ЭЛДИК БИЙ – ТҮГӨНГҮС ӨМҮР БЕРҮҮЧҮ БУЛАК

  • 28.03.2023
  • 0

 

Билим берүү жана илим министрлиги, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борбору менен биргеликте «Элдик бий менен балдарга эстетикалык тарбия берүү» хореография боюнча педагог-хореографтардын квалификациясын жогорулатуу курсун  2023-жылдын 22-мартынан 31-мартына чейин өткөрүүдө.

ЭЛДИК БИЙ – ТҮГӨНГҮС ӨМҮР БЕРҮҮЧҮ БУЛАК

Аталган курска республикадагы мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын бий ийримдеринин мугалимдери катышып жатат.

— Элдик бий улуттук кулк-мүнөздүн өзгөчөлүктөрүн чагылдырып, элдин турмуш-тиричилигинин ар кыл жактарын көрсөтүп, ошондой эле адамдын денесинин жана рухунун сулуулугун, сезимдерин эстетикалык жактан чагылдырат. Ал инсандын ар тараптуу, эстетикалык жана гармониялуу өнүгүшүнө зор таасирин тийгизип, көркөм өнөр аркылуу балдардын жана өспүрүмдөрдүн эстетикалык тарбиясын калыптандырат жана жаш муундарга улуттук, патриоттук тарбия берүүнүн каражаттарынын бири болуп саналат. Элдик бий – улуттук маданий мурастарды азыктандырып турган жана түгөнгүс өмүр берүүчү булак, — дейт борбордун директорунун милдетин аткаруучу Ира Балтагулова.

ЭЛДИК БИЙ – ТҮГӨНГҮС ӨМҮР БЕРҮҮЧҮ БУЛАК

Бий мугалимдери дүйнө элдеринин бийлерин коюуну үйрөтөт (кыргыз, индия, поляк, орус жана заманбап). Мугалимдер өздөрүнүн ыкмалары аркылуу, чеберчиликтери менен бөлүшүп, балдарга тарбия берүүдө маданияттын көп түрдүүлүгүн, элдик маданий мурастар аркылуу айтып, көрсөтүп беришүүдө. Бул курсту Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек“ улуттук борборунун жогорку билимдүү педагогдору, т.а. С.Латыпова, А.Акыбаева, А.Асангазиева, И.П.Соломко, Л.А.Мельникова, А.Киргизбаев, Г.Шамыралиева, А.Бактыбекова, А.Файзулина, Ч.Батырканова, Т.Токтосуновдор  өткөрүп жатышат.

ЭЛДИК БИЙ – ТҮГӨНГҮС ӨМҮР БЕРҮҮЧҮ БУЛАК

Курстун программасы практикалык, лекциялык сабактарды жана тренингдерди камтыйт.
Мастер-класстын ар бир катышуучусуна Билим берүү жана илим министрлигинин, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борбору менен биргеликте өткөргөндүгүн тастыктаган сертификат тапшырылат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер