12 ЖЫЛДЫК ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮНҮН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ

  • 18.03.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети 15-мартта өткөргөн жыйында 12 жылдык орто билим берүү камтылган «Жалпы орто билим берүүнүн түзүмүн модернизациялоо жөнүндө» тескемени жактырганын коомчулук кубаттап жатат.

«Бул чечим мектептин жалпы билим берүү системасын 12 жылдык билим берүү моделине этап-этабы менен өткөрүүнү жана өлкөнүн экономикалык бакубаттуулугу үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү адамдык капиталды өнүктүрүүнү камсыз кылуу менен заманбап билим берүү тенденцияларына ылайык билим берүүнүн мазмунун жаңылоону баштайт», — деп жазылган Министрлер кабинетинин  маалыматында.

12 жылдык билим берүүгө өтүү маселесин Президентибиз Садыр Жапаров 14-мартта билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен талкуулап, каршы эместигин билдирген.

                       Коомчулук туура түшүнүү менен кабыл алса

 Билим берүүдө бүгүнкү күндө жүрүп жаткан реформа эң туура деп ойлойм.  Себеби бул дүйнөлүк стандартка туура келет, өнүккөн мамлекеттердин системасы 12 жылдык окуу болуп саналат.  Бул жерден биз «балдар 12 жыл эмне кылат» деп коркпошубуз керек, балдардын жашы мурдагыдай эле калып болгону 0-класс 1-класс болгону жатат. Ал эми 10-11-12- класстарда кесипке багыт берип, мектептен эле бир кесип үйрөнүп, жашоосуна колдонсо эң жакшы болбойбу. Билим берүү жана илим министри Догдургүл Шаршеевна айткандай мектептерде ашпозчуларды даярдаганга шарттар бар, бир аз гана жакшыртуу керек. Мен бул реформаны толугу менен колдойт элем. Президенттин колдогону абдан сүйүндүрөт. Коомчулук туура түшүнүү менен кабыл алат деп ойлойм.

Чынара Молдоканова,

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Болот Мамбетов атындагы орто мектебинин мүдүрү

                                  Учур талабы ушундай

 Негизинен 12 жылдык мектеп -жалпы дүйнөлүк стандартка жооп берет. Мектептке чейинки даярдоо башкача айтканда 0-класс деген жоюлат, балдар 6 жашынан эле 1 – класска барса, азыркы 11-классты буткөндөй эле болуп калат.

Окуу программалары 12 жылга бөлүштүрүлүп, окуу жүктөмдөрү азайат, балдар ийримдерге, кружокторго катышат жана кошумча профилдик окутуулар каралып 3 айлык, 6 айлык кесипке даярдоо курстарынан өтүп, кошумча кесипке ээ болууга  мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондуктан бүгүнкү глобализация, интеграция заманында 12 жылдык билим берүү талапка ылайык болмокчу. Билим алууга дилгир, талантуу балдарыбыз чет мамлекеттердеги мыкты окуу жайларынан билим алууларына жол ачылат.

12 жылдык билим берүү системасынын киргизилиши менен бала бакчаларда, мектептерде жана жогорку окуу жайларында дүйнөлүк билим берүү стандартына  багытталган максаттуу программалар түзүлүп, билим берүү тармагында алгылыктуу өзгөрүүлөр этап-этабы менен болоруна ишеним чоң.

Данияр Жумабеков,

Талас облусунун Айтматов районундагы Мейлибек Орозбеков атындагы орто мектебинин мүдүрү

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ КАНЧАЛЫК ЭРТЕ КИРСЕК ЖЫЙЫНТЫГЫ  ТЕЗ БОЛОТ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министирлиги  азыркы глобализация жана санариптештирүү, так илимдердин (STEM технологиясы) өнүгүп турган чакта 12 жылдык билим берүүгө өтүүнү сунуштаганын мен актуалдуу муктаждык деп эсептейм. Бирок , максатка жетүү үчүн пилот керек деген ой пикирлеримди билдиргим  келет. Кыргызстандын аймагындагы мектептерден тандап алып, алар үчүн окуу программасын түзүп, окуу китептерин басып чыгарып, аларды апробациядан өткөрүп ,мугалимдерди кайра окутууну КАО аркылуу уюштуруу керек деген пикирдемин.                                                              Кыргызстанга 12 жылдык билим берүү мектептерге сөзсүз түрдө киргизүү зарыл. Дүйнөлүк стандартта 12 жылдык билим берүү бүтүрүүчүлөр үчүн билимдин жетишкендигин, жөндөмдүүлүктөрүн жана көндүмдөрүн билдирет.  Учурда Кыргызстан энциклопедиялык билим эмес, заманбап билими бар адистерге муктаж болуп турат.  Бул информатика, программалоо,гендик биология,инженер жана химия.                                                                 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө материалдык техникалык көйгөйлөрдү чечүү керек. Алар: окуу китептери, мектепке керектүү жабдуулар ,компьютер, химия жана физика лабораториясы, окутуунун техникалык каражаттары ж.б. Бирок чоң кадамдар кичинекей кадамдардан башталат дегендей, Кыргызстан 12 жылдык билим берүүгө канчалык эрте кирсе, ошончолук жыйынтыгы, натыйжасы тез болот эле. Бул Кыргызстандын заманбап ыкка ийгиликтүү кирип, өзгөрүүсүнө өбөлгө түзөт деген ойдомун.

Алмаз Жумагулов,

Чүй облусу Токмок шаарындагы №1 орто мектеп гимназиясынын                                                             мүдүрү 

                                               Ата-энелер туура түшүнсөк

Чынында эле өлкөбүздөгү  билим берүү тармагы өзгөрүүгө муктаж.  Анткени системанын көптөгөн аспектилери Совет доорунан бери өзгөрүүсүз келатканы анык. Балдарыбыз дагы 12 жыл окуйт экен деп ата-энелер кабатыр болбошу керек. Себеби, учурдагы билим берүүнүн абалы сиздерди канааттандырабы? Кеп ушунда даярдоо классынан баштап, 11 жыл окуганы менен учурдагы билим берүү системасы  заманбап талаптарга  жооп бербейт. Буга окутуунун эскирген усулдары, заманбап маалыматтык технологияларды жетишсиз колдонуу, учурдагы эмгек рыногунун талаптарына жетишсиз даярдануу, окуу куралдарынын сапатынын начардыгы жана башка көйгөйлөр кирет.

12 жылдык билим берүү модели билим берүүнүн сапатын жакшыртып, студенттерди заманбап заманга даярдайт жана эмгек рыногунда алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат деп ишенем. Мектептен уул-кыздарыбыз бир кесипке ээ болуп чыкса жаманбы?! Турмуш жолуна дагы жеңилдик, жашоого жөндөмдүү болмок.

Жолдошбек Карыбаев,

 Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылынын тургуну, фермер

                              Кесипке багыт берүү зарыл 

2024-жылдын 13-мартындагы Кыргыз республикасынын билим берүү жана илим   министри Догдуркүл Шаршеновна 12-жылдык окуу системасы жөнүндө   Президентибиз Садыр Жапаровго кайрылуусу эң жакшы демилге.

Урматтуу Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө макул болгондугу билим берүүнү өнүктүрүү боюнча өзүнүн оюн ачык айтканы жалпы коомго белгилүү болду.

Себеби азыр бизде 0-классты кошкондо 12 жыл окуп жатканыбыз бул коомго белгилүү экени талашсыз. Бирок кай бирөөлөр билсе дагы билмексен болгону, бөйрөктөн шыйрак чыгарып, түшүнбөй туруп, каршы пикирлери айтышканы капа кылат. Бул жерде окуу программасы кайталанма болуп жатканы ачык айкын белгилүү. Ошол эле 0-класста алган билимин 1-класста кайра кайталап убакытты алуу менен окуучуларды тажатма сабактар өтүлүп жатканын эч ким тана албайт.

Андан көрө 1-класстан баштап окуп, убакытты үнөмдөө менен 10-11-12-класстарда кесипке багыт берүүгө шарт түзө билсек.

Урматтуу Президентибиздин жүргүзгөн саясатына жана билим берүү жана илим министрлигинин сунушуна толук кошулам.

Гүлбүбү Келдибекова,

Нарын шаарындагы №1 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектептин мүдүрү

                          Чет өлкөлөрдө окууга мүмкүнчүлүк түзүлөт

 Учурда сунушталып жаткан 12 жылдык окууну колдойм. Анткени азыр деле даярдоо классын кошкондо 12 жыл окуп жатат. Дүйнөнүн көп өлкөлөрү менен кошо кошуна Казакстанда да бул маселе ишке ашкан.Чет өлкөгө окууга бара турган абитуриенттер үчүн да мүмкүнчүлүк түзүлүп, ашыкча кагаздардан арылмак, убакыт да үнөмдөлмөк. Себеби чет өлкөдө окуу үчүн дагы 1 жыл кошумча окуу керек болуп жатат. Мугалимдердин чөнтөгүнө да жакшы болмок, даярдоо классына төлөнүүчү эмгек акынын коэффициенти аз болгондуктан нааразычылык көп. 11 жылга түзүлгөн окуу программасы 12 жылга бөлүнүп, окуучуга да, мугалимге да жеңил болмок.

Саадат Токтобаева,

Баткен облусунун Лейлек районундагы “Бел-Алма” орто мектебинин мүдүрү

 Бетти даярдаган Кабыл Макешов, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер