ӨЗ ТИЛИҢДИ АЗДЕКТЕЧИ АЗЫРТАН

  • 06.04.2022
  • 0
ӨЗ ТИЛИҢДИ АЗДЕКТЕЧИ АЗЫРТАН

Темиралиева  Айсалкын,

 Ош  шаарындагы №14  Каныбек  Алтыбаев орто  мектебинин

 кыргыз  тили жана  адабияты  мугалими 

Азыр   технологиянын   заманы, заманбап    мугалим  болуу   үчүн компьютерде  отуруп,  видео  сабак  иштеп,  ой-пикир  сунуштарыбызды жазып    жаткан  мезгилибиз,  аны  айтканым  окуучулар   эмес,  жаш  бала да  смартфон   колдонгонду  өтө  жакшы   билип   калган   мезгил.  Көбүрөөк кыргыз   тилиндеги материалдарды   интернеттен   таба   алсак   жакшы болоор  эле. Шаар   жергесинде   калктын   көпчүлүк   бөлүгүндө   ушундай   акыбал  десең, айыл   жергесинде   да  орус  тилчи   мугалимдерге   ата-энелер кайрылып,  кошумча   сабактарды  орус  тилинен   өтүп   берүүсүн   суранып,  керек  болсо  «төлөп  берели»  деп жатышканында … Албетте   бул   туура эмес  дегенден  таптакыр   алысмын, ата-эне  да  баласынын  келечегинин кең   болушун  каалайт.  Зээним   кейигени  кылымдарды  карыткан кыргыз  тилин, башка  тилдердин  алдында  барктасак,  даңктасак,  баалай билсек   сонун   болмок!

ӨЗ ТИЛИҢДИ АЗДЕКТЕЧИ АЗЫРТАН

2000-жылы жогорку окуу жайды бүтүрүп келип, өз ишимди Кара-Суу шаарындагы улуттук мектептердин биринде кыргыз тилинен сабак берүүдөн баштадым. Болгону 45 минуталык сабак болот, өз предметим боюнча кыргыз тилинде, калганы өзбек тилинде көпчүлүк сабактар өтүлөт. Бар күчүмдү жумшадым, окуучулар да аракетчил, кыргыз тилинде туура сүйлөөгө аракеттенишчү. 2006-жылы 1-жолу Кара-Суу райондук «Жылдын мыкты мугалими-2006» сынагында өзбек улутундагы класстар менен ырларды, сахна көрүнүштөрүн аткардык. Окуучулар берилүү менен аткарышкандыктан кол чабуулар астында   калдык. Өз тилимдин баалуулугун башка улуттун балдарынын кыргыз тилинде макал айтып, берилүү менен биз да кыргыз тилинде сүйлөй алабыз деген мээримдүү көз караштарын карап туруп ичимден элжиреп, биз баалай албаган тилди берилүү менен аткарып жаткан окуучуларымды көрүп ыйлагым келген.

Менин негизги милдетим окуучуларга кыргыз тилинин баалуулуктарын үйрөтүү, адабий   тилдин нормасында туура сүйлөөгө, туура, катасыз жазууга көнүктүрүү болчу. Албетте эки тилди салыштырып окутууда кыйынчылыктар болбой койбойт эле. Мисалы: тамгалардын санында, айтылыш жазылышында, үндүү, үнсүз тыбыштарды, созулма үндүүлөрдү айтууда, жазууда айырмалар болгондуктан бир топ кыйналчумун. Ошондой болсо да аракеттенип жүрүп, окуучуларымдын кыргыз тилине болгон сый-урматын байкай алдым. Мен эң баалаган жери – окуучулар менен бири-бирибизди  түшүнүп, сыйлаша алганыбызда… Шартка байланыштуу окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектепте иштеп калдым. Бул жерде өтө көп бөлүгү кыргыз балдар эмеспи. Айрыкча баса белгилеп айткым келгени, ата-энелердин балдарын орус классына ушунчалык окутууга муктаж болгондуктарын байкадым. Бир тараптан зээним кейиди, турмуш ушуну талап кылып жатабы деп, айрыкча азыркы мезгилде ата-энелердин талаалап иштеп жүргөндө «тилден» кыйналгандарынан уламбы, айтор «эптеп» орусча үйрөнсө болду, кийинки жашоодо кыйналып калбасын балам, тил билбей дешеби? Кыскасы өз тилимди алсыздай көрүп кеттим…

ӨЗ ТИЛИҢДИ АЗДЕКТЕЧИ АЗЫРТАНБала  бакчанын орус тайпасына да чуркап жүргөн ата-энелерди айтпай эле коелу… Үйдө да, бала бакчада да, мектепте да орусча сүйлөп жатса бала кантип өз тилинин баалуулугун сезсин!? Эмнегедир башка тилдердин үстөмдүгү же басымдуулугу дейбизби күчөп бараткандай? Албетте бир эле тилдин алкагында жүрсөк өсүү кыйын, бирок кыргыз кыргыз менен кыргыз тилинде   сүйлөшүүсү керек.  Кээде өз тилибизге өгөй мамиле  жасап  жаткандайбыз. Чоң, кичине жыйындар расмий да, мамлекеттик тилде да жүргүзүлгөндүктөн, кыргыз тилине муктаждык жаралбагандай… Жогорку класстарга  сабак берип жүрүп, эмнегедир башталгыч класстардын, болгондо да 1-класстын окуучуларына кыргыз тилинен сабак берип көрүүнү ойлондум. Ошондо даана көрүнө баштады, балдар «сыртка чыгып келүүнү», «уруксат суроону» орус тилинде өз тилинде суудай сүйлөгөндөй сүйлөп жатышканын көрүп капа болот экенсиң. Ыр айтууда, теманы сүйлөп берүүдө, оюн жеткире  албай, орусча мынтип айтылат, кыргызча кандай болот эле деген суроолорду өзүңө берип калганда, ыңгайсыз абалда каласың. Балада эмне күнөө, эс акылын таап калгандан баштап   уюлдук телефонду  колуна  кармата  салабыз, маалыматтын, же  бала  көрчү  мультфильмдердин   көпчүлүгү орус же англис тилинде болуп жатса?  Аргасыздан ошол  тилдерде көрө берип, уга  берип, бул тилдерге өзүнөн өзү бирөө атайын сабак бергендей үйрөнүп  алышат  да? Ал эле  эмес   ата-энелер  балдарын алып   кеткени   келгенде,  алар  менен  орус  тилинде  кучакташып, эркелетип,  бүгүнкү күнүнүн кандай  өткөнүн орус тилинде сурап жатканын  көрөсүң…

ӨЗ ТИЛИҢДИ АЗДЕКТЕЧИ АЗЫРТАН

Албетте  бала   үйүндө,  короосунда,  бала  бакча, мектебинде орус тилинде  карым-катнаш  болуп  жатса, өз  тилинин баалуулугун  кайдан  сезсин?  Ата-эне  кыргыз  тили — өз  тили, кыргыз элинин  басып   өткөн   жолдорун   же   тарыхын   баланын   түшүнүгүнө,  ой жүгүртүүсүнө жараша   жомок  сыңары  айтып  беришкенде, биздин кийим-кечелер, тамак-аштар,  каада-салттарыбыз, Манас атабыз жөнүндө  айтып  беришкенде  балким, башкача болмок?

Мугалимдик  иш тажрыйбамдан  улам, жок  дегенде  өзүм болсом  да   окуучуларыма  36  тамга, 39  тыбышты   1-классынан  үйрөтүүгө   аракет   кылып,  жомок китептен  жомок окуп  берүү  менен, ошол  жомоктор  баланын  аң сезиминин   өсүүсүнө  зор  өбөлгө  түзөөрүн, кыргыздын   кийим-кечесин, каада-салттарын  аз-аздан   болсо  да  үйрөтүүгө   бар   күчүмдү  жумшап жатам,  албетте  программанын   чегинен  чыкпай. Мени  өкүндүргөнү  улуту  башка  болсо  да  бир  жөн, кыргыздын кызы, кыргыздын  уулу  болуп  туруп,  орус  тилинде  сүйлөө  ыңгайлуу болуп  жатканын  байкайсың… Мисалы:  жат  жазуу,  дилбаян,  өз   алдынча  текст  түзүү  мезгилинде  (ө, ү,  ң,  созулма   үндүүлөрдү жазууда)  кыйналгандарын ачык  даана көрүүгө  болот.  Таң  калды  деп  жазуу   керек  болсо —  тан   калды   деп. (Мындай  мисалдар  толтура «өө, үү» болуп жазуу керек болсо –«оо, уу» түрүндө жазып   беришет, албетте   баары  эле   эмес, бирок  өтө  аз  бөлүгү  да  эмес…

ӨЗ ТИЛИҢДИ АЗДЕКТЕЧИ АЗЫРТАН

Мугалим  мектепте  гана  билим  берет, бул  маселе  бир  эле  кыргыз тилчи  мугалимдин   иши эмес болуш  керек,  тарбиянын  башаты  үйбүлөдөн  башталат.  Ата-эне,  Ата-Мекенди, өз  тилин  сүйүүнү  үйрөтүү керек.  Мугалим   балага    жеткирүү   үчүн   план  иштелме  жазат (тынымсыз) ар  кандай  окуу-усулдук  колдонмолорду   колдонот,  жаңы технологиялардын   жардамы  менен  ар  кандай   роликтерди, видео сабактарды көрсөтүү  менен  балага  жеткирүүгө   бар күчүн жумшайт,  бирок көпчүлүк   убактысы  үйдө   өткөндүктөн,  кайра  эле  ошо  акыбалга  түшүп калып  жатканында. Ата-эне,  коомчулук,  керек болсо  окумуштуулар,  дагы  да   болсо  окутуу орус тилинде  жүргүзүлгөн  мектептер үчүн  окуу-усулдук колдонмолорду,  дидактикалык    оюндарды,  программага  өзгөртүүлөрдү киргизишсе…

Кыргыз болуп, бейиштей жерден орун алсак, таза аба, туптунук суу, ачык  асмандын   астында көкүрөк  керип  жашап  жаткандан  кийин, кылымдардан  бери  келаткан  улуу кыргыз  тилин  туура, так, таза, адабий  тилдин  нормасында  сүйлөөгө  аракет  кылсак?!  Мен   сүйлөбөсөм,  сен сүйлөбөсөң  кыргызча, кыргыз болуп, кыргыз  тилин  билип  туруп, анда тээтиги    башка бирөө кайдан сүйлөсүн?!  

Дагы бир жолу өз тилиңди жаныңдай көр, жандай көргөн окуучум!

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер