МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН АЙЛЫГЫ БОЮНЧА ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ИШ-ЧАРА ӨТҮП ЖАТАТ

  • 18.01.2023
  • 0

Бүгүн, Кыргыз улуттук драм театрында 23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланган айлыктын иш чаралар планынын аткарылышы боюнча салтанаттуу иш-чара өтүп жатат.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН АЙЛЫГЫ БОЮНЧА ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ИШ-ЧАРА ӨТҮП ЖАТАТ
Иш-чаранын максаты 2022-жылы 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланган айлыктын жыйынтыгын чыгаруу.

Салтанаттуу иш-чаранын ачылышында кыргыз тилин даңазалаган театрлаштырылган кичи спектакль көргөзүлүп, маданият кызматерлеринин ыр бийлери менен коштолду жана жарыяланган айлыктын алкагында аткарылган иштер тууралуу видеомаалымат берилип, фотокөргөзмө уюштурулуп, баяндамалар жасалды.

Иш-чарада Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов сөз сүйлөп, кыргыз тилин келечек муунга жаштайынан басым жасап үйрөтүү керек деп баса белгиледи.
— Өткөн жыл кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн жемиштүү жылдардан болду. Кыргыз тилин өнүктүрүү алкагында бир айлык жарыяланып көптөгөн жакшы иш-чаралар өткөрүлдү. Бардык кыргыз тилине салым кошуп жаткан инсандарга, мугалимдерге, билим берүү кызматкерлерине ыраазычылык билдирем,-деди.
Ошону менен катар билим ээлерине, агартуу тармагына салым кошкон инсандарга, билим берүү кызматкерлерине министрликтин сыйлыктары тапшырылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер