1-КЛАССКА КАТТОО: ЭКИ КҮНДӨ 21 МИҢ 291 БАЛА

  • 09.04.2024
  • 0

9-апрелге карата республика боюнча 21 миң 291 бала электрондук каттоодон өттү.  Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация бөлүмү билдирди. 

Жалпы өлкө боюнча 21 миң 291 адам, алардын ичинен Ысык-Көл облусу боюнча 2174, Жалал-Абад облусу — 3704, Нарын облусу — 1557, Баткен облусу — 2330, Ош облусу — 3516, Талас облусу — 1174, Чүй облусу —  2903, ал эми Бишкек шаарында 3461, Ош шаары боюнча 472 бала катталды.

Бишкек шаары боюнча 12 миң 734 бош орун бар.

Бир эле күндө шаардагы №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия жана №70 мектеп-гимназия толуп калды.

Эскерте кетсек, эки күндөн бери мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоо жүрүп жатат. Ал эки этап менен жүргүзүлөт. Биринчи этап балдарды катталган жери боюнча 2-июнга чейин, ал эми экинчи этабы 3-июндан 30-августка чейин болот. Мында ошол учурда жашаган жери боюнча жүргүзүлөт.

Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. Каттоо бул сайтта 24 саат бою жеткиликтүү.

Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин биринчи классына электрондук кабыл алууда даректи убактылуу каттоо биринчи турда катталууга кепилдик бербей тургандыгын эскертет.

Электрондук каттоо тууралуу толук маалыматты бул макаладан алууга болот.

Эльвира Какиева

 

Бөлүшүү

Комментарийлер