12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ АЛУУГА ӨТӨБҮЗ

  • 23.08.2022
  • 0

Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү үчүн 2023-2024-окуу жылынан баштап билим берүү системасы 12 жылдык окуу циклине өтөт. Бул процесс башталгыч мектепте бир жылдык билимди кошуу, тагыраак айтканда, азыркы “нолевой” деп аталган класстарды 1-класска которуу жолу менен ишке ашырылмакчы.  

Министр А.Бейшеналиев педагогдордун Август конференциясында сүйлөгөн сөзүндө дал ушул курактагы баланын психологиясы интенсивдүү өнүгүп, функционалдык сабаттуулуктун негиздери, жүрүм-турум маданияты калыптануу менен бирге, сергек жашоо образынын негиздерин өздөштүрүүчү шарттар түзүлөрү жөнүндөгү окумуштуулардын изилдөөлөрүн жүйөгө тартты.

— 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө шарттарды түзүү үчүн быйыл Кыргызстандын жалпы мектептеринде билим берүүнүн жалпы мамлекеттик билим берүү стандарттары иштелип чыгып, КР Министрлер кабинетинин токтому менен кабыл алынмакчы. Предметтик стандарттарды иштеп чыгууда мектепке чейинки даярдоо тажрыйбасын жана үч жаштан жети жашка чейинки балдарда өнүктүрүү стандарттарынын тажрыйбалары эске алынат. Башталгыч мектептин концепциясы окутуунун интерактивдүү ыкмалары, анын ичинде оюндарды сактоону жана кеңейтүүнү да камтыйт. Министрлик учурда бала бакчаларды окуу дидактикалык материалдар менен камсыздоо максатында демөөрчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Өлкөдөгү мыкты окумуштуулар, эксперттер, практиктер бул багытта министрликке жардам берүүлөрү абзел, — деди А.Бейшеналиев.

Ал өзүнүн сөзүндө бала бакчадагы педагогдор заманбап окуу материалдары менен камсыздалса, балдарыбыз мектепке мыкты даярдык менен келет деген үмүтүн билдирди.

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер