РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ТАЛАПТАРЫ ЖАНА ЭРЕЖЕЛЕРИ

  • 13.01.2023
  • 0

РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ТАЛАПТАРЫ ЖАНА ЭРЕЖЕЛЕРИ

Окуучулардын республикалык олимпиадасынын райондук этабы 19-20-январда өтөт. Төмөндө билим жарышынын уюштуруучулары үчүн Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген талаптар жана эрежелердин нускамасын сунуштадык.  

Урматтуу олимпиаданын райондук турунун уюштуруучулары!

  1. Олимпиаданын биринчи турун өткөрүү үчүн 2023-жылдын 19-январында эртең мененки саат жетиде сиздерге ББОУБдан олимпиаданын катышуучуларына кыргыз жана орус тилдеринде даярдалган бардык дептерлердин электрондук версиялары (PDF) жиберилет. Компьютерлерде PDF программасы алдын ала орнотулушу же болушу керек.

Олимпиаданын биринчи туру башталганга чейин (эртең мененки саат 10:00гө чейин), бир күндүн ичинде принтериңизден/принтерлериңизден олимпиаданын катышуучуларынын санына жараша дептерлерди басып чыгарып алып, алардын ар биринин сол кырын эки ирет степлер менен дептер сыяктуу кылып бекитип алышыңыз керек. Олимпиаданын башталышына чейин дептерлердин баары сейфте сакталууга тийиш.

19-январда олимпиада башталганга чейин, саат 10:00гө чейин, мурда катышуучу тарабынан билдирилген окуу тилине ылайык, ар бир катышуучуга кыргыз же орус тилинде жеке дептер таратылышы керек.

Олимпиаданын биринчи күнүндө англис тили боюнча гана дептерлер берилбейт, анткени биринчи күнү оозеки тур өткөрүлүп, катышуучуларга өздөрүнүн жоопторун даярдоого черновиктер гана керектелет.

Техникалык тапшырмага ылайык, төмөндөгү предметтер боюнча дептерлер жиберилет:

  • окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин окуучулары үчүн кыргыз тили жана адабияты;
  • окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин окуучулары үчүн кыргыз тили жана адабияты;
  • окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин окуучулары үчүн орус тили жана адабияты;
  • окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин окуучулары үчүн орус тили жана адабияты;
  • тарых;
  • география;
  • информатика;
  • предмет базалык жана тереңдетилип окутулган мектептер үчүн биология;
  • предмет базалык жана тереңдетилип окутулган мектептер үчүн химия;
  • предмет базалык жана тереңдетилип окутулган мектептер үчүн математика;
  • предмет базалык жана тереңдетилип окутулган мектептер үчүн физика.

Предмет базалык түрдө окутулган мектептерден келген катышуучулар жана тереңдетилип окутулган мектептерден келген катышуучулар үчүн бирдей дептерлер таратылат. Бирок катышуучулар өз категорияларында атаандашышат: базалыктар базалыктар менен, тереңдетилгендер тереңдетилгендер менен жарышат.

  1. 19-январда саат 14:00гө чейин (олимпиаданын аякташына чейин) ББОУБдан электрондук түрдө (PDF форматында) төмөндөгүлөрдү аласыз:
  • катышуучулар үчүн стендде илине турган предметтер боюнча “ачкычтарды” жана тапшырмалардын чыгарылыштарын;
  • бардык жюри мүчөлөрү үчүн жалпы нускамаларды;
  • жюри үчүн ар бир предмет боюнча нускамаларды;
  • жюри мүчөлөрү тарабынан толтурула турган протоколдорду.

Бул материалдардын баарын керектүү санда принтер аркылуу чыгарып алышыңыз керек:

  • Жюри үчүн нускамалар жана “ачкычтар” эффективдүү иштөөгө керектеле турган санда басып чыгарылышы зарыл.
  • Олимпиаданын катышуучулары үчүн сиз стендге иле турган ачкычтар жана чыгарылыштар кыргыз жана орус тилдеринде 1-2 экземплярда басып чыгарылат.

Бардык катышуучулар өз иштерин тапшыргандан КИЙИН ГАНА бул материалдарды жюри мүчөлөрүнө бере аласыз жана стендге иле аласыз.

  1. Ошондой эле 20-январда эртең мененки саат жетиде ББОУБдан олимпиаданын экинчи туру үчүн дептерлердин электрондук версияларын (PDF) аласыз. Ар бир предмет боюнча дептерлердин керектүү санын принтерден басып алып, олимпиаданын экинчи турунун башталышына, саат 10:00гө чейин (20-январь), өзүңүздүн сейфиңизге бекитип коюшуңуз керек. Дептерлерди экинчи тур башталарда гана сейфтен чыгарып, катышуучуларга таратып берүү кажет.

Экинчи тур үчүн төмөнкү предметтер боюнча дептерлер жиберилет:

  • окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин окуучулары үчүн кыргыз тили жана адабияты;
  • окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин окуучулары үчүн кыргыз тили жана адабияты;
  • окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин окуучулары үчүн орус тили жана адабияты;
  • окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин окуучулары үчүн орус тили жана адабияты;
  • тарых;
  • география;
  • информатика;
  • предмет базалык жана тереңдетилип окутулган мектептер үчүн биология;
  • предмет базалык жана тереңдетилип окутулган мектептер үчүн химия (дептер кыргыз тилинде да, орус тилинде да тапшырмаларды камтыйт);
  • предмет базалык жана тереңдетилип окутулган мектептер үчүн математика;
  • предмет базалык жана тереңдетилип окутулган мектептер үчүн физика;
  • предмет базалык жана тереңдетилип окутулган мектептер үчүн англис тили.
  1. 20-январда саат 14:00гө чейин олимпиада бүтөрүнө аз убакыт калганда, сизге ББОУБдан жюрилер жана стендге илүү үчүн электрондук түрдө (PDF) материалдар жиберилет. Аларды да принтерде басып чыгарып, катышуучулар олимпиаданын тапшырмаларын аткарып бүткөнчө сейфте сактоо зарыл. Бул убакытка чейин бардык материалдар жашыруун деп саналат. Материалдардын тизмеси – олимпиаданын биринчи күнүндөгүдөй.

 

 Уюштуруучулар үчүн эскертүүлөр:

 АНГЛИС ТИЛИ БОЮНЧА

Угуп түшүнүү жана оозеки кеп боюнча олимпиаданын турун өткөрүү үчүн төмөнкү жабдуулар керектелет:

  1. Текстти катышуучуларга угузуу үчүн компакт-дисктерге (DVDRom же CDRom) сакталган mp3 форматындагы аудиофайлдарды окуй ала турган  жеке компьютер.
  2. Катышуучулардын оозеки кебин жаздырып алуу үчүн диктофон же ушул сыяктуу жаздырып алуучу каражаттар.

ИНФОРМАТИКА БОЮНЧА

  1. Жалпы жоболор

Информатика боюнча мектеп окуучуларынын олимпиадасынын II этабы IBM ылайыктуу (кадимки) компьютерлерде жүргүзүлөт.

Төмөнкү алгоритм тилдери гана колдонулат:

1.1) С++ (файлдын кеңейиши .cpp)

1.2) Java (SDK 1.6) (файлдын кеңейиши .java)

1.3) Pascal (файлдын кеңейиши .pas, .dpr)

1.4) Python (файлдын кеңейиши .py)

1.5) C# (файлдын кеңейиши .cs)

  1. Аткарыла турган ишке коюлуучу талаптар жана ишти текшерүү

Олимпиадада катышуучу айтылган тилдердин биринде гана, уюштуруучулар

сунуштаган трансляторлор менен гана иштегенге уруксат берилет. Башка трансляторлорду колдонууга, башка маалымат кармоочудан  бир нерсени компьютерге киргизүүгө жана компьютерден бир нерсени маалымат алып жүрүүчү каражаттардан чыгарууга болбойт.

Программаны которуунун (трансляциялоонун) жана аткаруунун убакыты чектелет.

Маселенин чыгарылышы уруксаты бар тилдердин биринде жазылган программада болот. Ал программа башка файлды же модулду өзүндө кармоого болбойт. Катышуучу ар кандай маселелерди ар түрдүү (сунушталган) тилдерде чыгарууга уруксат берилет.

Маселенин чыгарылышында төмөнкүлөрдү колдонууга болбойт:

— системалык функцияларды жана дисплейдеги киргизүү/чыгаруу функцияларын чакыруу;

— жарым каталогдор (subdirectories) менен иштөө;

— Ассемблер тилинде бөлүмдөрдү киргизүү;

— тармак каражаттарын каалагандай колдонуу;

— олимпиаданы камсыздап жаткан программалык жабдууну буза турган ар кандай каражаттар же иш-аракеттер.

Маселелердин чыгарылышы катышуучуларга жол берилбеген жана баарына бирдей болгон программа аркылуу текшерилет. Тестирлөө автоматтык түрдө жүргүзүлөт, ошондуктан программаны маселенин шартында берилген кирүү жана чыгуу берилиштеринин калыбында (форматында) сактоо керек. Бардык берилиштер көрсөтүлгөн шарттар боюнча так болушу керек.

  1. Олимпиаданы өткөрүү шарты. Олимпиадада катышуучунун жанында инсандыгын тастыктаган кандайдыр бир документ, эки калем, жөнөкөй саат болууга уруксат берилет. Олимпиада катышуучусунун жанында уюлдук телефондор, ар кандай байланыш каражаттары, ар кандай жазуулар болууга болбойт. Черновик берилет.

 

  1. Мындан аркы маалыматolymp.krsu.edu.kg/OlympKyrgyz.aspx

дареги аркылуу берилет.

Жабдуулар

Олимпиаданын катышуучуларынын ар бири төмөндө берилгендерден кем эмес  мүнөздөмөлөргө ээ болгон компьютер менен камсыздалышы керек:

  • Процессор: Intel Core i3төн кем эмес (1.8 GHz)
  • Оперативдик эс тутум: 2 GBтан кем эмес
  • Маалыматты сактоо (хард диск): 100 GBтан кем эмес (HDD)
  • Дисплей 14”дан жана уруксаты 1366×764 пикселден кем эмес
  • Стандарттык чычкан
  • Стандарттык клавиатура

Чыгарылыштарды тестирлөөгө колдонулган аппараттык камсыздоо төмөнкүдөй:

  • Процессор: Intel Xeon E2650 (2.2 ГГц)
  • Оперативдик эс тутум: 12 GB
  • Маалыматты сактоо (хард диск): 100 GBтан кем эмес (HDD), 7200 айланыш (оборот)

Олимпиаданын программалык камсыздоосу

Программаларды түзүү үчүн төмөнкү программалоо тилдерине жол берилет:

  • С++
    Компилятордун опциялары — VC++ 2017
    cl.exe /EHsc /F67108864 /DONLINE_JUDGE /O2 {source}
    Компилятордун опциялары — GNU C++14
    g++.exe -static -DONLINE_JUDGE -lm -s -x c++ -Wl,—stack=268435456 -O2 -std=c++14 -D__USE_MINGW_ANSI_STDIO=0 {source}
  • Java (SDK 1.8)
    Компилятордун жана Java SDK 1.8ди иштете баштоо опциялары
    Java -O {source}
    Java -Xmx512M -Xss64M -DONLINE_JUDGE=true -Duser.language=en -Duser.region=US -Duser.variant=US -jar
  • Pascal
    Free Pascal 2.4.4түн компиляторунун опциялары
    ppcrossx64.exe -O2 {source}
  • Python
    Python 3.4.x тин компиляторунун опциялары
    build_exe.exe {source} -d
  • C#
    C# 6нын компиляторунун опциялары
    csc.exe /platform:x86 /o /d:ONLINE_JUDGE /r: System.Numerics.dll {source}

Олимпиаданын негизги программалоо тилдери катары C++ жана Java саналат. Системага кошулган башка тилдерде программалоо аткарган болсоңуз, чыгарылыштын туура болушуна уюштуруу комитети кепилдик бербейт. Python тилинде программалоо аткарган болсоңуз, кээ бир маселелер үчүн туура чыгарылыш аткарылуу убакыты боюнча өтөрүнө кепилдик берилбейт.
С++ тагы программага төмөнкү китепканаларды кошууга болот: STL (бардык маалыматканалар — vector, algorithm, string ж.б.), assert.h, ctype.h, io.h, iomanip.h, ios.h, iostream.h, istream.h, limits.h, locale.h math.h, memory.h, minmax.h, ostream.h, search.h, stdio.h, stdlib.h, string.h.

Java тилиндеги программалар java.io, java.lang, java.math, java.text, java.util, java.util.regex пакеттеринин бардык класстарын импорттой алат.

Pascal тилиндеги программалар System, Math, SysUtils модулдарын колдоно алат.

Python тилиндеги программалар Pythonдун стандарттык китепканасынан каалагандай импортторду колдоно алат.

C# тилиндеги программалар System, System.Text, System.IO, System.Collections модулдарын колдоно алат.

Жалпы жобо

Республикалык олимпиаданын ар бир этабы 1 же 2 күндө өткөрүлөт (I күн,
II күн). Олимпиаданын жалпы жыйынтыгы болуп эки күндө алынган упайлардын суммасы саналат.

Катышуу

Олимпиадага чейин ар бир катышуучу каттоодон өтүүсү жана уюштуруучулардан анын катышуусуна макулдук алынуусу керек. Олимпиада өткөрүлүп жаткан учурда олимпиада башталардан мурун ар бир катышуучуга системага кириш үчүн логин жана пароль берилет.

Олимпиаданы өткөрүү схемасы

Олимпиадада катышуучуга чыгаруу үчүн 3төн 10го чейин маселе сунуш кылынат. Олимпиаданын өтүшү 3төн 6 саатка чейин созулушу мүмкүн. Эгерде кандайдыр бир күтүлбөгөн окуялар болуп кете турган болсо, калыстар тобу олимпиада убакытын узартканга укугу бар.

Олимпиада башталган учурда катышуучуларга ичинде маселелерди камтыган дептер таратылат. Ал эми алыстан, б.а., онлайн түрүндө өткөрүлө турган турларда Problems баракчасында маселелердин шарттары PDF форматында жайгаштырылат.

Маселенин чыгарылышы деп уруксат берилген программалоо тилдеринин биринде түзүлгөн программа саналат. Программа өзүнө башка файлдарды же модулдарды камтыбашы керек. Катышуучу ар кайсы маселени ар кандай (сунушталгандардын ичинен) программалоо тилинде чыгара алат.
Маселелердин чыгарылышында төмөнкүлөрдү колдонууга тыюу салынат:

  1. Системалык функцияларды жана экрандык киргизүү/чыгаруу функцияларын чакыруу.
  2. Каталогчолор менен иштөө.
  3. Ассемблер тилиндеги кошумча маалыматты киргизүү.
  4. Каалагандай тармактык каражаттарды колдонуу.
  5. Олимпиаданын программалык камсыздоосунун ишин үзгүлтүккө учурата турган ар кандай каражаттар же аракеттер.

Катышуучу маселенин чыгарылышын Submit Solution баракчасы аркылуу жөнөтө алат. Эгерде катышуучу системага өзүнүн атынан (Login) кире элек болсо, анда система колдонуучунун атын жана паролду (катышуучуларга олимпиаданын алдында берилет) жазып кирүүнү талап кылат. Маселенин чыгарылышын жөнөтүүдөн мурун чыгарылуучу маселенин номери жана программалоо тили туура жазылганын текшерүү керек. Маселенин чыгарылышын жөнөткөндөн кийин дароо текшерүүнүн жыйынтыктарын чагылдырган Status Online баракчасы ачылат.

Маселенин чыгарылышы катышуучуларга жеткиликтүү болбогон, бирок бардыгына бирдей болгон тесттер жыйнагында текшерилет. Маселенин чыгарылышы тесттердин бардыгында туура жоопко ылайык болсо, анда ал толук түрдө туура деп эсептелет. Эгерде маселенин чыгарылышы жок дегенде тесттердин биринде туура жоопко ылайык болсо, анда ал жарым-жартылай туура деп эсептелет. Тестирлөө автоматтык түрдө жүрөт, андыктан программаларда ар бир маселенин шартында берилген кирүүчү жана чыгуучу маалыматтардын форматтары так аткарылышы керек. Эгерде өзүнчө бир шарт коюлбаган болсо, анда бардык кирүүчү маалыматтар туура жана маселенин шартында белгиленген бардык чектөөлөрдү канааттандырат деп божомолдонот.

Маселени баалоо принциптери жана эрежелери маселенин шартында берилет. Бир тестке ар бир маселе үчүн максималдуу аткаруу убакыты белгиленет. Катышуучу маселенин чыгарылышы даяр болгондон кийин аны текшерүүгө жөнөтөт. Андан соң кайра башка маселелердин үстүнөн иштөөгө мүмкүнчүлүгү болот. Система жөнөтүлгөн чыгарылышты текшерип бүткөндөн кийин катышуучу экранда чыгып калган тестирлөөнүн жыйынтыктарын көрө алат. Каталар болсо, аларды оңдоп программаны кайра текшерүүгө жөнөтсө болот. Чыгарылыштарды текшерүүгө жөнөтүүдө ар бир маселеге чек коюлушу мүмкүн, ал тууралуу катышуучуларга олимпиаданын алдында маалымат берилет.

Маселенин ар бир чыгарылышы үчүн система тарабынан текшерүү логу түзүлөт. Мында ар бир тест үчүн же тесттер группасы үчүн бардык чечимдер белгиленген.

Тесттердин ар бири үчүн чыгарылыштын текшерүүсүнүн мүмкүн болгон жыйынтыктары.

ЖыйынтыкМааниБолушу мүмкүн болгон себеп
Presentation ErrorЧыгаруу форматын бузуу.Программа чыгуучу маалыматтарды текшере албайт, анткени алардын форматы сүрөттөлгөн же түшүндүрмөдөгү форматка туура келбейт. Чыгаруу форматы туура эмес.
Run-Time ErrorАткаруу катасы.Программа ишин кайтып келүүнүн нөлдүк эмес коду менен жыйынтыктады. Программа C/C++ тилинде ‘return 0’ оператору менен жыйынтыкталбайт. Нөлгө бөлүү. Белгиленбеген эс тутум тилкелерине кайрылуу. Файлдар менен иштөө.
Time Limit ExceededПрограмма маселенин шартында бекитилген убакыт чектөөсүнөн ашып кеткен.Эффективдүү эмес чыгарылыш. Программа кайталанып калган.
Memory Limit ExceededПрограмма маселенин шартында бекитилген эс тутум чектөөсүнөн ашып кеткен.Эффективдүү эмес чыгарылыш.
Output Limit ExceededЧыгуучу маалыматтын көлөмү өтө чоң.Туура эмес чыгарылыш. Программа жыйынтыктарды чыгарууда кайталанып калган.
Wrong AnswerТуура эмес жооп.Чыгаруу алгоритми туура эмес.
AcceptedТест кабыл алынды.Чыгаруу алгоритми туура.

Жөнөтүү үчүн чыгарылыштардын болушу мүмкүн болгон текшерүү жыйынтыктары. Жөнөтүүдө туура эмес программалоо тили белгиленген.

ЖыйынтыкМааниБолушу мүмкүн болгон себеп
ReceivedСистема чыгарылышты кабыл алды жана кабыл алуу убактын каттоого алды (ал убакыт штрафтык убакытты эсептөөдө колдонулат).
CompilingЧыгарылыш компиляцияга жөнөтүлдү.
Compile ErrorКомпиляция катасы.Компиляциянын натыйжасында аткарылуучу файл жаратылган эмес.

Программада синтаксистик ката бар.

Security ViolationПрограммада тыюу салынган амал аткарылган.Мындай жыйынтык катышуучуну олимпиададан четтетүүгө себеп боло алат.
AcceptedЧыгарылыш кабыл алынды.Чыгаруу алгоритми туура.
Partial SolutionЧыгарылыш жарым-жартылай кабыл алынды.Программа тесттердин кээ биринде туура эмес чыгарылышка ээ экендиги билинген. Чыгаруу алгоритми жарым-жартылай туура.
RejectedЧыгарылыш кабыл алынган жок.Программа тесттердин бардыгында туура эмес чыгарылышка ээ экендиги билинген.

Бардык тесттер бирдей эле окшош, бирок татаалдыгы боюнча өсүү тартибинде аткарылат. Эгерде система «Номер 1-тестте чыгаруу форматын бузууну» каттаган болсо, анда катышуучу маселени чыгардым деп божомолдосо болот, бирок ал чыгарылышты текшерүүгө башка маселенин ордуна жөнөтүп койгон болот.

Эң көп упай алган катышуучу таблицанын жогорку сабында жайгаштырылат. Жыйынтыктар таблицасынын мисалы төмөндө берилген:
Орун   Катышуучу    A         B          C         D         Упайлар           Маселелер

1          Катышуучу 10 100      100      100      100      400        4

2          Катышуучу 11 100      0          100      100      300        3

3          Катышуучу 2   100      50        50        100      300        2

4          Катышуучу 1   100      50        30        70         250        1

4          Катышуучу 5   50        100      30        70        230        1

6          Катышуучу 6   50        50        50        0          200        0

Мында A, B, C жана D – маселелердин аталыштары; «Маселелер» – толук чыгарылган маселелердин саны; «Упайлар» – упайлардын же аракеттердин саны;  «0» – маселе кабыл алынган жок. Олимпиада учурунда катышуучулар ЖАЛГЫЗ ГАНА олимпиаданын уюштуруу комитети менен сүйлөшө алышат. Олимпиаданын эрежелерин бузган катышуучу олимпиададан четтетилиши мүмкүн. Калыстар тобуна болгон суроолорду олимпиада учурунда система ичинде берүүгө мүмкүн.

Олимпиада системасынын менюсунун пункттарынын түшүндүрмөсү:

Олимпиада эл аралык мүнөзгө ээ болгондугун эске алуу менен, системдик маалыматтын бардыгы англис тилинде берилген. Менюнун пункттары:

  • Problems: олимпиада башталгандан соң маселелерди көрүү мүмкүнчүлүгү. Маселелер орус жана кыргыз тилдеринде берилген.
  • Standings: катышуучулардын учурдагы абалынын таблицасы.
  • Submit Solution: маселенин чыгарылышын текшерүүгө жөнөтүү.
  • Print Solution: маселенин чыгарылыш кодун принтерге жөнөтүү (мүмкүнчүлүгү бар болгондорго).
  • Status Online: маселелердин чыгарылыштарынын жөнөтүлүшүнүн жана текшерүүнүн жыйынтыктарынын учурдагы таблицасы.
  • Ask Question: катышуучулар тарабынан калыстар тобуна болгон индивидуалдык суроолорду олимпиада учурунда система ичинде берүүгө мүмкүнчүлүк.
  • View Answers: берилген суроолорго формалдаштырылган жана кыска жоопторду көрүү мүмкүнчүлүгү.

 

КЫРГЫЗ КЛАССТАРЫ ЖАНА ОРУС КЛАССТАРЫ ҮЧҮН

КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ БОЮНЧА 

 Олимпиада тапшырмаларын аткарууда окуучулар сабактарда калыптандырылган жөндөмдөр менен көндүмдөрдү көрсөтүүгө тийиш, бирок олимпиада тапшырмалары – бул татаалдыктын жогорку деңгээлиндеги тапшырмалар.

