1-КЛАССТАРГА III ЧЕЙРЕКТЕ КОШУМЧА ЭС АЛУУ БЕРИЛЕТ

  • 30.01.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги 1-класстын окуучулары үчүн III чейректе кошумча бир жумалык каникул берилерин жана анын күндөрүн ар бир регион өз алдынча аныктай тургандыгын билдирет.

1-КЛАССТАРГА III ЧЕЙРЕКТЕ КОШУМЧА ЭС АЛУУ БЕРИЛЕТ

Кошумча каникулду райондук, шаардык билим берүү башкармалыктары ар бир аймактагы аба-ырайынын шарттарына, эпидемиологиялык кырдаалдарына жараша 2024-жылдын 15-январынан 21-мартына чейинки аралыкта белгилей алат.

Белгилей кетсек, биринчи класстардын кошумча эс алуусу Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 16-августундагы “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2023-2024-окуу жылынын базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө” №4882/1 Буйругуна ылайык берилет.

Бөлүшүү

Комментарийлер