ЖЫЛ МЕЗГИЛДЕРИ

  • 23.05.2023
  • 0
ЖЫЛ МЕЗГИЛДЕРИ

Гүлүмкан Анарбекова,

 Бишкек шаарынын № 71 Тоголок Молдо атындагы

мектеп-интернатынын   

кыргыз тили жана адабияты мугалими

 Кыргыз тили сабагы                                          

3 — д класс

Сабактын максаттары       

Билим берүүчүлүк: Окуучулар жыл мезгилдери  жөнүндө маалымат алышат.

Жыл мезгилдеринин орусча кыргызча маанилерин түшүнүшөт. Сөздөрдү, сөздөрдөн сөз айкашын  табышат, сүйлөм түзө алышат.

Өнүктүрүүчүлүк: Кеп маданиятын өнүктүрүшөт, жыл мезгилдеринин өзгөчөлүктөрүн ажырата алышат. Алган билимин  күнүмдүк турмушта  колдонууга  көнүгүшөт. Ойлонуусун, аң сезимин калыптандырышат.

Тарбия берүүчүлүк: Окуучулар алынган тексттерди, көнүүгүлөрдү аткаруу менен жаратылышты сүйүүгө, коргоого  тарбияланышат. Топтор менен иштешет жана иштөөдө  бири-бирин угат, сыйлоо адебин калыптандырат.

Сабактын тиби: жаңы билимди түшүндүрүү сабагы

Сабактын методу: интерактивдүү

Сабактын формасы: аралаш сабак

Жабдылыш каражаттар:  дидактикалык материалдар, видео, окуу китеби, акылдуу такта

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу:

1.Саламдашуу.

— Сүйүктүү, окуучулар, эшикте аба-ырайы кандай гана жагымдуу, жылуу болуп жатат. Баарыңар бажырайып, кулпуруп турасыңар. Силерди көрүп менин да маанайым көтөрүлүп жатат. Анда силер менен чогуу жагымдуу маанай түзүп алалычы.

— Биз азыр “тымпый”оюн ойнойбуз.

— Мен шарды өйдө ыргытканда чын жүрөктөн болушунча күлөбүзЖЫЛ МЕЗГИЛДЕРИ , шарды колума кармап калганда, тымпыйып тынчтанып калабыз. Оюндун эрежеси баарыңарга эле түшүнүктүү болду деп ойлом.

— Анда оюнду баштадык.

-Силердин маанайыңар кандай?

-Сонун анда.

Ушундай  жагымдуу маанайда сабагыбызды баштайбыз.

Балдарды электрондук журналда жоктоо.

Окуучулардын ишмердүүлүгү: 1.Балдар мугалим менен саламдашат.

Мугалим менен бирдикте жагымдуу маанай түзүүгө катышышат.

  • Сонун!

1-партадагы окуучулар андан кийин 2-партадагы, 3-партадагы, 4-партадагы отурган окуучулар көңүлдөрүн көтөрүп жагымдуу күлкү тартуулашат.

Үй тапшырмасын текшерүү: Үйгө тапшырма эмне берилди  эле, балдар?

-Туура, согуш ардагерлерине арнап куттуктоо жазып келмекпиз.  Анда жасап келген куттуктоолорубузду өйдө көтөрүп көрсөтөбүз жана окуп беребиз, бир-эки окуучу  жасап келген куттуктоолорунан  окуп беришет.

— Келгиле балдар, өтүлгөн теманы кайталоо үчүн “Ким  миллионер  болгусу  келет?»”оюнун ойнойлу. Балдар, ар бир суроого аз гана убакыт берилген, андыктан ыкчам, бат жооп берүүгө шашылабыз.

— кимдин жообу даяр болсо кол көтөрүп, жооп беребиз. «Ким  миллионер  болгусу  келет?» оюну

Суроолор:                                                                                                

  1. Кубаттын чоң энеси ким болгон?
  2. Улуу Жеңиш майрамын кайсы күнү майрамдайбыз?
  3. Анянын чоң атасы ким?
  4. Бул согушта Совет өлкөсү кайсы өлкө менен согушкан?
  5. Анянын чоң атасы согушка катышкандыгы үчүн эмнелерди алган?

Окуучулардын билимин актуалдаштыруу: 1.Сабактын темасы жана максаты менен таанышышат.

Бүгүнкү сабакта;

Жаңы маалымат алышат;

-сөз байлыктарын өстүрүшөт;

-ой жүгүртүүлөрүн калыптандырышат;

— бири-бири менен топ аралык иштөөгө тарбияланышат;

— Балдар жана кыздар, мен силерди топко бөлүп отургузуп койдум, көрдүңөрбү?

— Эмне үчүн?

— Бүгүн биз топ аралык сабак өтөбүз. Жаңы теманы ачып алып анан топторго ат коебуз.

— Мен силерди топ аралык ушул дарактарга баалайм. Жаз мезгили гүлдөр менен, жай мезгили күн менен, күз мезгили сары жалбырак менен, кыш мезгили кар бүртүкчөлөрү менен бааланасыңар. Ал эми активдүү окуучулар ар бир мезгилге жараша  чымчыктар менен бааланат.

Жашыл  чымчыктар менен жаз тобунун окуучуларын баалайм;

Сары чымчыктар менен жай тобунун окуучуларын баалайм;

Саргыч чымчыктар менен күз тобунун окуучуларын баалайм;

Көк чымчыктар менен кыш тобунун окуучуларын баалайм.

Сабактын жыйынтыгында кайсы топ көп упай топтосо жеңүүчү аталышат, жигердүү катышкан окуучулар, өз алдынча упай топтой алышат. Андыктан баарыңарга ийгилик!                                                                                                               ЖЫЛ МЕЗГИЛДЕРИ  ЖЫЛ МЕЗГИЛДЕРИ ЖЫЛ МЕЗГИЛДЕРИЖЫЛ МЕЗГИЛДЕРИ

Жаңы теманы  түшүндүрүү:

— Анда көңүлүңөрдү акылдуу тактадагы видеого бурсаңар.

— Бул видеодон силер эмнелерди көрдүңөр?

— Туура баамдадыңар.

— Азаматсыңар!

— Демек, биздин бүгүнкү темабыз эмне экен балдар, “Жыл мезгилдери”

Жыл мезгилдери кайсылар экен балдар?

Ар бир топтон бирден окуучу чыгып, дарактардан тандап алгыла,ошого жараша топтордун аттары белгиленет.

1-топ ЖАЗ

2-топ ЖАЙ

3-топ КҮЗ

4-топ КЫШ

-Кана балдар, келгиле эми китепти карайбыз.

ЖЫЛ МЕЗГИЛДЕРИ     ЖЫЛ МЕЗГИЛДЕРИ          ЖЫЛ МЕЗГИЛДЕРИ    ЖЫЛ МЕЗГИЛДЕРИ

1-көнүгүүдөгү сүрөттөрдү карап мезгилдердин өзгөчөлүктөрүн айталычы.

2-көнүгүүдөгү текстти окуп чыгалы. Ар бир топтон бирден окуучу өз мезгилине тиешелүү абзацты  окусун.

 Жыл мезгилдерин биз орус ти линде, англис тилинде да өтөбүз ээ.

-Анда кыргызча, орусча,   англисче кандай аталат экенин окуп чыгалы

  Жыл мезгилдери     Времена       года    Season
          жаз        весна       winter
         жай        лето      spring
         күз       осень      summer
        кыш       зима      autumn

 

Балдар, мен силерге мезгилдерге жараша көргөзмөлөрдү берем, силер берилген мезгилдерди кооздоп өзгөчөлүктөрүн айырмалап айтып бересиңер.

Бышыктоо: «Жыл  мезгилдери»  оюну 

Жыл  мезгилдеринин  айларынан  мышканы  басуу  менен  ар  бир  топ  өздөрүнүн  суроолорун  кезек  менен  тандашат.

Суроолор:    

  1. Кайсы мезгилде  күн  кыска, түн  узун  болот?
  2. 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо  күнү  болгондуктан, мен  бүгүнкү  сабакка  катышкан  окуучуларга  белек  тартуулайм!
  3. Сүрөттөрдөн жыл  мезгилдерине  таандык  сөздөрдү  жазгыла?
  4. Кышы бою   уктап  чыккан  жаныбар?
  5. Ребус 100+үм
  6. Жылдын биринчи  айы кайсы ай?
  7. Жыл ичиндеги  эң  кыска  ай?
  8. Кайсы мезгилде «Нооруз»  майрамы  майрамдалат?
  9. “Чай” деген  сөздүн  бир  тамгасын  алмаштырсак,бир  мезгилди  табабыз?
  10. Жалбырактар качан  түсүн  өзгөртөт?
  11. Музыкалык салам
  12. Баш катырма

Туурасынан:

  1. Эң суук мезгил
  2. Нооруз майрамы болгон  мезгил
  3. Майрамдары көп ай

 Тигинен:

1.Алтын …

2.Эң  ысык  мезгил

4.Жай  мезгилдин  үчүнчү  айы.

6.Жыл мезгили канчага  бөлүнөт

7.Жылдын  акыркы  айы

 

Жыйынтыктоо:

Интерактивдүү тактанын жардамы менен табышмакка көңүлүңөрдү бурсаңар.

— Бир дарак, анын он эки бутагы бар, бутактарында төрттөн уя бар, ал төрт уяда үчтөн жумуртка бар.

 

— Кана жакшылап ойлонуп таап көргүлөчү?

— Азаматсыңар, балдар, жообун туура таптыңар.

                       

  Беш манжа оюнун ойноо менен балдар сабакта алган билимин жыйынтыкташат.

— Демек биздин бүгүнкү өткөн сабагыбыз өз максатына жетти десек болот.

— Сабак силерге жактыбы балдар?

— Азаматсыңар.

Эми, балдар силер алып келип бириктирип көргүлөчү. Мынакей балдар төрт мезгилибиз биригип, бир жылды түздү

Үй тапшырмасы: Ар бир топ өз мезгилине жараша  сүрөтүн тартып, тарткан сүрөтүңөр боюнча текст түзүп келгиле

Баалоо:  Топ аралык баалоо:

Жаз мезгилин

Жай мезгилин

Күз мезгилин

Кыш мезгилин

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер