ЖУМАНЫН КҮНДӨРҮ
- 04.02.2022
- 0

Тажибай кызы Феруза,
№ 69 Жаанбай Узаков мектеби,
башталгыч класстар мугалими,
Сузак району, Жалал-Абад облусу
Математика 1-класс
Сабактын максаттары :
1.Билим берүүчүлүк:
Жуманын күндөрүнүн аталыштарын билет. Жети күндүн катарын, иретин жазуу жүзүндө номерлей алат.
2.Өнүктүрүүчүлүк:
Берилген суроолорго жооп бере алат. Сүрөт боюнча маселе түзүүнү билишет.
3.Тарбиялык:
Күнүмдүк турмушта күндөрдү атоодо жуманын күндөрүн аталыштары менен айтууга үйрөнүшөт.
Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү.
Сабактын формасы: Жупта, топто иштөө.
Колдонулуучу усулдар жана ыкмалар : Түшүндүрүү, көрсөтмөлүүлүк, суроо-жооп, баалоо ыкмалары.
Колдонулуучу каражаттар: окуу китеби, таркатуучу дидактикалык материалдар, түстүү сүрөттөр.
Сабактын жүрүшү: 1.Уюштуруу. а) Саламдашуу. Мугалим менен окуучулар бири-бири менен учурашышат.
б) Жагымдуу маанай түзүүгө карата “Бирден тогузга чейин саноо” деген ырын ырдашат.
в) Алтын эрежени айтышат .
г) окуучулар өздөрүнө жаккан фигураларды (тегерек, үч бурчтук, квадрат, тик бурчтук) тандап, артындагы кошуу жана кемитүү амалдарына карап эки топко бөлүнүшөт.
Үй тапшырманы суроо: 37-бет 9-мисал
Топтордогу таякчалардын саны бирдей болгондой кылып , таякчалардын санын көбөйтсөк 2-,3- топторго канчадан таякча кошобуз?
Ал эми азайтсакчы?
Окуучунун иш аракети: Суроолорго сүрөт боюнча жооп беришет.
2.Теманы, күтүлүүчү натыйжасын кабарлоо. Сабактын максатын айтат.
Баалоо критерийлерин кабарлайт.
Оюн: ким гүлдү чогултуп бүтөт.
3.Тема боюнча маалымат берүү.
Бир жумада жети күн бар:
Жуманын биринчи күнү – Дүйшөмбү;
2-күнү – Шейшемби;
3-күнү – Шаршемби;
4-күнү – Бейшемби;
5-күнү – Жума;
6-күнү — Ишемби;
7-күнү – Жекшемби.
Жуманын күндөрүн жалпы айттыруу.
Тема боюнча суроолорду берет.
-Бүгүн жуманын кайсыл күнү?
-Жуманын аягына чейин канча күн калды?
-Жуманын кайсы күнүн жакшы көрөсүң?
-Жуманын кайсы күндөрүндө математика сабагы болот?
Окуучунун иш аракети: Жуманын күндөрүн айтат.
Суроолорго жооп беришет.
Интерактивдүү көнүгүүлөр.
“Жуманын күндөрүнү ирети менен тиз” — оюну. Окуучуларга күндөрдүн аталыштары жазылган баракча берем. Анда күндөрдү ирети менен тизишет.
Окуучунун иш аракети.
Топто иштешет.
Ар бир топтон бирден бала чыгат. Тизген жуманын күндөрүн окуп беришет.
а) Жекече иштөө: №2 мисал.
Маселенин чыгарылышын түшүнүп, дептерине жазуу.
Чыгарылышы:
4+1+1=6
Жообу: 6 жалбырак
Окуучунун иш аракети: Сүрөткө карап канча кызыл, канча сары, канча жашыл
жалбырак кеткенин карап санап, түшүнүп жазышат.
б)Топто иштөө.
№3 мисал. Схема боюнча маселе түзүү.
?
,_____,_____,_______,
2 2 3
Окуучунун иш аракети:
Схема боюнча маселе түзүшөт. Мен талаадан 2 ак, 2 кызыл , 3 сары гүл терип келдим. Менде баардыгы канча гүл бар?
в) Практикалык иш
Эки топ ватмандагы кошуу, кемитүүгө арналган таблицаны толтуруу.
1-топ
+ | 0 | 6 | 3 | 4 |
4 |
2-топ
— | 0 | 7 | 2 | 4 |
8 | ||||
Окуучунун иш аракети. Топто иштешет, таблицаны толтурушат.
Эс алдыруучу мүнөтү: Ордубуздан турабыз ,
Колду алга сунабыз.
Чарчады деп башыбыз ,
Оңго, солго бурабыз.
Окуучунун иш аракети: Окуучулар эс алуу максатында тыныгуу көнүгүүсүн жасашат.
г) Бышыктоо: “Кайсыл гүлдүн ширеси көп” оюну.
Эки топко бирден гүл берилет. Гүлдүн ортосунда бир орундуу сан болот. Ошол санды эки сандын суммасы жана айырмасы түрүндө аарыларга жазуу.
Мисалы: 6
3+3 5+1
6 |
8-2 0+6
7-1 9-3
4+2 10-4
Кайсыл топтун гүлүнө көп аарылар конот.
Окуучунун иш аракети: Топто иштешет .
Бир орундуу санды эки сандын суммасы жана айырмасы түрүндө ар бир окуучу аарыларга жазышат .
5.Жыйынтыктоо: Эки топко суроолор берилет.
1-топ
Экинчи күндүн аталышы кандай?
Шаршембиден кийин
2-топ
Алтынчы күндүн аталышы кандай?
Жекшембиден кийин
Окуучунун иш аракети: Суроолорго жооп беришет.
Үйгө тапшырма берүү: Окуу китебинен 39-бет, 5-мисал.
Окуучунун иш аракети: Үй тапшырманы белгилешет.
Окуучулардын билимин баалоо: Топтор түзгөн гүлдөр боюнча баалайт.
Комментарийлер