Окуучулардын кыргыз тили жана кыргыз адабияты боюнча олимпиадасынын райондук этабы эки күндө өткөрүлөт.

1-күн. Биринчи күндүн тапшырмаларын аткарууга 2 саат берилет. Окуучуларга сунуш кылынган тапшырмалар тил илиминин бардык бөлүмдөрүн чагылдырат жана окуучулардын жөн гана билимге түз жетүүсүнө эмес, билимин чыгармачылык менен колдонуусуна жана сабактарда калыптандырылган (лексика, грамматика, пунктуация, окуу жана түшүнүү ж.б.у.с. боюнча) жөндөмдөрдү көрсөтүп берүүсүнө багытталган. Олимпиада үчүн төмөнкү типтердеги түрдүү тапшырмалар сунуш кылынышы мүмкүн:

  • контекстке жараша синоним жана антонимдердин тандалышы;
  • иретке келтирүү (бири-биринен ажыратылган сүйлөмдөрдөн же абзацтардан ырааттуу текст түзүү; чаржайыт түрдө берилген окуялардын иретин калыбына келтирүү);
  • текстте калтырылган бош жерлерди түрдүү сөз түркүмдөрү менен толуктоо;
  • трансформация, өзгөртүү, алмаштыруу;
  • сүйлөмдөрдү толуктоо (жетишпеген компонентти табуу);
  • жабык жана ачык типтеги суроолорго жооп берүү (кыска жана кеңири);
  • бир тил ичинде өзгөртүп кайра айтуу;
  • окулган тексттин стилин негиздеп түшүндүрүү;
  • жалпы текстти жана анын айрым бөлүктөрүн окуп түшүнүү, тексттин мааниси боюнча берилген суроолордун туура жоопторун таба билүү;
  • тыныш белгилерин туура коё билүү;
  • сөздөргө мүчөлөрдү туура жалгай билүү;
  • сөздөрдүн сүйлөм ичинде аткарган кызматын аныктай билүү;
  • сүйлөмдөрдү адабий тилдин нормасына ылайык түзө билүү ж.б.у.с.

2-күн. Көркөм текст менен иштөө: пикир-дил баян жазуу. Текст менен иштөөгө
3 саат берилет.  Окуучуларга адабий текст жана ага карата кошумча бир нече суроо берилет.

Текст менен иштөөдө эмнелерге көңүл буруу керек:

  • берилген суроого так жана толук жооп берүү;
  • синтаксистик синонимия жолу менен текстте айтылгандарды кайра кайталабоо;
  • тексттен мисал келтирүү менен өз оюн далилдеп берүү;
  • адабият теориясында кездешүүчү түшүнүктөрдү көрсөтүп берүү;
  • көркөм сөз каражаттарынын текстте аткарган кызматын түшүндүрүп берүү ж.б.у.с.

Тил жагынан окуучу:

  • бай сөз запасын;
  • грамматикалык конструкцияларды түрдүүчө колдоно билүү жөндөмдүүлүгүн;
  • теориялык-адабий түшүнүктөргө (троп жана стилистикалык фигуралардын аттарына) ээ экенин  ж.б.у.с. көрсөтөт.

Олимпиада тапшырмаларынын аткарылышынын башкы критерийи – өз алдынчалык.

Олимпиадада телефон чалууларга жана социалдык тармактардагы коммуникацияга, олимпиада катышуучулары тарабынан тапшырмалардын талкууланышына жана орток аткарылышына тыюу салынат. Бул шарттар бузулганда, окуучу олимпиада катышуучуларынын курамынан чыгарылат.

Тапшырмаларды орток аткаруу же көчүрүү фактылары байкалган иштер, аткарылган тапшырмалардын сапаты жана санына карабастан, «0» деген упай менен бааланат.

Эгер иш кайра айтылган же көп бөлүгү кайра көчүрүлгөн комментарийсиз баштапкы тексттен гана турса, анда ал иш нөл упай менен бааланат.

 

ХИМИЯ БОЮНЧА

 Химия боюнча мектеп окуучуларынын олимпиадасынын райондук баскычы эки бѳлүмдѳн турат:

  • Практикалык тур: практикалык тапшырма
  • Теориялык тур: тест, теориялык маселе

Практикалык тур

Практикалык тур олимпиаданын биринчи күнү ѳткѳрүлѳт. Практикалык турдун узактыгы – 120 мүнѳт. Практикалык тур башталганга чейинки олимпиаданын катышуучуларына администратордун түшүндүрмөлөрү жалпы убакыттын регламентине кирбейт.

Олимпиаданын катышуучуларына керектүү маалымдама материалдары жана бир практикалык тапшырманы аткаруу үчүн деталдуу нускамасы бар жеке дептер берилет.  Олимпиаданын катышуучулары чыгарылыштарды жана жоопторду дароо дептерге  жазышат. Практикалык турдун жалпы суммалык упайы – 35 упай.

 Теориялык тур

Химия боюнча теориялык тур олимпиаданын экинчи күнү ѳткѳрүлѳт.  Теориялык турдун узактыгы – 180 мүнѳт.   Теориялык тур башталганга чейинки олимпиаданын катышуучуларына администратордун түшүндүрмөлөрү жалпы убакыттын регламентине кирбейт.

Олимпиаданын катышуучуларына жеке дептер берилет, алардын ичинде:

1) керектүү маалымдама материалдар;

2) тест тапшырмалары – жооптордун 4 варианты менен (алардын бири туура болот) 20 суроо;

3) бир теориялык маселе.

Олимпиаданын катышуучулары чыгарылыштарды жана жоопторду жеке дептерге түшүрүшѳт.

Теориялык турдун максималдуу упайы – 65 упай.

 Химия боюнча окуучулардын олимпиадасынын II (райондук) баскычынын жалпы максималдуу упайы – 100.

Практикалык жана теориялык турда олимпиаданын катышуучуларынын жанында сѳзсүз түрдѳ тѳмѳнкүлѳр болушу керек: 

  • ак халат;
  • кѳк сыялуу жана дептерди булгабаган калем;
  • программалык эмес калькулятор.

 Эскертүү: олимпиаданын практикалык да, теориялык да турун ѳткѳрүүдѳ

катышуучуларга  кошумча материалдарды (окуу-методикалык адабияттарды, уюлдук байланыш каражаттарын, программалык калькуляторду, компьютерди, башка электрондук жабдууларды) колдонууга УРУКСАТ БЕРИЛБЕЙТ. Тапшырмаларды талкуулоого жана аларды биргелешип аткарууга, уюлдук байланыш каражаттарын (сыртка чыгып-келүү учурунда да) колдонууга ТЫЮУ САЛЫНАТ. Бул шарттар бузулган учурда окуучу олимпиада катышуучуларынын курамынан чыгарылат.

 

МАТЕМАТИКА БОЮНЧА

Математика боюнча республикалык олимпиаданын райондук этабы эки тур менен өткөрүлөт. Биринчи тур 3 саатка созулат.

Олимпиаданын биринчи турунда ар бир катышуучу кыргыз жана орус тилдеринде 21 эсепти камтыган жеке дептерди алат. Олимпиадалык ишти бул тилдердин кайсынысында аткарышын катышуучу өзү тандап алат. Катышуучу ар бир эсепти чыгарып, кыска туура жоопту бул үчүн атайын белгиленген жерге жазышы керек.

Эсептерди чыгаруу үчүн ар бир катышуучуга черновик берилет, мындагы жазуулар упайларды соңку эсептөөдө көңүлгө алынбайт. Бирок черновикти  тапшыруу керек. Эгерде текшерүү учурунда чыгарылыштар камтылган черновик жок болсо, жеке дептердеги туура жооптор эсепке алынбайт.

Ар бир туура чыгарылган эсеп бир упай менен бааланат.

Экинчи тур 4 саатка созулат.

Олимпиаданын экинчи күнүндө 3 эсеп камтылган жеке дептер берилет. Бул эсептердин ар бири 7 упай менен бааланат. Бул эсептердин бардыгынын чыгарылышы майда-чүйдөсүнө чейин жазылган жана кеңири жоопторду талап кылат. Алдын-ала чыгарылыштар үчүн ар бир катышуучуга черновик берилет. Черновиктеги жазуулар упайларды соңку эсептөөдө эсепке алынбайт.

Экинчи турдун эсептерин чыгаруу боюнча аппеляция белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

Олимпиада учурунда катышуучуларга төмөндөгүдөй тыюулар салынат:

  • өчүрүлгөн болсо да, жанына кандайдыр бир байланыш каражаттарын; электрондук эсептөө түзүлүштөрү; маалымдама колдонмолору, окуу китептери, конспектилер ж.б.у.с. алууга;
  • ордун алмаштыруу, сүйлөшүү, түрдүү материалдар же буюмдар менен алмашууга;
  • олимпиада өткөрүлүп жаткан аудиториядан олимпиадалык материалдарды чыгарууга;
  • олимпиада катышуучусу жөнүндө маалыматтарды, чыгарылышка же жоопко тиешеси жок башка жазууларды өз иштеринде, черновиктерде жайгаштырууга;
  • бөлүнгөн убакыт бүткөндөн кийин, тапшырмаларды аткарууну улантууга;
  • катышуучу ишин мөөнөтүнөн мурда бүтүрсө да, тапшырманын аткарылышына бөлүнгөн убакыттын бүтүшүнө чейин аудиториядан чыгууга.

Керектүү учурда олимпиаданын катышуучусуна аудиториядан администратор менен бирге чыгууга мүмкүнчүлүк берилет. Мында ал олимпиада материалдарын администратордун үстөлүнө калтырышы керек.

 

АНГЛИС ТИЛИ БОЮНЧА

Райондук олимпиада эки тур менен эки күндө өткөрүлөт.

Биринчи тур (1-күн) сунуш кылынган темалар боюнча оозеки айтып берүүдөн (10-15 сүйлөм) жана калыстар тобу тарабынан берилген 2 суроого жооп берүүдөн турат.

Аткаруу мөөнөтү:

Даярдануу үчүн – 1,5 мүн.

Айтып берүү жана суроолорго жооп берүү үчүн – 7 мүн.

Экинчи тур (2-күн) төмөндөгүдөй тапшырмалардан турат:

  1. Угуу жана түшүнүү:

Текстти эки жолу угуу жана ага карата берилген тапшырмаларды аткаруу (5 суроо).

Аткаруу мөөнөтү: 15 мүн.

  1. Лексика-грамматикалык тест (35 суроо):

Аткаруу мөөнөтү: 70 мүн.

  1. Окуу жана түшүнүү:

Тааныш эмес текстти сөздүктү колдонбой окуу

Ага карата берилген 10 суроого жооп берүү

Аткаруу мөөнөтү: 35 мүн.

Олимпиаданын катышуучусуна эскертүүлөр

  1. Олимпиаданын катышуучусу олимпиадага кечикпей келүүсү керек.
  2. Олимпиаданын катышуучусунун жанында көк түстөгү калем болушу керек (карандаш колдонууга болбойт).
  3. Эгер олимпиада учурунда кандайдыр бир суроолор пайда болсо, кол көтөрүп администраторго кайрылуу керек.
  4. Тапшырмаларды аткарып жатканда сүйлөшкөнгө, ар кандай көрсөтмө куралдарын, уюлдук телефонду, шпаргалка ж.б.у.с. колдонууга болбойт.
  5. Бардык тапшырмаларды аткарып бүткөн соң, олимпиаданын катышуучусу колун көтөрүп, аткарган ишин администраторго тапшырышы керек.

 

ПО РУССКОМУ ЯЗЫКУ И ЛИТЕРАТУРЕ

 Первый тур (1 день) олимпиады включает задания по русскому языку.

На задания отводится 2 часа. Каждый тип задания оценивается определённым количеством баллов.

Главный критерий выполнения олимпиадных заданий – самостоятельность. Все задания выполняются в специальной тетради в отведённых для ответов местах ручкой               с синей пастой.

Наличие у участников дополнительного материала (текстов художественной литературы, словарей разных видов, учебно-методической литературы, средств мобильной связи, компьютера и т.д.) НЕ допускается. Запрещены использование мобильной связи (в том числе и во время выхода в уборную), обсуждение и совместное выполнение заданий участниками олимпиады. В случае нарушения этих условий школьник исключается из состава участников олимпиады.

Работы, в которых будут обнаружены факты совместного выполнения заданий или списывания, оцениваются нулём баллов, независимо от качества и количества выполненных заданий.

Языковые задания, предлагаемые участникам, направлены на творческое применение знаний и демонстрацию сформированных на уроках компетентностей           по лексике, грамматике, пунктуации, чтению и пониманию текста.

Сжатое изложение текста. Для написания сжатого изложения текста участникам предлагаются литературные тексты.

Написанное краткое (сжатое) изложение должно представлять собой цельный, связный, завершённый текст. Хорошей считается работа, если участник

  • пишет связный текст, используя при этом ответы на вопросы, сформулированные ранее;
  • выражает своё отношение к событиям, предметам, героям, явлениям, представленным в исходных текстах.

Участник демонстрирует

  • богатый словарный запас;
  • разнообразный арсенал грамматических конструкций.

Если изложение представляет собой только пересказанный или во многом переписанный исходный текст без комментариев, то оно оценивается нулём баллов.

Второй тур (2 день) олимпиады включает задания по литературе.

На задания отводится 3 часа. Каждый тип задания оценивается определённым количеством баллов.

Главный критерий выполнения олимпиадных заданий – самостоятельность. Все задания выполняются в специальной тетради в отведённых для ответов местах ручкой                с синей пастой.

Наличие у участников дополнительного материала (текстов художественной литературы, словарей разных видов, учебно-методической литературы, средств мобильной связи, компьютера и т.д.) НЕ допускается. Запрещены использование мобильной связи (в том числе и во время выхода в уборную), обсуждение и совместное выполнение заданий участниками олимпиады. В случае нарушения этих условий школьник исключается из состава участников олимпиады.

Работы, в которых будут обнаружены факты совместного выполнения заданий или списывания, оцениваются нулём баллов, независимо от качества и количества выполненных заданий.

Сочинение-отзыв о литературном произведении. Для работы участникам предлагается литературный текст и вопросы к нему.

Хорошей считается работа, если участник демонстрирует

  • богатый словарный запас;
  • использование разнообразных грамматических конструкций;
  • умение выдерживать композиционную последовательность текста;
  • грамотность письменной речи по орфографии, пунктуации, стилистике.

Если в ответах представлен только пересказанный или во многом переписанный исходный текст без комментариев, то работа оценивается нулём баллов.

 

ТАРЫХ БОЮНЧА

Олимпиаданын бардык тапшырмалары «Дүйнөлүк тарых» жана «Кыргызстандын тарыхы» боюнча негизги жалпы билим берүү программасынын негизинде түзүлдү.

Тарых боюнча райондук олимпиада эки этап менен эки күндө өткөрүлөт.

Олимпиаданын биринчи туру – практикалык тур.

Аткаруу убактысы – 3 саат.

Биринчи турдун тапшырмасы – тарыхый темадагы текстти окуу жана түшүнүү.

Тапшырманын жоопторун баалоодо калыстар тобу төмөнкү критерийлерге таянат:

1) текстке карата берилген суроолорго аргументтештирилген жооптордун болушуна;

2) текстти түшүнүүдө жана аны кабыл алууда чыгармачыл мүнөздөгү мамиленин болушуна;

3) текстте берилген тарыхый фактылардын жана терминдердин сабаттуу колдонулушуна;

4) аткарылган иштин негизги жоболорунун тактыгына жана далилдүүлүгүнө.

Экинчи тур – теориялык тур.

Аткаруу убактысы – 3 саат.

Экинчи турда катышуучуларды төмөндөгүдөй тапшырмалар күтөт:

  • эки катарда берилген маалыматтардын түзүү принцибин аныктоо үчүн салыштырууга берилген суроолор (эмне үчүн берилген объекттер, окуялар же инсандар салыштырылган же карама-каршы коюлган);
  • хронологиялык тартипти салыштырууга берилген суроолор (катышуучуга бир нече окуяларды хронологиялык тартипке келтирүү сунушталат);
  • иллюстрациялар жана карталар менен иштөө.

 

ФИЗИКА БОЮНЧА

 Олимпиада эки тур менен өткөрүлөт: изилдөө туру жана теоретикалык тур.

1-күн – изилдөө туру.

Катышуучуларга 4 изилдөө тапшырмасын камтыган кыргыз жана орус тилдеринде жеке дептер сунушталат.

Тапшырманы аткарууга тыныгуусуз 4 саат убакыт берилет.

  • Ар бир тапшырма маалымат бөлүгүн, шарт жана суроолорду камтыйт.
  • Сунушталган тапшырмаларда физиканын закондору жана методдорунун негизинде логикалык корутунду чыгаруу жана математикалык аракеттердин жардамы менен чыгарыла турган маселе камтылат.
  • Катышуучу анын изилдөө объектиси эмне экендигин, б.а., өзү жарата албаган же конструкциялай албаган тигил же бул реалдуу чындыктын кубулушун так түшүнүп алуусу зарыл.
  • Катышуучу изилдөө предметин – изилденип жаткан объектинин түзүлүшүн, анын белгилүү касиеттерин алдын ала белгилеген аракеттин шарттуу түрдө обочолонгон механизмдерин аныктай билиши керек.
  • Катышуучуга сунушталган изилдөө тапшырмалары гипотезасыз өткөрүлөт. Катышуучунун милдети «баарына белгилүү» кадыресе ойду илимий жактан аныкталган фактыга айландыруу болуп саналат.
  • Катышуучу тапшырманын шарты менен жакшы таанышып, изилдөө объектисин так белгилеп, анын предметин таап алгандан кийин, алгач эле изделип жаткан чондукту аныктоо үчүн негиз даярдоого аракет кылуу менен физикалык чоңдуктардын белгилеринин арасындагы ара көз карандылыктарын аныкташы керек.
  • Катышуучу чыгаруу этабында жазылган формулаларды кайра өзгөртүп, иш-аракеттердин белгиленген планын аткарат.
  • Катышуучу тарабынан алынган жыйынтык субъективдүү жаңы болушу зарыл, б.а., катышуучу билбеген нерсе ачылат.
  • Изилдөө тапшырмасын аткаруу физикалык баскычка да, математикалык баскычка да таянат.
  • Катышуучунун сандык жообунун анализи өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:

— өлчөмдүүлүктөр ыкмасын колдонуу;

— алынган сандык жооп физикалык жактан маанилүү экендигин жана изделип жаткан чоңдуктун мүмкүн болгон маанилерине туура келишин текшерүү;

— жооптун тапшырманын шартына ылайык келишин аныктоо.

  • Тапшырманы аткаруунун жүрүшүндө катышуучу тарабынан ачылган маселе (көйгөй) өнүгүүнүн булагы болуп эсептелиши керек. Бул идеалдуу соңку натыйжа (ИСН) катары көрсөтүлүшү мүмкүн.

ИСН – катышуучу өз кыялдарында көргүсү келген чыгарылыш: керектүү аракет эң аз чыгымдар менен алынган система.

  • Изилдөө тапшырмаларын аткаруу үчүн катышуучуга өз каалоосуна жараша колдоно турган таблицалык маалыматтар берилет.
  • Изилдөө турунун тапшырмаларын аткаруу үчүн катышуучуларга эч кандай лабораториялык жабдуулар керек эмес.

2-күн – теоретикалык тур.  

2.1. Катышуучуларга физиканын ар кандай бөлүктөрүнөн 3 тапшырма сунушталат.

2.2. Тапшырмалардын мазмуну 10-11-класстарда окутулган мектеп материалына туура келет, бирок сунушталган тапшырмалар татаал жана өзгөчө олимпиадалык мүнөзгө ээ.

2.3. Тапшырмаларды аткарууга тыныгуусуз 4 саат убакыт берилет.

2.4. 10 жана 11-класстардын физиканы тереңдетип окуган катышуучулары үчүн жана базалык окуу формалары үчүн бирдей тапшырмалар сунушталат.

2.5. Берилген тапшырмалардын тексттери физиканы окутууда белгиленген хронологиялык тартипте жайгаштырылган.

2.6. Тапшырмалардын тексттери кыргыз жана орус тилдеринде түзүлүп, ар бир катышуучуга өзүнчө берилет.

2.7. Тапшырмалар сүрөт, схема, график, таблица жана маалымат китепчелеринен алынган физикалык чоңдуктар менен толукталышы мүмкүн.

2.8. Убакытты туура пландаштыруу үчүн, биринчи кезекте, бардык тапшырмалардын шарты менен көңүл коюп таанышып чыгуу керек:

— эң жөнөкөй тапшырманы чыгаруудан баштоо керек;

— убакытты өткөрүп жибербеш үчүн бир оор тапшырманы эмес, бир канча чыгара ала турган тапшырманы аткаруу жакшы;

— тапшырманы чыгарууда аны сөз менен баяндоого убакыт кетирбестен, ырааттуу формулалар, схемалар, графиктер ж.б. түрүндө максималдуу берүү керек;

— эсептерди СИ системасында жүргүзүү керек;

— олимпиаданын катышуучусу физика боюнча мектеп программасынан тышкары график түзгөндү, вектордук анализди, туундуларды, дифференциалдык жана интегралдык тендемелерди эсептей билиши керек.

2.9. Тапшырманы баалоодо черновикте жазылгандар эсепке алынбайт. Тапшырмаларды аткарууда жазуулар мөөрү бар дептерде гана жазылышы керек. Дептердин барактарын айрууга тыюу салынат. Көк калем менен гана жазууга уруксат берилет.

2.10. Катышуучулар кошумча программалары жок жөнөкөй калькулятор, турактуу чоңдуктардын справочнигиндеги маалыматтар менен, Брадистин таблицасын колдоно алышат.

Олимпиада учурунда уюлдук телефонду колдонууга, жанында окуу китептерин алууга тыюу салынат.

 

БИОЛОГИЯ БОЮНЧА 

Биология боюнча райондук олимпиада эки тур менен өткөрүлөт:

биринчиси – изилдөө туру; экинчиси – теориялык тур.

Изилдөө туру олимпиаданын биринчи күнүндө өткөрүлөт. Изилдөө турунун убактысы – 3 саат.

Олимпиаданын изилдөө этабына катышкан окуучуга суроолорго жоопту жаза турган жеке дептер берилет.

Теориялык тур олимпиаданын экинчи күнүндө өткөрүлөт. Теориялык турдун убактысы – 4 саат.

Олимпиаданын теориялык турунда катышуучуларга жеке дептерлер таратылат.

Олимпиаданын катышуучулары эсептөөлөрдү жана жоопторду аларга берилген дептерлердин атайын бөлүнгөн жерлерине жазышат.

Эсептөөлөр үчүн черновик берилет, бирок андагы жооптор олимпиаданын катышуучусунун жыйынтыктарын баалоодо эске алынбайт.

Райондук олимпиаданын теориялык турунун топтому эки бөлүктөн турат. Ар бир бөлүктө ар башка түрдөгү тапшырмалар берилет.

Тапшырмаларды каалагандай тартипте аткарса болот.

А бөлүгү бир эле туура жообу бар суроолорду камтыйт.

Туура жоопту тегеректеп коюш керек.

Б бөлүгү кыска жоопту талап кылган суроолордон турат. Туура жооптор атайын берилген жерлерге жазылышы керек.

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер