Жеке каржыны башкарууну үйрөнөбүз

  • 22.01.2024
  • 0
Жеке каржыны башкарууну үйрөнөбүз

Жеке каржыны башкарууну үйрөнөбүз

2-класс, Фин-чилистен сынагы

Уюштуруу

Айланамда жайнап турган жашыл багым,

Караңгыда жарык болуп аткан таңым.

Эч бир жанга теңей алгыс асылдарым,

Ата-энем, бир тууганым, жакындарым

Саламатсыздарбы, урматтуу ата-энелер жана биздин кадырлуу коноктор! Баардыгыбыздын жакындарыбыз, үй-бүлөбүз аман болсун дейли дагы бүгүнкү Фин-чилистен сынагыбызды баштайлы.

Фин-чилистен сынагынын максаты: 

  • Жеке каржыны башкарууну үйрөнүшөт.
  • Финансылык сабаттуулук калыптанат.
  • Финансылык туура чечимдерди кабыл алууга тарбияланышат.

Көрсөткүч (багыт берүү)

Баланы коомдогу өз алдынча жашоого даярдоо, өзүн-өзү алып жүрүү, каржылык жана экономикалык мамилелерди билүү, жеке материалдык байлыкты жогорулатуу, акча менен байланышкан туура адаттарды, каржылык жактан сабаттуу жүрүм-турум мамилелерин, келечекте каржылык туура чечимдерди кабыл алууга, өз акчасын туура колдонууга, туура максат коюуга жана ага жетүүгө жардам берүү.

Ал эми финансылык сабаттуулук — бул адамдын жаш кезинен калыптанып, өз алдынча акча табуу жана аны сабаттуу башкаруу жөндөмдүүлүгүн көрсөткөн өзгөчө сапаты.

Финансылык сабаттуулук — жеке каржыны эффективдүү башкаруу, кыска жана узак мөөнөттүү финансылык пландаштыруу.
Кичинекей мектеп курагындагы балдарды финансылык сабаттуулукка тарбиялоо  азыркы учурдагы  эң актуалдуу жана глобалдуу маселе. Ошондуктан баланы финансылык сабаттуулукка өздөштүрүүсүнө жардам берүү керек, бирок ал үчүн баарын жасабаш керек. Мугалимдердин жана ата-энелердин милдети — баланын заман талабына ылайык ыңгайлашуусуна жардам берүү. Жашынан каржылык адаттарга калыптанган, акчанын баркын билген бала чоңойгондо ийгиликтүү инсан болуп чыгышы толук ыктымал.

Финансы деген эмне? Финансы акчадан эмнеси менен  айырмаланат?

Менин байкоомдо, көпчүлүк адамдар муну биле бербейт, мындай түшүнүктөр олуттуу  айырмаланса да окшош дешет.
ФИНАНСЫ —  ар кандай акча фонддорун колдонуу, бөлүштүрүү, түзүү процессинен келип  чыккан экономикалык  мамилелердин  жыйындысы. Финансы түшүнүгү акчадан да кененирээк. Акчадан акча фонду түзүлөт, ал эми  алар бөлүштүрүлгөндө, колдонулганда финансыны пайда  кылат. Демек, финансы деген кыймылдагы акча. Качан гана акча фонддорун түзүп, бөлүштүрүлсө, эсепке алынса — анда акча финансыга айланат.

Калыстар тобун  шайлоо

Сыйлоо критерийлери менен  тааныштыруу:
Копилка жасагандыгы үчүн, команданын атын коргоп, презентация жасагандыгы үчүн “10”, “5”, “3” номиналдагы “тыйындар” менен сыйланышат. 3-турда ар бир туура жооп үчүн “5” номиналдагы “тыйындар” менен сыйланышат. 4-турда практикалык ишти аткарганына жараша “10”, “ 5”, “3” номиналдагы “тыйындар” менен, 5-турда акча топтоо боюнча оригиналдуу, эффективдүү идеяларды сунуштаган командага “15” номиналдуу “тыйын” менен сыйланышат.

— Кана, урматтуу ата-энелер, биз ар дайым өзүбүзгө төмөндөгү үч сөздү айтып жүрүшүбүз керек экен.

  1. МЕН ӨЗҮМӨ ИШЕНЕМ
  2. МЕН АКЫЛДУУМУН
  3. МЕНИН КОЛУМДАН БАРДЫК НЕРСЕ КЕЛЕТ

Үч сырдуу сөздүн жардамы менен топторго бөлүнүп, ар бир топ башчы доскада илинген түстүү баракчаны тандайт.

1-топ — Киреше тобу

2-топ — Бюджет тобу

3-топ — Аманат тобу

Мына, үч топко бөлүнүп алдык, эми сынагыбыздын баскычтары менен тааныштыра кетейин.

Сынагыбыз 6 баскычтан турат:

1-тур: «Өз колуң менен акча топтоочу буюм жаса» (10 мин.)

2-тур: Команданын  атын коргоо (10 мин.)

3-тур: Блицсуроолор (10 мин.)

4-тур: «Биздин каржылык абалыбыз кандай?» Практикалык иш (15 мин.)

5-тур: Акча чогултуу боюнча «алтын кеңештер»

6-тур: Жыйынтыктоо

Жеке каржыны башкарууну үйрөнөбүз

1-БАСКЫЧ-10 МҮНӨТ

Өз колуң менен акча топтоочу буюм «копилка» жаса.

2-БАСКЫЧ 10 МҮНӨТ

Командалар өз аттарын презентациялашат.

3-тур: “Блицсуроолор” (10 мин.)

Командалар кезектешип суроолорго жооп беришет. Жооп берүүгө 5 секунд берилет. Эгерде команда бул убакыттын ичинде жооп бере албаса, суроо кийинки командага берилет. Ар бир туура жооп үчүн команда «5» номиналындагы  “тыйын» алат.

Биринчи кагаз акча качан пайда болгон? (Жооп: Биринчи кагаз акча биздин замандын 910-жылы Кытайда пайда болгон).

Дүйнөдө биринчи банк кайсы өлкөдө пайда болгон? (Жооп: 1661-жылы дүйнөдөгү биринчи мамлекеттик борбордук банк -Швеция банкы түзүлгөн).

Кыргызстандын өз валютасы – сому качан пайда болгон? (Жооп: 1993-ж.)

20 сомдук купюрада ким тартылган? Жана кайсы белгилүү кооз жер чагылдырылган? (Жооп: Т. Молдо; Нарындагы Таш-Рабат)

50 сомдук купюрада ким тартылган? Жана кайсы белгилүү кооз жер чагылдырылган? (Жооп: Курманжан датка; Өзгөндөгү мунара жана күмбөз тартылган)

100 сомдук купюрада ким тартылган? Жана кайсы белгилүү жер чагылдырылган? (Жооп: Токтогул Сатылганов; Токтогул ГЭСи).

200 сомдук купюрада ким тартылган? Жана кандай көрүнүштөр чагылдырылган? (Жооп: Алыкул Осмонов жана Ысык-Көлдүн панорамасы)

500 сомдук купюрада ким тартылган? Жана кандай көрүнүштөр чагылдырылган? (Жооп: Саякбай Каралаев; Таластагы Манастын күмбөзү)

1000 сомдук купюрада ким тартылган? Жана кандай көрүнүштөр чагылдырылган? (Жооп: Жусуп Баласагын, Сулайман-Тоо)

Жеке каржыны башкарууну үйрөнөбүз

Сатып алууларды накталай акча – кассага купюралар жана монеталар аркылуу төлөм жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырабыз, же накталай эмес которуу жолу менен төлөйбүз. Бул учурда адамга кандай буюмдар керек болот? (Жооп: Банк картасы/смартфонго орнотулган, банк картасы менен байланышкан атайын мобилдик тиркеме (сунушталган жооптордун баары туура деп эсептелинет).

2000 сомдук банкнотто эмненин сүрөтү бар? (Жооп: Манастын эстелиги, боз үй, бүркүт, дарак, Хан-Теңир, Ысык-Көл)

5000 сомдук банкнотто ким тартылган? Жана кандай көрүнүштөр чагылдырылган? (Жооп: Сүймөнкул Чокморов; Бишкектеги «Ала-Тоо» аянты).

Мектепке бала үчүн канцелярдык товар сатып алуу бир гана чыгаша эмес, инвестиция деп айтууга болобу? Ооба болсо, эмне үчүн? (Жооп: Ооба, баланын билимине болгон инвестиция, ал келечекте анын кызыктуу жана жакшы акы төлөнүүчү жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат).

Киреше деген эмне? (Жооп: Бул үй-бүлөлүк бюджетке каражаттардын түшүүсү).

Чыгымдар деген эмне? (Жооп: бул үй-бүлөлүк бюджеттен акча сарптоо)

Депозит деген эмне? (Жооп: адам келечекте колдонуу үчүн банкта сактаган акчасы)

4-тур: «Биздин каржылык абалыбыз?» Практикалык иш (15 мүнөт)

Ар бир топ тапшырма жазылган кагаз алат:

Киреше жана чыгашалар менен бир айга бир үй-бүлөнүн мисалында үй-бүлөлүк бюджетти (суммасын көрсөтүү менен) таблицага жазгыла:

Бир айлык үй-бүлөлүк бюджет 

КирешеСомЧыгашаСом
Атасынын эмгек акысыКоммуналдык төлөмдөр
Апасынын эмгек акысыТелефонго бирдиктер
Тойго кеткен чыгымдар
Чоң энесинин пенсиясы
Байкесинин стипендиясы
Бардыгы:

Калдыгы _________________

Калган акчаны санап, жылына 16% менен банктык депозитке 2 жылга салгыла. Ошол 2 жылдын ичинде депозиттен түшкөн киреше канча болот? Акчаны сактоонун (чогултуунун, үнөмдөөнүн) башка жолун сунуштагыла.

5-тур: Акча чогултуу боюнча “алтын” кеңештер (10 мин.)

Ар бир команда акча топтоо (чогултуу) боюнча 5 кеңешти сунуштайт. Эң оригиналдуу жана эффективдүү идеяларды сунуштаган команда жеңүүчү деп табылат, 15 «тыйын» алат.

6-тур: Жыйынтыктоо

Ар бир команда өзүнүн копилкасын “ачат” жана андагы  бардык “тыйындарды” санайт. Эң көп «тыйын» чогулткан команда жеңүүчү деп эсептелет.

Замирбек кызы Фатима, Жалал-Абад областы, Тогуз-Торо районунун № 6 Бирдик жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класстар мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер