12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨТҮҮНҮ КАНТИП ИШКЕ АШЫРАБЫЗ?

  • 07.06.2024
  • 0

И.Ч. Исамидинов атындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасы «Улуу ойчул Жусуп Баласагын жана заманбап педагогика» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрдү.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨТҮҮНҮ КАНТИП ИШКЕ АШЫРАБЫЗ?

Жыйынды Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору, т.и.д., профессор, КР УИАнын корр.-мүчөсү Абдырахманов Т.А., КР УИАнын корр.-мүчөсү, Ж.Баласагын ат. КУУнун илимий иштери боюнча проректору, п.и.д., профессор Ишекеев Н.И., Ж.Баласагын атындагы КУУнун И.Исамидинов атындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору, п.и.д., профессор  Сулайманова Р.Т. ачып берген соң, пленардык жыйында Ж.Баласагын атындагы КУУнун Жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын профессору, п.и.д., Асипова Н.А. — “Контекстный подход как методологическая основа обучения самостоятельной работе студентов педагогических направлений”,  КР ББжИМдин алдындагы РПККЖ жана КДИнин директору п.и.к., доцент Токтомаметов А.Д.  – “12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн артыкчылыктары”, “Кыргызстан педагогдор коомунун” жетекчиси, КР УИАнын корр.-мүчөсү, Ж.Баласагын ат. КУУнун профессору, п.и.д. Мамбетакунов Э.М., А.К.Кусаинов атындагы Евразия гуманитардык институтунун  профессору,  (Казакстан, Астана ш.) п.и.д. Сарсекеев Б.С — “Модернизация учебника на основе компетентностного подхода” аттуу темаларда кызыктуу баяндамаларды жасашты.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨТҮҮНҮ КАНТИП ИШКЕ АШЫРАБЫЗ?12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨТҮҮНҮ КАНТИП ИШКЕ АШЫРАБЫЗ?

Аталган конференцияга 15 ЖОЖдордун окутуучулары катышты. Алардын ичинен беш чет өлкөсүнүн ЖОЖдорунан келгендер болду. Тактап айтканда: Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарындагы  Федералдык мамлекеттик бюджеттик жогорку окуу жайы «Урал мамлекеттик педагогикалык университетинин» орус тили жана башталгыч класстарда аны окутуунун методикасы кафедрасынын, Түркия мамлекетинин, Казак Улуттук кыз-келиндер педагогикалык университетинин, М.Х. Дулати атындагы  Тараз регионалдык университетинин, Өзбекстан Республикасынын Т.Н.Кары Ниязи атындагы Педагогикалык илимдер илимий-изилдөө институтунун, Азербайжан Республикасынын Баку Славян университетинин педагогика жана психология кафедрасынын окумуштуулары. Ошондой эле КР УИАнын  А.А.Алтымышбаев атындагы Философия институтунун; Ж.Баласагын атындагы КУУнун,  И.Арабаев атындагы КМУнун, И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин У. Асаналиев атындагы кыргыз тоо-кен металлургиялык институтунун, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын, Ош мамлекеттик гуманитардык  педагогикалык университетинин,  Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин,  Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Таш-Көмүр инженердик-педагогикалык факультетинин, Баткен мамлекеттик университетинин, Кыргызстан Эл аралык университетинин, Заманбап маалыматтык билим берүү технологиялар (ИСИТО) институтунун, С. Мамбеткалиев атындагы Чүй университетинин жана И.Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык-педагогикалык колледжинин, Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин окутуучулары да катышты.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨТҮҮНҮ КАНТИП ИШКЕ АШЫРАБЫЗ?12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨТҮҮНҮ КАНТИП ИШКЕ АШЫРАБЫЗ?

Конференциянын максаты — элдик педагогиканын жана улуу ойчул Жусуп Баласагындын идеяларынын тарбиялоо потенциалын пайдалануу жолдорун талкуулоо жана жайылтуу; заманбап билим берүү процесстин жалпы көйгөйлөрүн талкуулоо; 12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыктарын талкуулоо жана мугалимдерди даярдоонун актуалдуу маселелерин жана окутуунун заманбап моделдерин талкуулоону көздөдү.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨТҮҮНҮ КАНТИП ИШКЕ АШЫРАБЫЗ?

12 жылдык билим берүүгө өтүүнү кантип ишке ашырабыз, билим берүүнүн бүгүнкү абалы, “Алтын казык” программасынын артыкчылыгы, эмнелерди өзгөртүү керек, Сингапурдун окуу китептеринин артыкчылыктары ачыкталып, Казакстан Республикасынын билим берүү системасындагы бала бакчаларды камсыздоонун деңгээли менен Кыргызстандын бала бакчаларын камсыздоо деңгээлин салыштыруу жүргүзүлдү. Ошондой эле 12 жылдык билим берүүгө өтүү менен дүйнөдөгү билим берүү системасына жуурулуштуруу мумкүнчүлүктөрү, жаңы билим берүү технологияларынын өнүгүүсүн калыптандыруу, кошумча билим алуу мүмкүнчүлүктөрү, ата мекендик жана эл аралык рыноктогу атаандаштыкка туруштук берүү мүмкүнчүлүктөрү  белгиленди.

Конференциянын экинчи бөлүмүндө төмөнкү төрт секциялык иш алып барылды:

1- секция: Заманбап билим берүү процесстин жалпы көйгөйлөрү. Модератор: п.и.д., проф. Мамбетакунов У.Э., Катчы: п.и.к., доц. Юсупова А.М.;

2-секция:  Элдик педагогиканын жана ойчул Жусуп Баласагындын идеяларынын тарбиялоо потенциалын пайдалануу жолдору. Модератор: п.и.к. доц. Кайдиева Н.К.,

Катчы: п.и.к. Жуматаева А.С.;

3- секция: Табигый-математикалык дисциплиналарды жана предметтерди окутуунун интерактивдүү технологиялары. Модератор: п.и.к. доц. Кайдиева Н.К., Катчы: п.и.к. Жуматаева А.С.;

4- секция: Педагогикалык кадрларды даярдоонун теориясы жана практикасы. башталгыч билим берүү. Модератор: п.и.к.проф. Адылбек кызы Г., Катчы: х.и.к.,  доц. Укелеева А.З.

Ар бир секцияда катышуучулар теманын алкагында кызыктуу баяндамаларды окушту, кызуу талкуу жүрдү.

Конференция жалпы пленардык жыйындарда, секциялык бөлүмдөрдө аныкталган маселелерди талкуулоо үчүн тегерек стол менен жыйынтыкталды.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер