20-ФЕВРАЛГА ЧЕЙИН РОССИЯНЫН ЖОЖдорунда КВОТА БОЮНЧА ОКУУ ҮЧҮН ДОКУМЕНТТЕР КАБЫЛ АЛЫНАТ
- 19.01.2023
- 0
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылына Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн документтерди кабыл алуу жүрүп жаткандыгын маалымдайт.
Россия Федерациясынын Өкмөтү тарабынан белгиленген квотага ылайык, окутуу федералдык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен каржыланат.
Документтер 2023-жылдын 20-февралына чейин https://education-in-russia.com/ сайты аркылуу кабыл алынат.
Кененирээк маалымат — https://uchebarf.kg/
Бөлүшүү
Комментарийлер