Ысык-Көл жөнүндө сөз
- 24.01.2025
- 0
Асанбекова Аида, Бишкек шаарындагы №68 ЖББО мектебинин башталгыч класстын мугалими
Чыгарманын аталышы: “Ысык-Көл жөнүндө сөз”
Адабий окуу, 4-класс
Күтүлүүчү натыйжалар:
Окуучулар
- Чыгармадагы каармандарды салыштырышат.
- Чыгармадагы болуп жаткан окуяны баяндоо менен чыгармага талкуу жүргүзүшөт.
- «Окурмандардын пикирлеринин тизмеси» стратегиясын колдонуу менен чыгарманын сюжеттик линиясын айтып бере алышат.
Колдонулуучу стратегиялар, ыкмалар: Божомолдоо ыкмасы, «Сөз графикалык уюштургуч» ыкмасы, «Окурмандардын пикирлеринин тизмеси» стратегиясы.
Керектелүүчү каражаттар: Интерактивдүү панел, ватман, маркер, окуу китеби.
Окутууну уюштуруунун формасы: Жекече, жупта жана топто иштөө.
Иштөө кадамдары текстти окуганга, укканга чейин:
1-кадам: Чыгарманы укканга жана окуганга чейин мугалим окуучуларга интерактивдүү панелден мозаика оюнун ойноону сунуштайт (пазлдык оюн облустарды жана көлдөрдү туура табуу). Окуучулар мозаиканы иштешет жана экранда көлдүн сүрөтү чыгат. Мугалим окуучуларга бүгүнкү тема Ысык-Көл тууралуу боло турганын айтат.
2-кадам
1.Китептеги текстти окуучулар чынжырча түрүндө окугула.
2.Жөн эле шар окуп чыкпастан, чыгарманы түшүнүп окугула.
3.Суроолорго активдүү жооп бергиле
3-кадам
Текстти окуу, угуу
Текстти «Божомолдоо» ыкмасын колдонуп, тыным менен окушат. Ар бир абзацта суроолорго жооп беришет.
Текстти окугандан, уккандан кийин
4-кадам
Окуучулар тексттеги каалаган бир сөзгө «Сөз графикалык уюштургуч» ыкмасы менен жупта иштешет.
5-кадам
Окуучулар 6 топко бөлүнүшөт, «Окурмандардын пикирлеринин тизмеси» стратегиясын колдонуп иштөө менен чыгарманы талкуулашат.
___Таблицада топтук ишти иштөө үчүн 12 вариант берилген ар бир топ бир гана вариантты тандашат. Кантип иштейт топтордун каалоосу боюнча болот. Мисалы, 1-топ 10-вариантты «Чыгарманын эки каарманын салыштыруу» тандаса. Венндин диаграммасын колдонуп иштесе болот. Топ мүчөлөрү өздөрү тандашат жана иштөөгө убакыт берилет. Окуучулардын топ менен иштөөдө тапшырманы аткаруу үчүн төмөндөгүлөрдүн бирин тандоого болот.
6-кадам
Ар бир топ өзүнчө талкуулап алгандан кийин, жалпы класс алдына алып чыгышат (презентациялап беришет).
7-кадам Жалпы талкуу
- Эмне үчүн Ошпур хандын сарайына чакырылып барган жаш жигиттер хан сарайдан чыкпай жок болуп кетип жатышты?
- Адыргы аттуу жигиттин кезеги келгенде анын ата-энеси кандай амал ойлоп табышты?
- Эмне үчүн ханга бере турган боорсок эненин ак сүтүнө жуурулду?
- Ошпур хан боорсокту жедиби? Боорсокту Адыргы алып келгенин билдиби?
- Эмне үчүн Адыргы 9-боорсокту өзү жеп жиберди?
- Ошпур ханды сүрөттөп бергилечи
- Ошпурдун эч кимге айтпа деген сырын Адыргы элге атайын айтып бердиби?
- Кооз гүлдөр эмне деп ырдап жатышты?
- Ысык-Көл кантип пайда болду?
- Текст боюнча өз оюӊарды айтып көргүлө. Силердин оюӊар кандай? Эмне үчүн андай деп ойлойсуӊар?
Окуучулар берилген суроолорго жооп берүү менен текстке талкуу жүргүзүшөт.
8-кадам. Жыйынтыктоо
Ар бир окуучу сабактын кайсы жери кызыктуу болду, кайсы жеринде суроо пайда болду .Тема эмнеси менен жакты. Чыгарманын жашоодо калтырган таасири жөнүндө айтып берет. Сабак жыйынтыкталат.
Баалоо: «Менин салымым» ыкмасы менен окуучулардын билимдери бааланат. (Окуучулар сабак учурунда кандай тапшырма аткаргандыгы жөнүндө баракчадагы таблицага жазышат)
Үйгө тапшырма берилет
Комментарийлер