19-СЕНТЯБРЬ — КЫРГЫЗСТАНДА АЗА КҮТҮҮ КҮНҮ

  • 19.09.2022
  • 0

19-сентябрь – Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул күнү өлкөдө, чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызстандын туусу ылдый түшүрүлүп, маданий жайларда, маалымат каражаттарында оюн-зоок иш-чаралары, көңүл ачуучу берүүлөр токтотулду.

Саламаттык сактоо министрлигинин 19-сентябрдын эртең мененки саат 09.00го билдирген маалыматы боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жарадар болгондордун жалпы саны 163 болгон, 19-сентябрга караган түнү дагы 19 адам ооруканаларга кайрылып, 12си амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Буга чейинки алынган маалыматтарга ылайык, чек арадагы соңку куралдуу кагылышта 50дөн ашык адам мерт болгону айтылууда. Тажиктердин куралдуу кол салуусунан улам чек арадагы кыргыз айылдарынан 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү.

Бөлүшүү

Комментарийлер