ТЫНЫСТАНОВ ОКУУЛАРЫ ӨТТҮ

  • 16.12.2022
  • 0

ТЫНЫСТАНОВ ОКУУЛАРЫ ӨТТҮ

Бүгүн Ысык-Көл мамлекеттик университетинде жарыяланган “I Тыныстанов окуулары” бир айлыгынын алкагында “К.Тыныстанов: мамлекеттүүлүктүн жана агартуунун башаты” деп аталган республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференция оффлайн жана онлайн форматында болуп, университеттин профессор-окутуучулары жана студенттери катышты. Алардан тышкары республиканын жогорку окуу жайларынан да меймандар баяндамалары менен чыгып сүйлөштү. Алсак, пленардык отурумда Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын тилдер жана коомдук илимдер кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор А.Болпонова «К.Тыныстанов саясий репрессия боюнча илимий изилдөөлөрдө”; А.Даниярова «Улуттук мамлекеттүүлүк жана агартуу системасы”; Жалал-Абад мамлекеттик университетинин доценти Г.Анарбаева «XIX кылымдын экинчи жарымындагы түштүк кыргыздардын жайгашуу ареалы»; Эл аралык Кувейт университетинин окутуучулары: А.Оторчиева “Кыргыз жана араб тилдериндеги соматикалык фразеологизмдер”, Э.Буудайбекова “Кыргыз жана араби тилдериндеги жылкы компонентине байланыштуу анималисттик фразеологизмдер” деген темалардагы илимий жактан мыкты иштелген кызыктуу баяндамаларын жасашты.

Ал эми ЫМУдан мамлекеттик тил жана жаштар саясаты боюнча проректору Б.Атыгаев «Касым Тыныстанов — кыргыз тилинин грамматикасынын негиздѳѳчүсү» деген темада окумуштуунун кыргыз тилинин грамматикаларына анализ жүргүздү.

Пленардык жыйындан кийин, “Филологиялык илимдер”, “Педагогика”, “Социалдык-экономикалык илимдер”, “STEAM” секциялык отурумдары конференциянын ишин улантты.

Конференция алдына койгон өткөндүн жана азыркы учурдун окумуштууларынын бай мурастарын сактоо жана аларга илимий баа берүү, азыркы илимдин ар түрдүү тармактарындагы илимий маселелерди чечүүгө жаңы мамилелерди иштеп чыгуу, маданият аралык жана илимий алакаларды кеңейтүү жана илимдин актуалдуу проблемаларын изилдеп-үйрөнүү максатына толук жетти.

Катышкан меймандар ыраазычылык билдирүү менен, конференциянын мыкты деңгээлде өткөндүгүн, университеттин жамаатынан ички уюшкандыкты жана бекем ынтымакты байкагандыктарын билдиришти.

ЫМУнун жетекчилиги “Тыныстанов окуулары” деген жалпы аталыштагы иш-чаралар, конференциялар жыл сайын уланарын жана конференциянын масштабын эл аралык конференцияга айландырууга ниет кылып жатышкандыгын баса белгилешти.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер