Жарыктын толкундук касиеттери

  • 10.04.2024
  • 0
Жарыктын толкундук касиеттери

Интерактивдүү ыкма менен окутуудагы сабактын иштелмеси

Сабактын тиби: билимдерди жалпылап, кайталоо сабагы.

Сабактын формасы: сабак-мелдеш.

Сабактын жабдылышы: МКТ, сүрөттөр, формулалар, телефон, фонарик, призма, калың кагаз, түрдүү түстүү кагаздар.

Сабактын максаттары: жарык жана жарыктын толкундук касиеттери жөнүндө алган билимдерин бышыктап, кайталашат.

Жарык жана жарыктын толкундук касиеттерин, алардын өз ара байланыштарын билип, эстеп калуу жөндөмдүүлүктөрүн арттырууга көнүгүшөт.

Билимге болгон кызыгууларын калыптандырып, турмушта колдоно билүүгө тарбияланышат.

Күтүлүүчү натыйжалар:

Сабак максатына жетет, эгерде окуучулар жарык жана жарыктын толкундук касиеттери жөнүндө алган билимдерин бышыктап, кайталашса; Жарык жана жарыктын толкундук касиеттерин жана алардын өз ара байланыштарын билип, эстеп калуу жөндөмдүүлүктөрүн арттырууга көнүгүшсө; Билимге болгон кызыгууларын калыптандырып, турмушта колдоно алышса.

Сабактын этаптары:

  1. Тапкыч (сүрөттөр);
  2. Окшоштуруу (экрандан берилген сүрөттөрдү тажрыйба менен байланыштыруу);
  3. Изилдегич (Ньютондун портрети);
  4. Бирөө ашыкча (түстөр);
  5. Жыйынтыктоо (тест);

Мугалим: Саламдашат. Жагымдуу маанай

1.“Биринчи байлык – ден соолук” – балдар баарыбыздын ден соолугубуз чың болсун!

2.“Тазалык – ден соолуктун булагы”  — тазалыкты сактасак, ден соолугубуз чың болот.

3.“Китеп – билим булагы, билим – өнөр чырагы” – китепти көп окуйлу, билимдүү бололу!

«Тапкыч» этабы менен баштайт. Сүрөттө: көз айнек сатылган дүкөндүн сүрөтү, ванна же душтун сүрөтү, биринин үстүнө бири турган китептердин сүрөтү берилген. Окуучуларга суроо берилет. Эмнени көрүп турасыңар? Эмне себептен бул сүрөттөр берилген жана өтүлгөн темалар менен байланыш эмнеде?

Окуучулар суроолорго жооп беришет. 1-сүрөттө көз айнек сатылган дүкөн- Оптика деп аталат. Оптика гректин “optike” деген сөзүнөн алынган, кыргызча жарык дегенди билдирет. 2-сүрөттө ваннадагы сууда толкунду алуу үчүн Гюйгенстин тажрыйбасын колдонобуз, бирок, сүрөттөгүдөй ванна эмес, асты айнектен жасалган. 3-сүрөттө катталышкан нерселерди көрүп жатабыз, ал эми сабакта  толкундардын катталышын айтсак болот.

«Окшоштуруу» этабы. Окуучуларды топко бөлүү. Үч топтун атын аныктайбыз. Экранда төмөнкү сүрөттөр көрсөтүлөт. Партанын үстүндө фонарик, призма, калың кагаз турат. Экрандагы сүрөттөр менен нерселерди байланыштырып, кайсы кубулушка негизделген экендигин табышат. Ошентип, окуучулар интерференция, дифракция, дисперсия деп үч топко бөлүнүшөт.

«Изилдегич» этабы. Экрандан адамдын көзү көрсөтүлөт, окуучуларга физиктердин сүрөттөрү берилет, ошол сүрөттөн кимдин сүрөтү экендигин табышат, ал жөнүндө айтып беришет.

Окуучулар: Исаак Ньютондун сүрөтүн табышат жана ал жөнүндө кыскача айтып беришет.

«Бирөө ашыкча» этабы. Окуучуларга төрттөн сүрөт берилет.

Жарыктын толкундук касиеттери

Кара ашыкча, анткени ал жарыкты жакшы жутат. Сары, ак, көгүш түстөр жарыкты жакшы чагылтат.

Жарыктын толкундук касиеттери

Ак ашыкча, анткени ак жарык монохраматтык эмес жарык. Кызыл, жашыл, сары монохраматтык жарык.

Жарыктын толкундук касиеттери

Кызгылт-көк ашыкча, анткени анын толкун узундугу кыска. Кызыл, жашыл, сарынын толкун узундуктары кыска.

Тест (жыйынтыктоо). Окуучуларга WhatsApp аркылуу ссылка жиберилет, аны ачып тестти иштешет.

1) Бир тегиздикте мезгилдери жана фазалар айырмасы бирдей болсо,  .  .  .  деп аталат.

А) Когеренттүү толкун булактары          Б) Интерференция кубулушу

В) Дифракция кубулушу                           Г) Дисперсия кубулушу

2) k=1, 2, 3 болсо, толкундар кандай болот?

А) начарлайт        Б) күчөйт                  В) узарат                  Г) кыскарат

3) Призманын сынуу көрсөткүчү эмнеден көзкаранды?

А) Толкундун жыштыгынан          Б) Толкундун мезгилинен

В) Толкундун фазасынан         Г) Толкундун узундугунан

4) d=a+b  барабарсыздык эмнени түшүндүрөт?

А) Дифракциялык торчонун мезгилин                  Б) Дифракциялык торчону

В) Толкун фронтун                                                      Г) Толкун узундугун

5) Британдык атактуу физик, матиматик жана астроном. Азыркы доордогу физика илиминин

негиздөөчүлөрүнүн бири      ……………….. .

А) Андре-Мари Ампер           Б) Эрнст Резерфорд            В) Исаак Ньютон          Г) Майкл Фарадей

Баалоо:  

1) Топтук баалоо: кайсы топ көп жалбырак чогултса, ошол топ жеңишке ээ болот.

2) Жеке баалоо:

  1. Эгерде окуучу 6 жалбырак чогултса, “5” деген баа коюлат.
  2. Эгерде окуучу 4 же 5 жалбырак чогултса, “4” деген баа коюлат.
  3. Эгерде окуучу 3 же 2 жалбырак чогултса, “3” деген баа коюлат.

Мээрим Аманкулова, Чүй облусунун Жайыл районундагы Сосновка орто мектебинин физика мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер