ОКУУЧУЛАРДЫН ОКУУСУ ЧУКУЛ АРАЛЫКТА ЧЕЧИЛЕТ

  • 13.08.2020
  • 0
ОКУУЧУЛАРДЫН ОКУУСУ ЧУКУЛ АРАЛЫКТА ЧЕЧИЛЕТ

Жаңы окуу жылы жакындаган сайын «1-сентябрда биринчи класстын окуусу кандай болот?» деген ата-энелер көбөйдү.

ОКУУЧУЛАРДЫН ОКУУСУ ЧУКУЛ АРАЛЫКТА ЧЕЧИЛЕТ

Көп нерсе санариптик көндүмдөргө байланыштуу экенин унутпасак

Ата-энелердин, дегеле коомчулуктун баарынан да биринчи класстарга кабатыр болушу бекеринен эмес. Анткени, калган класстар карантинден улам азбы-көппү аралыктан билим алып калышса, мектепке жаңы баруучуларга мындай баа берүү али эртелик кылат.

ОКУУЧУЛАРДЫН ОКУУСУ ЧУКУЛ АРАЛЫКТА ЧЕЧИЛЕТ

Азыркы пандемиянын тушунда өзгөчө популярдуулукка ээ болгон дистанттык билим берүү баарынан мурун окуучунун, студенттин, дегеле билим алуучунун мурунку тажрыйбасына, өздүк даярдыгына, өз алдынча билим алууга байланышкан көндүмдөргө, алардын калыптануу деңгээлине түздөн-түз көз каранды экенин билишибиз керек.

Ал эми биринчи жолу мектеп босогосун аттап жаткан окуучуларда мунун баары калыптана элек деп айтууга болот.

ОКУУЧУЛАРДЫН ОКУУСУ ЧУКУЛ АРАЛЫКТА ЧЕЧИЛЕТ

«Ата-эне — баланын биринчи мугалими» дегенибиз менен, биринчи классты окутуу оңой иш эмес. Биринчи класска баруучу баланы үйрөтүүчү адам тиешелүү адистик билимден тышкары, абдан токтоо, өтө сабырдуу болушу керек.

ОКУУЧУЛАРДЫН ОКУУСУ ЧУКУЛ АРАЛЫКТА ЧЕЧИЛЕТ

Мен билгенден башталгыч класстардын көпчүлүк мугалимдери ушундай кесипкөй сапатка ээ. Муну ата-энелер да билишет. Өткөндө ата-энелер «Мугалимдин эмгегин эми билдик!» дешип, окутуучулук иштин оңой эместигин жон териси менен жакшы эле сезишти.

Экинчиден, тамганы кошуп окуганды, сөздөрдү катасыз жазганды жаңыдан үйрөнүп жаткан балага гумандуу педагогиканын принциптерине таянып үйрөт деп, биз ата-энеден талап кыла албайбыз.

ОКУУЧУЛАРДЫН ОКУУСУ ЧУКУЛ АРАЛЫКТА ЧЕЧИЛЕТ

Мындан улам билим берүүдө көп нерсе мугалимдин кесиптик даярдыгына көз каранды десек ашыкча болбос.

Учурдагы кырдаалды эске алып жакында Билим берүү жана илим министрлиги «Санарип мугалим» стратегиясын кабыл алып, анын негизинде өлкөдө 5-августтан 25-августка чейин мугалимдердин санарип көндүмдөрүн өнүктүрүүнүн бир айлыгын жарыялады.

ОКУУЧУЛАРДЫН ОКУУСУ ЧУКУЛ АРАЛЫКТА ЧЕЧИЛЕТ

Бул маанилүү чечимдин эң башкы максаты билим берүүчүлөрдүн кесиптик билимин жогорулатуу болуп саналат.

— Учурда Республикалык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана педагогикалык кадрларды кайра даярдоо институту түзгөн графикке ылайык билим берүү уюмдарынын жетекчилери, облустук усулдук борборлордун кызматкерлери, райондук усулдук кабинеттердин, мектептеги усулдук бирикмелердин жетекчилери, жалпы эле педагогдор үчүн мультимедиялык технологияларды колдонуу, окуучулар менен кайтарым байланышты уюштуруу, ата-энелер менен иш алып баруу боюнча вебинарлар өтүүдѳ, — дейт Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова 11-августтагы брифингде.

Доминанттык тилди билбегендик кемчилик эмес

Кыргызстандын шартында биринчи класска байланышкан дагы бир олуттуу көйгөй бар.

Ал- мектептин окутуу тили.

ОКУУЧУЛАРДЫН ОКУУСУ ЧУКУЛ АРАЛЫКТА ЧЕЧИЛЕТ

Акыркы беш-он жылдан бери өзгөчө шаар жерлеринде, район борборлорунда «Баламды орус мектепке окутам » деген ата-энелердин саны көбөйгөндөн көбөйүп баратат.

Баланы кайсыл тилде окутуу ар бир ата-эненин өз эрки деңизчи, бирок доминанттык тилди тандаган ата-эне үчүн бул кадам алыскы келечекте эмес, дал бүгүнкү күнү чоң көйгөйгө айланышы мүмкүн.

Анткени ата-эненин өзү доминанттык тилде билим алган эмес, коомдо үстөмдүк кылган тилди билбегенден кийин баласына үй тапшырмаларын аткарууда жарытып жардам бере албайт. Ошондон улам баланын билими өксүйт.

Бирок доминанттык тилди билбегендикти кемчилик катары караган жарабайт. Баарыбыз билебиз, союз маалында орус тилин билбегендик жергиликтүү элдин өкүлү үчүн чоң кемчилик болуп эсептелчү.

ОКУУЧУЛАРДЫН ОКУУСУ ЧУКУЛ АРАЛЫКТА ЧЕЧИЛЕТ

Азыр шарт башка, мезгил, доор башка. Бирок тилекке каршы, биздеги союздан бери калыптанып калган тилдеги ыңгайсыздык синдрому жоголмок түгүл, өөрчүп, кырдаалга жараша өнүп-өсүп олтурат.

Бул кемчилигибизден качан арылабыз?
Тарыхты билмейинче, андан сабак алмайынча, бул улана берет деп ойлойм.

Кыргызстанда азыркы кош тилдүү мектептердин прототиби болушкан орус-тузем мектептери биринчи кезекте колониалисттердин  экономикалык керектөөлөрүн канааттандыруу максатында ачылганы белгилүү. Орусия падышачылыгына жаңы жерлерди өздөштүрүү үчүн жергиликтүү элдин арасынан майда чиновниктер, тилмечтер керек болгон.

Азыр деле бизде мектеп ачкан башка жерликтер, эң биринчиден өздөрүнүн экономикалык кызыкчылыктары үчүн өз тилиндеги мектептерди ачып жатышат.

Ошондуктан өткөндөн сабак алып, өлкөбүз эгемен болгон соң, «Мугалими начар, методикасы чабал» дебестен, биринчи класска барчу балабызды эне тил мектебине алып барганыбыз туура деп ойлойм.

Ата-энелер, коомчулук эмне дейт?

Биринчи класстар тууралуу Интернет айдыңында жүрүп жаткан талкууга көз салсак, ата-энелердин, коомчулуктун арасында биринчи класстын мектептен билим алышын колдогондор арбын экенин байкайбыз.

Салттуу билим берүүнү жактагандар азыркы билим берүүнү санариптештирүү талабына карабастан, мектептеги классикалык билим берүүгө эч нерсе жетпесин белгилешет.

ОКУУЧУЛАРДЫН ОКУУСУ ЧУКУЛ АРАЛЫКТА ЧЕЧИЛЕТ

Анда ата-энелердин ой-пикирлерине орун берели:

— Окуучуларды 1- класстан 11- класска чейин баштагыдай эле мектепте окутуу зарыл деп эсептейм. Аралыктан окутуу эч качан өзүнүн жакшы натыйжасын, түшүмүн кеңири түрдө бере албайт. Ансыз деле Союз урагандан кийин мектептерде билим сапаты төмөндөп кеткен. Бул да аз келгенсип, мектептерди жаап кою бул туура эмес «, — дейт Орусияда эмгектенип жүргөн мекендешибиз Нажимидин Абдыгулов.

Андан ары ал окуучулук кез адам өмүрүндө өзүнчө бир доор экенин белгилейт.

— Окуучулар чогуу, жамаат түрүндө окушканда, аларда айрыкча мугалимдерге, бири-бирине болгон жылуу мамилелер калыптанат. Аң-сезимдери өнүгөт. Атаандашуу, өз ара жарышуу, бири-бири менен өтүлгөн темаларды талкуулоо өзүнчө бир оң натыйжасын берет. Мектепте чогуу окууда окуучулар «Мен да ушул агай- эжейдей болсом!» деген максаттарды коюп, мугалимдерин өздөрүнө идеал кылып алышат. Төмөнкү класстын окуучулары жогорку класстын кээ бир окуучуларынын жакшы сапаттарын үлгү катары тутушуп, ошондой болууга умтулушат», — деп улантат өз оюн орусиялык мекендешибиз.

ОКУУЧУЛАРДЫН ОКУУСУ ЧУКУЛ АРАЛЫКТА ЧЕЧИЛЕТ

— Менин өзүмдүн неберем быйыл 1-класска барат. Мектепке окуганы эле жакшы го дейм, анткени коллективде алар бири- бирин толуктайт, бирине-бири стимул берет, — деп айтат Сокулук районунан Калмира Түмөнбаева.

— Менин оюмча, айрыкча 1-класстын мектепте окуганы туура, анткени алар аралыктан окуй алышпайт, мектепте өзүн алып жүрүүнү, мугалимдин ким экенин тааныйт, -дейт Кара-Кулжа районунан Гүлсара Бокошева.

— 1,2,5,11-класстардын мектепте  окуганы туура. Негизинен баары эле мектепте окуса жакшы болмок, бирок айла канча кырдаал ушундай болуп жатпайбы!?, — деп жазат өз билдирүүсүндө кызылкыялык агартуучу Алтынай Досанова.

— Менин жеке оюмда баардыгы эле мектепте окуганы жакшы. Биздин айыл кудайга шүгүр оорудан тынч, — дейт Ош облусунан Айсара.

Айрым жарандар мектепте окутууну да аралыктан окутууну да колдошпойт. Алардын пикиринде адамдын өмүрүнөн артык эч нерсе жок.

— Биринчи классты аралыктан окутуу мүмкүн эмес. Бул нонсенс. Андан көрө абал оңолгончо, тим эле коюш керек, — дейт Сузактын Октябрьский айылынан Макамбай Кожонов.

Министрлик биринчи класстардын окуусуна кандай карайт?

Жаңы окуу жылындагы окуу ишинин уюштурулушу боюнча коомчулукта жаралган суроолорго жооп издеген 11-августтагы брифингде мектептерде окутуунун формасы биринчиден,
санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳнүн жыйынтыгына жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге ылайык, экинчиден,
мектеп менен ата-энелер ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде аныкталары белгиленди.

Министрлик учурдагы абалды эске алып, жаңы окуу жылына карата окутуунун салттуу, салттуу-дистанттык жана дистанттык деп аталган үч түрүн сунуштап жатат.

-Эпидемиологиялык кырдаал туруктуу аймактарда (“жашыл зоналарда”) менчигинин түрүнө, тибине карабастан 1 — 11-класстарда окутуу салттуу түрдѳ ѳткѳрүлѳт, — дейт Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова.

ОКУУЧУЛАРДЫН ОКУУСУ ЧУКУЛ АРАЛЫКТА ЧЕЧИЛЕТ

Брифингде алдыдагы окуу  иши 1,5,9 жана 11- класстарда салттуу түрдѳ ѳткѳрүлсѳ, ал эми эпидемиялык кырдаал туруктуу болгонго чейин, башка 2, 3, 4, 6, 7, 10 — класстарда окутууну дистанттык түрдѳ жүргүзүү каралып жатканы айтылды.

Ал эми эпидемиологиялык кырдаал курч аймактарда (“кызыл зона”) жергиликтүү бийлик органдарынын корутундуларынын негизинде 1-11 — класстарда окуу дистанттык формада ѳткѳрүлөрү кабарланды.

Брифингде окуу процессин жүргүзүүнүн жогорудагы негизги варианттарынын иштелип чыкканына карабастан, акыркы чечим 2020-жылдын 14-августундагы КР Ѳкмѳтүнүн жыйынында кабыл алынары белгилүү болду.

Анда эмесе, Өкмөттүн чечимин күтө туралы.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер