Ж ТЫБЫШЫН ЖАНА Жж ТАМГАСЫН ҮЙРӨНӨБҮЗ

  • 21.12.2023
  • 0
Ж ТЫБЫШЫН ЖАНА Жж ТАМГАСЫН ҮЙРӨНӨБҮЗ

Наргиза КУДАЙКУЛОВА, Ош облусунун Кара-Суу районундагы №27 Топ-Терек негизги мектебинин башталгыч класстар мугалими

Сабактын темасы:  Ж тыбышы Жж тамгасы

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк:Ж”тыбышы жана Жж тамгасы боюнча маалымат алышат. Ж тамгасы катышкан сөздөрдү айтышат. Сөздөрдөн Ж тамгасын бөлүп, көрсөтө алышат.

Өнүктүрүүчүлүк: Ж” тамгасын билип, элестетүүсү, эске сактоосу, кыялдануусу, кабыл алуусу, ой жүгүртүүсү калыптанат.

Тарбия берүүчүлүк: Чынчылдыкка, ынтымактуулукка, достукка тарбияланат.

Сабактын жабдылышы: Китептер, сүрөттөр, дидактикалык жана башка материалдар, мугалимдин жалпы класстык тамга кассасы, класстык кесме тамгалар, ТВ  ж.б.

Сабактын ыкмасы: Аңгемелешүү, диалог.

Сабактын тиби:  Жаңы теманы өздөштүрүү.

1) Уюштуруу: Түз отуруусун жана айтылган сөзгө өз ойлорун кошуусун сунуштайт. Классты сабакка уюштурат. Өткөн сабакты эске салуу менен бирге окуучулардын түшүнүгүн бышыктайт. Жаңы тема менен тааныштырат.

2) Өтүлгөн теманы кайталоо

Мугалимдин иш-аракети:

Мугалим жаңы теманы түшүндүрө алат, дидактикалык материалдарды орундуу колдонот. Ар бир баланын кабыл алуусуна жараша ар түрдүү формада тушундүрүүгө аракет жасайт. Сүрөт боюнча аңгеме түзөт.

Мугалим:  Бүгүнкү күнгө чейин бир нече тамгаларды окуп, үйрөндүк.

Кана балдар, жан, жак, жоолук, жорго, желек деген сөздөрдү муунга бөлөлү. Жалпы хор менен бир нече жолу окуучулар менен бирге кайталайбыз.

Муунга кандай болуп бөлүнөөрүн да эске салуубуз керек. Мисалы: жан сөзү муунга бөлүнбөйт, ал эми жоого сөзүндө эки муун (жоо-го) бар. Силер Ж тамгасы катышкан кандай сөздөрдү билесиңер? Атап көрөлүчү, балдар. (Балдар  билгендерин айтып беришет). Андан кийин сүрөттөрдү колдонуу менен “ж” катышкан сөздөрдү табабыз.

Физкультминутка

— Кана балдар, азыр баарыбыз тынчтыкты сактап, акырындык менен доскага чыгабыз. ”Молекула” оюнун ойнойбуз.

“Молекула” деген биздин көзүбүзгө көрүнбөгөн, аба менен кошо жүргөн зат. Молекулалар бириксе, атомго айланат. Азыр силер дагы ошолор сыяктуу функцияны аткарасыңар. Мен “молекула,  молекула” деп, бир нече жолу айткан соң, молекулалар экиден же үчтөн деп ар кандай айтышым мүмкүн. Мен канча сан айтсам, силер ошончодон биригишиңер керек. Кимде ким оюндун шартын аткара албаса, ырдап же кызыктуу жомок  айтып берет.

Мугалим: — Азаматсыңар! Анда биз азыр Ж тамгасы катышкан төмөндөгү ырды жаттайбыз.

Желек, жебе, жарганат,

“Ж” тамгадан башталат.

Жоо келтирбей жерине,

Жоокер жерин кайтарат.

Эми балдар, “Жылкылар” деген аңгемени угуп, суроолорго жооп бересиңер. (Жылкылардын сүрөттөрү видео аркылуу ТВ дан көрсөтүлөт).

  1. Жапардын канча жылкысы бар?
  2. Жылкылары күлүкпү же жоргобу?
  3. Анын күлүктөрүн эл билеби?

Сабакты бышыктоо:

— Бүгүн биз кайсы тамганы үйрөндүк?

— Биз бүгүн Ж тамгасын үйрөндүк.

— Азаматсыңар, балдар!

  • Жыйынтыктоо: Бүгүнкү сабакта сүрөттөн көрүп, Ж тамгасы кайсы сөздөрдө кездешээрин, Ж тыбышы кайсы муунда экендигин түшүнүп, Ж тамгасы катышкан ырды жаттай алдыңар. Ж тыбышы үнсүз тыбыш экендигин өздөштүрдүк. Бирок сөз ичинде башка үнсүз тыбыштардан айырмаланып жумшак айтылаарын биле алдык.

Баалоо: Сабакка активдүү катышкан окуучулар смайликтер менен бааланат.

Үй тапшырма:   Ырды жакшылап жаттап, Ж тамгасын сулуу, таза жазып келесиңер!

Саламатта калгыла, балдар!

Бөлүшүү

Комментарийлер