12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ

  • 12.01.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов министрликтин Фейсбук баракчасындагы түз эфиринде, “мектепке чейинки жана мектептик билим берүү” тармагына байланыштуу жарандардын суроолоруна жооп берди.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ

Министр 12 жылдык билим берүү тууралуу суроого, бүгүнкү күнү 12 жылдык билим берүү системасына өтүү тууралуу түшүндүрүү  иштери жүргүзүлүп жатканын, 12 жылдык билим берүүнү жүргүзүп келген дүйнөдөгү 136 өлкөнүн тажрыйбасынан үйрөнүп, анализделип жаткандыгын билдирди.

  • Чет жердеги жогорку окуу жайларга тапшырып жаткан жарандарыбыз Билим берүү жана илим министрлигине нөлүнчү класстан баштап 11 –класска чейинки, тактап айтканда жалпы 12 жыл билим алгандыгын тастыктаган справка керектигин айтып кайрылышат. Жакынкы өлкөлөрдүн министрлеринин орун басарлары, адистери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 12 жылдык окууну кыйынчылыксыз киргизип алууну максат кылып жатабыз, —  деди министр.
Бөлүшүү

Комментарийлер