Жыл мезгилдери

  • 23.01.2024
  • 0
Жыл мезгилдери

Сабактын максаты:

Билим берүү: окуучуларга жыл мезгилдери жана аларга мүнөздүү болгон белгилер жөнүндө түшүнүк берүү. Курчап турган айлана-чөйрөдөгү кубулуштар жөнүндө маалымат берүү.

Өнүктүрүү: окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун, кабыл алуусун, көңүл буруусун, эске тутуусун, анализдөөсүн, мезгилдерди элестетип айтып берүү, жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү.

Тарбия берүү: жаратылышты сактоого, табиятты сүйүп, кастарлай билүүгө тарбиялоо.

Сабактын усулу: Интерактивдүү усул.

Сабактагы негизги иш-аракеттер: жекече иштөө, топтордо иштөө, жуптарда иштөө, «Сыр сандык» оюну, «Мезгил жаратуу» оюну, «Көпөлөк кармоо», «Балык улоо» оюндары.

Сабактын жабдылышы: Мекен таануу китеби, мезгилдердин сүрөттөрү, сыр сандыкчадагы суроолор, тапшырмалар. Перфокарталар, түрдүү-түстүү кагаздар. Аба ырайын түшүндүргөн сүрөттөр.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу: Ар дайым ачык сабагым.

                       Ар дайым ачык кабагым,

                       Саламаттык каалаймын,

                       Саламатсыңарбы, балдарым.

Жагымдуу маанай: Келгин достор ар убак, 

                                      Ынтымакта бололу.

                                     Таарынышып калсак эгер,

                                     кечиришип коёлу.

                                    Көздөр көзгө тике карап,

                                   кечиришип коёлу.     

Окуучуларды сабакка даярдоо: балдар, бүгүн канчасы? Жуманын кайсы күнү? Азыр кайсы мезгил?

Жыл мезгилдери

Сабакта «Алтын эреже» кабыл алабыз.

Жаңы темага өтөрдөн мурун төмөнкү макалдарды чечмелеп алалы:

«Адамдын башкы милдети — ыймандуулук. Жер байлыгын сакта, жаратылышты баркта (күн сайын жазуу стратегиясы).

Табышмактын негизинде жаңы теманы ачуу.

«Бир дарак бар экен. Анын 12 бутагы бар. Ал бутактарда 4 уя, ар бир уяда 3төн жумуртка бар. Ал эмне?»

Мугалимдин сөзү:

—Азаматсыңар, силер табышмакты жакшы табат экенсиңер. Мен андан ары табышмагымды улантайын. Анда эмесе мезгилдер жөнүндө табышмак айтайын. Силер жандырмагын тапкыла.

—Бир жылда канча мезгил бар? Төрт мезгил бар»

—Алар кайсылар? Жаз, жай, күз, кыш.

Мезгилдер жөнүндө табышмак.

Бир күн келип карасам, алма бүрдөп калыптыр. Бул кайсы мезгил? (Жаз)

Дагы келип тиктесем, гүлдөр гүлчө жарыптыр. Бул кайсы мезгил? (Жай)

Кийин келип текшерсем, толгон мөмө бутакка. Бул кайсы мезгил? (Күз)

Ал мөмөнү биз жыргап, жеп жатабыз бул жакта. Бул кайсы мезгил? (Кыш)

Жыл мезгилдери

Сабактын максаты айтылат.

Текст менен иштөө. Мезгилдер эмне үчүн 4кө бөлүнүп калган? Мугалим текстти окуп берет (интерактивдүү окуу стратегиясы).

Багыттоо, баалоо, жайылтуу, жооп берүү, реакция кылуу.

  • Текст эмне жөнүндө экен?
  • Жер планетасы кандай болгон?
  • Төрт бир туугандын эң улуусу ким болуптур?
  • Кыш эмнени ойлоп тапты?
  • Мезгилдердин бөлүнүшү туура болдубу?
  • Кышында аба ырайы кандай болот?
  • Жылдын эң суук айы кайсы ай?
  • Эң ысык мезгил кайсы мезгил?

Тексттин калган бөлүгүн окуучулар өз алдынча окуп, түшүнүктөрүн айтып беришет.

Ар бир мезгилдин өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Күн артынан күн өтүп, түн артынан түн өтүп көп күндөрдөн кийин жаз, жай, күз, андан соң кыш мезгили келет. Бул көрүнүш жыл мезгилдеринин өзгөрүшү. Жыл мезгилдеринин өзгөрүшү эмнеден көз каранды деп ойлойсуңар? Балдар бир аздан кийин ушул суроого жооп алабыз.

Ооба, балдар, эми биз мезгилдерге карап төрт топко бөлүнөбүз.

Жыл мезгилдери

Топторго бөлүү. Топтор аркылуу баалоону жүргүзмөкчүбүз.

  1. Жаз 2. Жай 3. Күз 4. Кыш

«Мезгил жаратуу» топторго тапшырма берүү (Мезгилдерди жаратуунун негизинде жасаган ишибизди баалайбыз. Иштин автору мезгилдерди жаратат. Текстти жазган адам бул автор боло алат. Силер жасаган ишиңерге өзүңөр автор болосуңар. Чыгарманын жакшы жагын айтабыз. Андан кийин барып кемчиликтери болсо оңдогонго сунуш киргизебиз.

Ар бир топко бирден ватман берилип мезгилин жаратат.

4 ак кагазда төрт дарактын сүрөтү бар. Ал даракка ар бир мезгилге тиешелүү болгон сүрөттөрдү чаптап мезгил жаратат. Андан соң топтун башчылары доскага илип жактап беришет.

Мезгилдердин жаратылышы боюнча суроолор берилет.

  1. Бул топтун мезгил жаратууда эмнеси жакты?
  2. Мезгилдин сүрөттөлүшү окшоштубу?
  3. Кайсы жерине өзгөртүү киргизмексиң?
  4. Сен дагы ушундай жаратмак белең?

«Макта, сура, оңдо» стратегиясы

Ар бир мезгилге тиешелүү айларды доскага чапташат. Жаз айлары кайсылар? Март, апрель, май (жалган куран, чын куран, бугу). Жай айлары кайсылар? Июнь, июль, август (кулжа, теке, баш оона). Күз айлары кайсылар? Сентябрь, октябрь, ноябрь (аяк оона, тогуздун айы, жетинин айы). Кыш айлары кайсылар? Декабрь, январь, февраль (бештин айы, үчтүн айы, бирдин айы).

Видео: Мезгилдер эмне үчүн алмашат?

Физминутка

Акыл сандык. Суроолорго жооп берүү.

«Жаз» тобу “балык уулайт”

  1. Нооруз күнү жасалуучу ыйык тамак? Сүмөлөк
  2. Бир суткада канча саат бар? 24 саат бар
  3. Бир жылда канча күн бар? 365
  4. Кыргызстанда канча область бар? 7

«Жай» тобу “көпөлөк кармайт”

  1. Уул деген сөздө канча тыбыш, канча тамга бар? 3 тамга, 3 тыбыш
  2. Ч. Айтматов канчанчы жылы төрөлгөн? 1928-жыл 12-декабрь
  3. «Манас» эпосундагы Манас баатырдын минген аты? Аккула
  4. Сын атооч деген эмне?

«Күз» тобу “алма терет”

  1. Жети атаны атап бер? Ата, чоң ата, баба, буба, жото, жете, тек
  2. Адам баласынын пикир алышуу куралы? Тил
  3. Кичине кенгурулар кайда укташат? Чөнтөгүндө
  4. Кыргыз тилинде канча жөндөмө бар? 6

«Кыш» тобу “Арчаны кооздошот”

  1. Күн жерди айланабы же жер күндү айланабы? Жер күндү айланат
  2. Кышында аюу кайда уктайт? Чээнде
  3. Эн кыска ай кайсы? Февраль
  4. Светофор жөнүндө ыр билсең айтып көрчү?

Машиналар көп өткөн,

Чоң жол болот көчөбүз.

Светофор жапжашыл,

Күйгөн кезде өтөбүз.

Резервдеги тапшырмалар

  1. Кроссворд
  2. Ребус

Сабакты бышыктоо:

Демек, балдар, биз силер менен жыл мезгилдери жөнүндө кеңири түшүнүк алдык. Силерге кайсы мезгил өтө жакты? Алдыңарда турган куурчактарды мезгилге жараша кийинтип көрөлүчү. Бүгүнкү сабак жактыбы? Суроолор менен сабакты жыйынтыктайбыз.

Баалоо: топтор аркылуу баалоо.

Үйгө тапшырма: мезгилдерге карата сүрөт тартуу.

Жыл мезгилдериНурзат Байболотова,

«Пригород» жалпы билим берүү мектеби.

Бөлүшүү

Комментарийлер