ЖЕР ШАРЫНЫН АР ТҮРДҮҮЛҮГҮН САКТАЙЛЫ!

  • 28.04.2023
  • 0
ЖЕР ШАРЫНЫН АР ТҮРДҮҮЛҮГҮН САКТАЙЛЫ!

Нусупова Бактыгул,

Талас районундагы Талды -Булак айылынын

 М. Туйтунов атындагы  мектебинин

биология сабагынын мугалими

Сабактын темасы: “Жер шарынын ар түрдүүлүгүн сактайлы!”

Бизди кызыктырган суроо: “Эмне үчүн жалбырактын түсү жашыл, сары жана кызыл болот жана алар кандай кызмат аткарышат?”

Гипотеза: “Жалбыракта жашыл, сары жана кызыл түс берүүчү зат   болсо керек!
Пластиданы күнү-түнү иштеген заводго окшоштурам”.

      Биздин максатыбыз: Жалбырактын түсү боюнча алган маалыматыбыздын негизинде ал түстөргө изилдөө жүргүзүп алган билимдерибизди  башкалар менен бөлүшкүбүз келет.
Актуалдуулугу : Жалбыракка түс берүүчү хлорофиллдин түзүлүшүн, кызматын окуп чыгып, алардын планетага пайда алып келгендигин жана адамдын организмине зыян алып келүүчү шарттарын аныктоо.
      Жердин өпкөсү болгон кызыл — сары жана жашыл жалбыракка изилдөөбүздү баштайбыз:
Эки окуучу төмөнкү  тажрыйбаны жасашат:

Тема : “Пластиданын түсүн жана формасын микроскоптон  жана телефондон көрүү”
Лабораториялык иштин жабдылышы:  Микроскоп, жалбырактын чел кабыгынан жасалган даяр  препарат, телефон, линза.
Иштин жүрүшү: Даяр препаратты даярдап алабыз. Телефондун негизги камерасына линзаны жайгаштырып спышканы жандырып, анын  менен  даяр препаратыбызды көрөбүз, пластиданын  түсү, формасы дааны көрүнөт. Андан соң оптикалык микроскоптон көрүп, байкообуздун  сүрөтүн тартып алабыз.
Жыйынтык :  Пластидалардын өңү сары, кызыл жана жашыл болот, ал эми пластидалардын формасы сүйрү болот. (Слайд кетет)
№1.  Слайд  Өсүмдүктүн жалбырагында, сабактарында, гүлүндө  жана тамырында пластидалар болот. Пластида деген терминг Гректин “PLASTIDES”- сөзүнөн келип чыккан . “Түзүүчү, куруучу ” деп которулат. Пластидага тиешелүү өңдү пигменттер берет.
№2. Слайд  Пластидалар  — Жашыл пластида  — “Хлоропласт”  деп аталат. Пигменти: Хлорофилл
— Кызыл — сары  пластида  —  “Хромопласт ” деп аталат. Пигменти: Хромопласт
—  Түссүз  — “Лейкопласт ” деп аталат. Пигменти:  жок (Түссүз)

                                                                      тиллакоид                                                                                                    №3. Слайд 

                                                              грана                                                                                                        Строма                                                                                                                                                                               ички мембрана

Сырткы мембрана

№4. Слайд     Пластидаларга түс берүучү эки зат бар (Сүрөтү бар)
“Каротин” -деген термин , Латын сөзүнөн келип чыккан.  “Carote” “Сабиз”
которулат. Каротин мөмөлөрдө ,гүлдөрдө кездешет.

№5. Слайд     “Хлорофилл ”деген термин Грек сөзүнөн келип чыккан  “Жашыл” деп аталат.
Хлорофиллдин жардамы фотосинтез  кубулушу жүрөт.

№6. Слайд     Фотосинтез кубулушу кетет .

№7. Слайд      Абанын булганышы боюнча слайд кетет.
Абанын булганышына салым кошкон пластидалар болуп эсептелет. Ошондуктан
аларды жердин өпкөсү айтышканы  чындыкка дал келет.(Сүрөтү кетет)

№7. Слайд   Быйылкы окуу жылында биздин мектепте  “Ар бир класстан беш көчөт ”-деген
аталыштагы акция жүрүп, акцияга мектеп боюнча  активдүү катыша  алдык.

ЖЕР ШАРЫНЫН АР ТҮРДҮҮЛҮГҮН САКТАЙЛЫ!

ЖЕР ШАРЫНЫН АР ТҮРДҮҮЛҮГҮН САКТАЙЛЫ!

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

№8. Слайд 

ЖЕР ШАРЫНЫН АР ТҮРДҮҮЛҮГҮН САКТАЙЛЫ!Фотосинтездин  макети даяр

№9  Слайд     “Окуйбуз, жасайбыз, изилдейбиз!”

№10  Слайд     Көңүл бөлгөнүңүздөргө чоң ырахмат!

Конкурстан сүрөттөр:

ЖЕР ШАРЫНЫН АР ТҮРДҮҮЛҮГҮН САКТАЙЛЫ! ЖЕР ШАРЫНЫН АР ТҮРДҮҮЛҮГҮН САКТАЙЛЫ!

 

 

 

 

 

           

 

 

 

 

                            

 

 

 

                     

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер