ЖАҢЫ БИЛИМДЕРДИ ӨЗДӨШТҮРҮҮ САБАГЫ

  • 17.02.2022
  • 0
ЖАҢЫ БИЛИМДЕРДИ ӨЗДӨШТҮРҮҮ САБАГЫ

Тажимырзаева Айгүл,

Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун

Т.Тыныбеков атындагы №16 мектебинин

 башталгыч класстар мугалими

Предмети: Адабий окуу

Классы: 3-класс

Сабактын темасы: Бул эмне?

Сабактын тиби. Жаңы билимдерди өздөштүрүү сабагы

Сабактын предмет аралык байланышы: Кыргыз тили, мекен таануу, математика, музыка, сүрөт.

Сабактын жабдылышы: Слайд, оюндар “Күлүк суроо аркылуу тыбышты тап”  “Муундан сөз кура”, “Түшүп калган тыбышты ордуна кой”, кичинекей тест, синквейн.

             Уюштуруу:

Саламатсыңарбы, балдар!

Келгиле ак мектебибиз жөнүндө ырды ырдап, көңүлүбүздү көтөрүп, сабагыбызды баштайлы ээ.

“Ак мектебим”

Ак мектепке ар бирибиз шашабыз,

Билим менен сугарылып кайтабыз.

Күндө окутуп, күндө тарбия берген,

Мугалимге ырыкмат деп айтабыз.

Келгиле 3-класс                                      Күнүгө берилген

Жакшы окуп жүрөлү                              Тапшырма –талапты,

Бардыгынан жетишип,                          Өз алдынча аткарууга,

Көңүл бөлөлү!                                          Тегиз көнөлү!

Азаматсыңар! Кана анда, экранды карагылачы балдар, бул жерде сөздөрдүн кээ бир тыбыштары түшүп калыптыр. Силер аны таап окусаңар, силердин  кандай балдар экениңер келип чыгат.

 

“Түшүп калган тыбышты ордуна кой” оюну.

 

 Аы д
Кчүү
Жйаы
Ытмкуу
Ааечл
Клүүү

Демек, биз кандай балдарбыз?

Акылдуу, күчтүү, жайдары, ынтымактуу, аракетчил, кээде күлкүлүү да балдарбыз ээ…

Анда өзүңөрдүн акылдуу, аракетчил экениңерди далилдеп мына бул муундарды тез курап  бергилечи? Кайсы тайпа биринчи кураса -ал 1-топ, экинчи кураса -2-топ, акырында калса-3-топ

болот деп топторго бөлүп алам.

Сабакта көрсөткөн иш-аракетиңер жылдызча аркылуу бааланат.  Кана топтор, силер кураган

сөздү окугулачы?

1-топ   Ө-түл-гөн

2-топ   те-ма-лар-ды

3-топ   кай-та-лоо

Азаматсыңар, анда өтүлгөн темаларды кайталоо үчүн ар бир топко кичинекей тест бар,

даярбызбы?

1-топко:

1  Адабий окуу китебиндеги биринчи чыгарма?

А Эң мыкты дос

Б Жакшы китеп

В  Китептин душманы

 

2 Эгемендүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикалары кайсылар?

А  Туу, герб, гимн

Б  Калпак, шөкүлө,тон

В  Комуз, кыл кыяк, сыбызгы

 

3 “ Сүт чөп, кубат чөп, соргок” Бул чөптөрдүн аттарын кайсы чыгармадан укканбыз?

А “ Жалкоо” чыгармасынан

Б  “Жоогазын” чыгармасынан

В  “Кумурска менен жалкоо” чыгармасынан

2-топко:

1 “ Коңур күз” чыгармасынын автору ким?

А   А.Осмонов

Б   М.Алыбаев

В   Б.Асаналиев

 

2   “Эси жоктун эртеңи түгөнбөйт”, “Оозуң менен орок орбо” деген макалдардын мазмуну кайсы чыгармага туура келет?

А   “Жалкоо”чыгармасына

Б   “Нан” чыгармасына

В  “ Дарак ыйлайбы?” чыгармасына

 

3  “Жер бетинде көгөрүп турган турган өсүмдүктүн баары адамдар сыяктуу эле тирүү. Аларды сындырсаң, кыйсаң эти ооруйт, жабыркайт, кыйналат”.

Бул сөздөр кимдин атасына таандык?

А   Канаттын атасына

Б    Мараттын атасына

В    Саматтын атасына

                3-топко:

1    Ай,ак куулар,ак куулар,

Асман көлдө шат курар.

Кээде коркуп элеңдеп,

Кетет неге шаштыңар?

Бул саптар кайсы чыгармага таандык?

А   “Жоогазын”

Б    “Коңур күз”

В    “Бала жана ак куулар”

 

2  “-Тигине,биздин там!…Миңбай абамын тамы…Нуркулдардын тамы…”

Бул кимдин сөзү?Кайсы чыгармада?Автору ким?

А  Эрландын сөзү, “Ала-Тоо-Ата журтубуз” чыгармасында, автору Б.Асаналиев

Б   Сатымкулдун сөзү, “Туулган жер” чыгармасында,автору Т.Касымбеков

В    Камчыбектин сөзү, “Балапан” чыгармасында, автору Д.Сулайманов

 

3  “Китептин душманы”

чыгармасынын автору ким?

А   Б.Асаналиев

Б   А.Осмонов

В   М.Алыбаев

 

Ар бир топтун жооп берүү деңгээлине карап жылдызча менен бааланат.

 

Айткылачы балдар, ал эми үй тапшырма эмне болду эле? “Мээримдүү канаттуулар” ушул

(темага карата сүрөт тартуу)

Ар бир топтун сүрөттөрүн көрүп, эмгектерин топ боюнча баалап чыгарып жылдызча берилет.

 

Анда балдар, келгиле!

Күлүк суроого жооп берүү менен доскадагы чачылган тамгалаларды ирээти менен жазып бергиле!

1 Алфавитте экинчи тамга.                                                                            Б

2 “Уя” деген сөздө биринчи келет.                                                              У

3  “Ал” деген сөздө акыркы тыбыш                                                            Л

 

4 “Эне” десең эки жолу айтылат.                                                                  Э

5 Ал тамга менен башталган унааны айдасаң ,тез жетесиң.                 М

6 Жумшак үнсүз.”Нан”деген сөздө эки жолу көрөсүң                             Н

7 “Айбийке”деген сөздө акыркы тыбыш                                                     Е

 

Демек, бүгүнкү темабыз “БУЛ ЭМНЕ?”

Сабактын максаты экран аркылуу тааныштырылат.

Балдар бул чыгарманын автору Абдыкерим Муратов.(сүрөтүн көрсөтөм)

1956-жылы Ноокат районунда туулган. Бул агайыбыз педагогика илимдеринин доктору, профессор, публицист, чыгармачылык ишмердиги жана илимий ишмердиги менен кыргыз элине кошкон салымы чоң. Силерге арналган “Бул эмне?”деген чыгармасы менен азыр таанышабыз.

1 Текстти көркөм окуп берем.

2 Суроолор боюнча аңгемелешем.

Сөздүк жумуш уюштурам

Табып — Элдик дарыгер

Айрымдарын — кээ бирлерин

 

Талкуу бүткөн соң “Чоң атанын Коляга айтып берген чөптөрдүн аттары эсиңерде калдыбы?, — деген суроо менен кайрылам жана окуучулардын көңүлүн экранга бурам.

Чоң ата айткан ар бир чөптү слайд аркылуу экрандан көрсөтөм. Балдардын эсинде калуу үчүн суроолор менен талкуу болот.

 

Мисалы: Чоң ата “Уу коргошун” деген дары чөптү айтып өттү, а силер кандай дары чөптөрдү билип

тааный алат экенсиңер байкайлы ээ, экрандан дары чөптөрдүн сүрөттөрү чыгат балдар таанып айтышат.

 

3 Өз алдынча купуя окуп чыгууга бир минут убакыт берилет.

4 Жарыя чынжырча окутуу бөлүгүндө топтор боюнча окутулат.

(Мында кайсы топтун окуучулары эң мыкты окуп бергендерине карап жылдызчалар берилет)

Сабакты бышыктоо:

1-топко тапшырма:

Коля кыргыз жериндеги кандай чөптөрдүн аттарын билип алды?Тизмелеп жазгыла.

2-топко тапшырма:

Мааниси туура келген сөздөрдү жебе аркылуу дал келтиргиле.

3-топко тапшырма:

“Чөп” деген сөзгө синквейн түзгүлө.

Топторго барак жана маркерлер, аткаруу үчүн убакыт берилет. Аткарып бүтүшкөндөн кийин, жоопторду  экран аркылуу текшерип алууларын сунушталат.

 

1-топко тапшырма:

Козу кулак, уу коргошун, төө таман, ат кулак, бетеге, көдөө, чекилдек, чырыш, сасык таана, тулаң, куурай, шимүүр, чечекей, көбүргөн, меңдубана, карга тырмак, терскен.

 

2-топко тапшырма:

Мааниси туура келген сөздөрдү жебе аркылуу дал келтиргиле.

Бир топ                         элдик дарыгер

Дароо                                кейиди

Табып                      бир нече

Алмаштырып              тез

Өкүндү                                    айырбаштап

 

3-топко тапшырма:

Синквейн түзгүлө:

Эмне?                  Чөп.

Кандай?              Жашыл,жумшак.

Эмне болот?     Өсөт,куурайт,малга тоют болот.

Сүйлөм.             Атам малга чөп салды.

Синоним.          Шибер.

(Топтордун иши экран аркылуу текшерилип,жылдызчалар берилет)

 

Сабакты жыйынтыктоо:

Ой бөлүшүү:

1-топко:  Бүгүнкү тема жактыбы? Жакса эмнеси менен?

2-топко:  Силер өзүңөргө кандай таасир алдыңар?

3-топко:  Силер чөптөр жөнүндө дагы эмнелерди билгиңер келип кызыгып калдыңар?

 

Үйгө тапшырма:

1-топко:  Окуп, окуган жериңерди айтып бергиле.

2-топко:  Темага карата сүрөт тарткыла.

3-топко:  Мындан башка дагы чөптөрдүн аттарын ата-энелердин жардамы менен билип келгиле.

 

Топтордун жыйынтыгы чыгарылат.

Окуучулардын активдүү катышканы белгиленет.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер