№2 МЕКТЕПТЕ ЧЫГЫШ ЖАҢЫ ЖЫЛЫ

  • 31.01.2019
  • 0

Бишкек шаарындагы №2 орто мектебинин кытай тилин окуган окуучулары чыгыш календары боюнча Жаңы жылды тосушту.

№2 МЕКТЕПТЕ ЧЫГЫШ ЖАҢЫ ЖЫЛЫ

Мектепте атайын салтанаттуу кече өтүп, окуучулар кытай тилинде ыр ырдап, бийлешип, Жаңы жылды тосуу боюнча кытай эл жомогун сахналаштырышты. Иш-чара алгач мектеп окуучуларынын спорттун  кулатуу түрү боюнча көрсөтмөлүү мелдеши менен башталды.  Андан соң конфуций классында ачык сабак өтүлүп, келген коноктор мектептин музейи менен таанышышты.

№2 МЕКТЕПТЕ ЧЫГЫШ ЖАҢЫ ЖЫЛЫ

Бул мектепте кытай тили алты жылдан бери окутулуп келет. Учурда 3-класстан 11-класска чейин 350 ашык окуучу бул тилди акысыз үйрөнүүдө.

  • Биздин мектепте көп тилдүү билим берүүнү колго алганбыз. Кытай тилинен сырткары кыргыз, орус, англис, немец, корей тилдери да окутулат. Биз, балдар канчалык көп тил билсе ошончолук билимдүү, маданияттуу жана жан дүйнөсү бай адам болот деп эсептебиз. Ошондуктан аларга тил үйрөнүүгө жогорку шарттарды түзүп берип жатабыз. Ийгилигибиз жаман эмес. Заманбап техникалар менен жабдылган Конфуций классыбыз бар. Учурда отузга жакын бүтүрүүчүбүз Кытайдын жогорку окуу жайларында билим алып жатышат, — дейт мектептин директору Маразыкова Чынара.

Мектептин 11-классынын окуучусу Жакышылыкова Жасмин Кытайдын алдыңкы жогорку окуу жайынан билим алуу максатына жетүү үчүн кытай тилин 5-класстан бери окуп келет. Жакында эле  HSK сынагынын 5-деңгээлин тапшырды.

  • Кытай тилин 5-класстан баштап окуп баштагам. Мугалимибиздин кетип калгандыгына байланыштуу окубай таштап салгам. 9-класстан баштап бул тилге болгон кызыгуум артып, кайра окуп баштагам. Тил үйрөнүүдө эң башкысы кызыгуу анан каалоо керек экен.   Сынактарга көп катыштым, Бишкектин мектептери боюнча 2-орунду алгам. Эркин темада сүйлөө боюнча эң жакшы деп таанылып, республикада биринчи орунду алгам, — дейт Жасмин.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер