1200 МЕКТЕПКЕ ЗАМАНБАП КОМПЬЮТЕР ЖАНА ЭЛЕКТРОНДУК КАРАЖАТТАР ЖЕТКИРИЛЕТ

  • 17.11.2022
  • 0

Кыргызстандагы 1200 мектепке жана сегиз педагогикалык колледжге, компьютер жана ар кандай заманбап техникалар берилет. Бул өлкөдөгү  мектептердин жалпы 56% түзөт.

1200 МЕКТЕПКЕ ЗАМАНБАП КОМПЬЮТЕР ЖАНА ЭЛЕКТРОНДУК КАРАЖАТТАР ЖЕТКИРИЛЕТ

Долбоор канчалык деңгээлде ишке ашырылып жатканы жөнүндө, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн коомчулук менен байланыш адиси Акылбек Орозматов маалымат берди.

Бул долбоор азыркы учурда 3,4 багытта иш алып барып жатат. Алардын ичинен жогоруда айтылган 1200 мектепке жана сегиз педагогикалык колледжге компьютердик техника, эмерек жана ар кандай заманбап техникалар жеткирилет. Жалпы техникалардын санын айта кетсек, 24168 даана компьютер, 7208 даана проектор, 1208 даана МФУ, 2408 даана комутатор ХАБ, 1208 даана УПС. Булардын баардыгын бөлүштүрө келгенде ар бир мектепке жыйырмадан компьютер, алтыдан проектор, экиден ХАБ, бирден МФУ, УПС жана он бештен эмерек, парта, үстөлдөр  берилет.

  • Азыркы учурда биздин адистер  облустарга бөлүнүп, 1200 мектепке  эмеректерди жеткирүү жумуштарын жасап жатышат. Акыркы болуп Ош жана Жалал-Абад облустарынын мектептери, колледждери калды. Бул эмеректер бардыгына жеткирилип бүткөндөн кийин, ноябрь, декабрь ичи компьютерлерди жана техникаларды ар бир мектепке жеткирип баштайбыз.Ал эми бул  долбоорго кирген мектептер ар кандай критерийлердин негизинде тандалып алынды. Айта кетсек бул алыскы райондогу мектептер, мектептин авариялык абалда эместиги, диплому менен информатика мугалиминин болгондугу, мектептин интернетке кошулгандыгы ж.б.у.с. критерийлердин негизинде министрликтин алдында түзүлгөн атайын комиссия тактап, мектептердин тизмесин түзүп, ошол 2020-жылдын 4-ноябрындагы буйругу менен бекиткен. Ошол тизмеге ылайык мектептерге жеткиребиз, — дейт Акылбек Орозматов.

Мындан сырткары окутууну технологиялык колдоо багыты аркылуу, табигый илимий предметтерине басым жасоо менен долбоордун санариптик билим берүү платформасы түзүлөт. Бул платформада физика, химия, биология, география, математика предметтери боюнча кошумча электрондук форматтагы окуу куралдары болот. Булар: презентациялар, видеоматериалдар, 3D сүрөттөр, виртуалдык лаборатория, симулятор, интерактивдүү көнүгүүлөр ушулардын баардыгы электрондук форматта түзүлөт дагы ушул платформага жүктөлөт. Ошону менен катар бул платформа жогорудагы 1200 мектептин санариптик китепканаларына кошулат жана Кыргызстандагы баардык мектептерге жеткиликтүү болот.

Эскерте кетсек 2020-жылдын 7-майында Кыргызстан менен “Келечек үчүн билим” Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы  келишим түзгөн. Келишимге ылайык, ошол кездеги КР Президенти С.Жээнбеков долбоордун ратификациясын бекитип, мыйзам 2020-жылдын 11-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Бул долбоордун негизги максаты Кыргызстандын мектептерин жана окуу мекемелерин, заманбап компьютер техникалар менен камсыздоо болуп саналаган. Аны ишке ашырууга Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 50 млн. доллар бөлгөн, анын ичинде 25 млн. доллары гранттык негизде, калган 25 млн. доллар 38 жылга 0.75% менен жеңилдетилген насыя түрүндө берилген.

Фархат Каныбеков

“КУТ БИЛИМ”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер