МЕКТЕП-ЛИЦЕЙДЕГИ «МАНАС» ЭПОСУНУН МАЙРАМЫ

  • 04.12.2023
  • 0

4-декабрда  Профессор А.Молдокулов атындагы УИТМЛде «Манас» эпосунун күнү өзгөчө белгиленди.

МЕКТЕП-ЛИЦЕЙДЕГИ "МАНАС" ЭПОСУНУН МАЙРАМЫ

Иш-чара таң эрте, сабак башталардын алдында, «МАНАС!» деп ураан чакырылып, мектеп-лицейибиздин жаш манасчыларынын манас айтуусу менен башталды. Кыргыз элинин улуттук сыймыгы, көөнөрбөс байлыгы болгон “Манас” эпосунун күнүнө карата мектеп-лицейибиздин жыйындар залында чакан майрамдык иш-чара уютурулду. Манас эпосун сактоо жана жайылтуу менен келечек муунга татыктуу тарбия берип, Манас таанууну өнүктүрүүгө зор салым кошуп келгендиги үчүн мектептеги “Манас” ийриминин  жетекчиси Асаналы уулу Калилге мектеп администрациясы тарабынан ыраазычылык кат берилди.
Бул күнү 5-класстар менен 8-класстардын арасында “ Манас” эпосунун күнүнө карата дубал газеталар конкурсу  да өткөрүлдү.

Нурмира ТАБАЛДИЕВА, Бишкек шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер