компетенттүүлүгү (К1). Бул этапта окуучулар жаңы математикалык материалдарды (термин-түшүнүктөрдү) аң сезимдүү кабыл алат, маселелерди чечүүдө колдонот жана математикалык символордун жардамы менен жазышат.
  2. Математикалык түшүнүгүн тереңдетүү, жогорулатуу (К2). Жаңы материалдар боюнча (репродуктивдүү, продуктивдүү, креативдүү) маселелерди чечүүдө окуучулардын математикалык көндүмдөрү тереңдетилет, бышыкталат.
  3. Математикалык көндүмдөрдү талдоо компетент-түүлүгү (К3). Окуучулар математикалык мисал-ма селелерди аткарууда өз ишмердүүлүктөрүнүн натыйжасын аныктай алат. Алдыдагы иш-аракеттерин оңдоп-түзөө жана окуудагы ийгиликтерин камсыздоо үчүн кийинки кадамдарын аныктайт.
  4. Математикалык көндүмдөрүн турмуш менен байланыштыра билүү компетенттүүлүгү (К4) – алган математикалык көндүмдөрүн турмушта колдонуу.

ДЕНЕ ТАРБИЯ

2019-2020-окуу жылында учурда колдонулуп жаткан жалпы билим берүүчү мектептер үчүн окуу планына ылайык, Дене тарбия 1-4-класстарда жумасына 2 сааттан окутулат.

Дене тарбиянын негизги мазмуну билим берүү стандартында белгиленген окуучулардын дене тарбия боюнча минималдык даярдыгын камсыздайт. Дене тарбия предмети 1-класстан 4-класска чейин спорттук зал жана стадиондор менен камсыз болгон жалпы билим берүүчү мектептерде өткөрүлөт.

Дене тарбия предметин окутуунун максаты – бул башталгыч мектептин окуучуларынын дене түзүлүшүнүн мыктылыгын, ички дүйнө байлыгын жана моралдык тазалыгын камсыздоого, өнүгүүсүнө жардамдашуу.

Максатка жетишүү үч топтон турган маселелерди чечүү менен ишке ашырылат: билим берүү, ден соолукту чындоо жана тарбия берүү.

Дене тарбия предметинин мазмуну окуучулардын ден соолугун чыңдоого, дене тарбиясынын өнүгүүсүнө жана интеллектуалдык, кыймыл маданиятынын пайда болушуна карата сапаттык жаңы деңгээлди камсыз кылууга багыталган, ал инсандын тез алмашкан социалдык жана экономикалык, технологиялык шарттарга көнүгүүсүнө түрткү берет.

Дене тарбия – бул атайын уюштурулган педагогикалык процесс, ал моралдык тазалык менен ички дүйнө байлыгын бириктирүү максатында каралат. Өзүнүн социалдык багыты боюнча балдарды эмгекке жана коргоо ишмердигине даярдайт.

Дене тарбия окуучулардын бир конкреттүү ишмердиктеги деңгээлин аныктайт: спорттук, оюндук, эмгектик, аскердик ж.б. даярдыктын деңгээли башкы көрсөткүчтөн, аткарылган окуу-машыгуу ишинин көлөмүнө, ошол иштин шартына, өткөрүлгөн сабактардын сапатына жана башка факторлордон көз каранды.

Дене тарбия билими – дене тарбия ишмердигине багышталган жана ага өзгөчө даярдыкты көрсөткөн билимдерди окуучунун өздөштүрүүсү (ден соолукту сактоо, өмүр коопсуздугу, көп маданияттуулук, гендер).

МУЗЫКА

2019-2020-окуу жылында 1-4-класстарда жумасына 1 сааттан (окуу жылында 34 саат), ал 2014-жылы Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан бекитилген окуу программаларынын негизинде окутулат.

Музыка предметинин окуу процессин жакшыртуу, музыканы окутуунун жаңы формаларын, методдорун изилдөө жана аны иш жүзүнө ашыруу, окуучунун чыгармачылык активдүүлүгүн стимулдаштыруу – азыркы заманбап музыкалык билим берүү системасында бирден-бир актуалдуу маселелерден. Бул жерде жалпы билим берүү уюмдарындай эле баланын руханий маданиятынын ажыратылгыс бир бөлүгү катары окуучулардын музыкалык маданиятын калыптандыруу максатында окуучуларга жалпы музыкалык билим берүү сакталып келе жатат. Жалпы билим берүүнүн стандартында музыкалык билим жана тарбия берүү үчүн негиз болуучу бирден-бир көрсөтмө музыкалык искусствонун интонациялык-образдык табиятын ачып берүү болуп эсептелет.

Азыркы заманбап музыкалык билим берүүнүн мазмунунда атуулдук-патриоттук тарбия берүүнүн ролу бир канча күчөтүлгөн десек болот, мисалы: салттуу кыргыз музыкалык искусствосунун баалуулуктарына багыт алган, элдик музыкалык искусствонун жаралуу булактары, тарыхы, түрлөрү менен таанышуу. Ошол эле убакта, окуучулардын башка өлкөлөрдүн музыкалык маданиятын таанууга, позитивдүү, кызыгуу мамилесин калыптандырууга басым жасалат.

Музыка сабагында окуучунун жаш өзгөчөлүгүнө мүнөздүү болгон түнттүүлүк, баланын жалпы физиологиялык жактан жана үндөрүнүн өзгөрүүсү музыкалык ишмердүүлүктүн ар түрдүү багытында жумшарат, жеңилдейт жана жакшынакай кооздук сезими калыптанат. Проблемалык окутууну жүргүзүүдө, музыкалык материалдарды комплектөөдө техникалык каражаттарды окуу процессине активдүү колдонуу максаттуу болот. Ошондуктан уктуруу үчүн тандалып алынган музыкалык материалдар техникалык жактан эң жогорку сапатта болуусу зарыл.

КӨРКӨМ ӨНӨР

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде 1-4-класстарда окутулуучу Көркөм өнөр предмети 1-4-класстарда жумасына 1 сааттык окуу жүктөм менен окутулуп, жыл ичинде ага 34 саат (тилдик айырмага карабастан) бөлүнгөн. Көркөм өнөр предмети боюнча 1-4-класстарда 2014-жылы иштелип чыккан окуу программасынын негизинде басылып чыккан окуу-методикалык комплекстер колдонулат.

Сабакта колдонулуучу электрондук окутуу материалдары кенже курактагы окуучулардын сүрөт өнөрүнө болгон кызыгуусун арттырып, чыгармачылык менен изденүүсүнө көмөктөшүү үчүн кошумча каражат катары пайдаланылса, балдардын түстөрдү кабыл алуусуна, техникалык көндүмдөргө үйрөнүүсүнө өбөлгө түзөт. Видео сабактарда окуучуларга элибиздин тарыхы, көркөм маданияты жана жаратылышы тууралуу кызыктуу маалыматтар берилет. Көркөм өнөр предмети боюнча мультимедиалык кошумча каражаттар, материалдар окуучулардын сүрөт өнөрүнө болгон кызыгуусун арттырып, билимдерин тереңдетүүсүнө жардам берет.

– Мугалим ар дайым өз алдынча изденип иштөөсү зарыл, жаңы ыкмаларды, алдыңкы тажрыйбаларды окуп, окуучулар менен пикир алмашып, байланышканды, нарктуу жагымдуу маанай тартуулаган иштерди билүүсү керек. Мугалим окуучулардын мейкиндик жана буюмдун көлөмү боюнча сүрөттөлүүчү буюмдардын тобунун биримдигин жана көз алдыдагы нерселердин сүрөттөлүшүн  көрсөтмөлүүлүктүн жардамы аркылуу түшүндүрүүсү, иштин жүрүшүндө перспективада чагылдыра билүүгө үйрөтүү, ал эми алардын формасынын өзгөрүшү жана пропорциясы сүрөт тартуучунун абалына байланыштуулугун эске алуусу чоң мааниге ээ.

ЧЕТ ТИЛДЕРИ

Окутуудагы эң алгачкы максат тилди теориялык жактан гана билүү эмес, окуп жаткан тилде эркин сүйлөй алуу, б.а. коммуникативдик жөндөмдүүлүгүн өстүрүү. Быйылкы 2019-2020-окуу жылына карата англис тилин үйрөнүү жалпы билим берүүчү мектептердин базистик окуу планында төмөндөгүдөй берилген:

3-класс 2 саат – баары 68 саат;

4-класс 2 саат – баары 68 саат.

Коммуникативдик компетенция — берилген стандарттын чегинде ошол тилде сүйлөөчүлөр менен болгон инсан жана маданият аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даярдык жана жөндөмдүүлүк болуп саналат. Бул – чет тилин окутуунун интегративдик максаттарынын бири.

Темаларды тандоо заманбап мектеп окуучуларынын чыныгы кызыкчылыгына жана талабына ылайык болушу шарт. Тандоо учурунда окуучуларга тилдер аралык сүйлөшүүдө өз өлкөсүнүн маданиятын адекваттуу чагылдырууга мүмкүнчүлүк берген социалдык-маданий билимдерге жана билгичтиктерге көңүл бөлүү зарыл.

Компьютерлер жана интернет булактары билим берүү аймагына бекем кирип, мугалимдин жана окуучунун чет тилин өздөштүрүүсүнө керектүү маанилүү маалыматты табуусуна жана аларды билим берүү максатында пайдаланууларына шарт түзөт.

Азыркы мезгилде англис тилин үйрөнүү боюнча он-лайн ресурстардын көп бөлүгү билим берүү системасынын бардык баскычтарында: башталгыч, ортоңку, жогорку денгээлдер үчүн сайттарда акысыз, ачык турат.

Мугалимдер сабакка даярданарда сабакты кызыктуу жана таасирдүү өтүү үчүн интернет материалдарын активдүү колдонгону туура, анткени жакшы ойлонулган жана даярдалган сабак гана мугалимди, окуучуну да таасирлентип, толук кайтарым натыйжалуу шарт
түзөт.

РУССКИЙ ЯЗЫК В КЫРГЫЗСКИХ КЛАССАХ НАЧАЛЬНОЙ ШКОЛЫ

По русскому языку предельная учебная нагрузка обучающихся с учетом их физиологических и психологических возможностей, а также требований и видов деятельности, предъявляемых для усвоения учебного материала, закрепляется по классам в следующем объеме: 3-4 классах по 2 часа в неделю.

В 2019-2020 учебном году в начальных классах рекомендуется программа по русскому языку 1-4 классы, авторами которых являются Добаев К.Д., Тагаева Г.С., Булатова В.

МЕКЕН ТААНУУ

Мекен таануу (жумасына 1 саат,жыл ичинде 34 саат) предмети башталгычмектепте табигый-илимий билим берүүнү камсыздайт. Анда окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша курчап турган чөйрө, жандуу жаратылыш (өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү), мамлекетибиздин саясий-экономикалык өнүгүшү, чыңдалышы жөнүндө жана биологиялык суроолор басымдуулук кылуу менен, физикалык, химиялык, географиялык билимдердин элементтери, ошондой эле коопсуздук, ден соолукту сактоочулук, экологиялык маанидеги суроолор камтылган.

1-4-класстарда Мекен таануу предметин окутуунун максаты – окуучулардын жаратылыш, андагы кубулуштар, айлана-чөйрө жөнүндө алгачкы түшүнүктөрүн калыптандыруу жана курчап турган чөйрөдө өз ордун, аны менен карым-катнашын аныктай билүүсү үчүн зарыл болгон табигый билимдерге кызыгуусун өнүктүрүү.

Жаратылыш объектилерин таануу менен бирге окуучулар жалпы окуу жана интеллектуалдык билгичтиктерин өнүктүрүп, дүйнөнү таанып-билүүнүн методдору жөнүндө түшүнүктөргө ээ болушат. Бул баскычта окуучулардын экологиялык маданиятынын элементтери, ден соолукту сактоочу билимдери түптөлүп, табигый-илимий билимдерге карата кызыгуулары пайда болот.

Окутуунун мазмунун доордун талабына ылайык деңгээлге жогорулатуу бүгүнкү күндөгү кечиктирилгис милдеттердин бири болуп эсептелет. Буга байланыштуу мектеп окуучусуна билим-тарбия берүү менен гана чектелбеген, аны турмушка даярдоо, компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу милдети коюлууда. Окуучунун аң-сезиминде дүйнөнүн илимий картинасын калыптандыруу менен катар эле, алынган маалыматка таянып, өз жашоосун жана иш-аракетин роционалдуу уюштура билүүгө үйрөтүү зарыл.

Мекен таануу предметинин мазмунунда адам менен чөйрө, адам менен жаратылыш ажырагыс бир бүтүн система катарында каралат. Анткени жаратылыш – касиеттүү Жер эне, киндик кан тамган жер. Анда туулуп өскөн жерибиздин тоо-ташы, суусу, топурагы, калайык журтубуздун басып өткөн жолу, турмушу бар. Ошондуктан бул предмет жаратылышты элдин турмушу менен кошо окуткан жуурулушкан (интеграцияланган) курс болуп эсептелет. Башкача айтканда, жер менен эл деген түшүнүк чогуу каралат да, эл-жерин сүйгөн инсандардын билимине жана билгичтиктерине коюлган негизги талаптарга жетишүү, тарбиялоо максаты көздөлөт.

Негизги жана предметтик компетентүүлүктөр үч деңгээлде (репродуктивдүү, продуктивдүү, креативдүү) ишке ашырылат. Окуу процессинде окуучунун жетишкендиктерин баалоодо диагностикалык, калыптандыруучу жана жыйынтыктоочу баалоону колдонуу, айрыкча калыптандыруучу баалоо жана кайтарым байланышты сабактын ар бир этаптарында колдонуу билим берүүдө чоң ийгиликтерге жетүүгө шарт түзөт.

Калыптандыруучу баалоо мугалим менен окуучунун ортосундагы натыйжалуу кайтарым байланышты камсыз кылат. Мында мугалим ар бир окуучунун окуу материалын өздөштүрүү деңгээли тууралуу объективдүү маалымат алып, алардын билиминдеги кемчилдиктерди өз убагында аныктай алат. Баалоонун бул түрү баланын өнүгүшүндөгү курактык өзгөчөлүктөр менен шайкеш келип, анын билгичтиктери, жетишкендиктери тууралуу толук маалымат берет.

Калыптандыруучу баалоонун ыкмасы болуп кайтарым байланыш, б.а. анын эки: оозеки жана жазуу түрү эсептелинет. Окуу процессинде окуучунун натыйжалуу билим алуусуна өбөлгө түзүүчү багыттоочу суроолор жана түшүндүрмө жазуу ыкмалары сунушталат. Ал эми калыптандыруучу баалоонун техникалары окуучулардын ар бир сабагындагы өсүп-өнүгүүсүн аныктап, андан ары окуучу менен кантип иш алып баруу керектигин айгинелейт. Мугалим булардын жыйынтыгын “Байкоо жүргүзүү журналына” түшүрүү менен, ар бир сабактын этаптарында окуучунун билимин жогорулатуу үстүндө иш алып баруусу сунушталат.

2019-2020-окуу жылында башталгыч класстар үчүн окуу жүктөмдөрү 2018-2019-окуу жылындагыдай калат.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер