ЫРЫС АЛДЫ — ЫНТЫМАК

  • 10.01.2024
  • 0
ЫРЫС АЛДЫ — ЫНТЫМАК

Сабактын максаты:  

Билим берүү: Жаңы теманы окуп түшүнүү, түшүнүгүн айтып берүү жана жомокту талдай билүү.

Өнүктүрүү: Эске тутуусун, сөз байлыгын, логикалык ойлоосун өнүктүрөт.

Тарбия берүү: Ар дайым ынтымактуу болуп жүрүүгө, улууларга урмат-сый көрсөтүүгө көнөт.

Сабактын тиби: жаңы билим берүү.

Сабактын ыкмалары: көргөзмөлүү сабак.

Керектелүүчү каражаттар: проектор, сүрөттөр, мультиэкран, сыналгы.

Сабактын жүрүшү:

Мугалимдин ишмердүүлүгү:

Алдыга кадам таштайын,

Адабий окуу сабагымды баштайын.

Анда эмесе силерге саламымды арнайын.

Саламатсыңарбы балдарым?

Кана балдар, эми саламдашып алгыла!

Окуучунун ишмердүүлүгү:

Бар болуңуз эжеке,

Пейлиңизге береке,

Алыстан айтам саламды, акылдуу балдар аманбы?

Күлүп айтам саламды, күмүштөй балдар аманбы?

Жалпы айтабыз саламды, конокторубуз аманбы?

Шыктандыруу:

Мугалимдин ишмердүүлүгү:

Кана балдар, биз азыр силер менен тымпыйып оюнун ойнойбуз.

Окуучунун ишмердүүлүгү:

Мугалимди угуп олтуруп ойношот.

Алтын эреже:

Мугалимдин ишмердүүлүгү:

Кана балдар, алтын эрежени кабыл алабыз.

Күндөй?

Аарыдай?

Короздой?

Ташбакадай?

Коёндой?

Кулагыбыз менен?

Кол көтөрүп?

Кумурскадай?

Окуучунун ишмердүүлүгү

Жылмаябыз.

Ызылдабайбыз.

Кыйкырбайбыз.

Кыбырабайбыз.

Секирбейбиз.

Үй тапшырмасын суроо:

Мугалимдин ишмердүүлүгү:

Балдар, үйгө берилген тапшырманы тесттик суроолор аркылуу жооп бересиңер!

Суроолор

Бала талаада эмне кылып жүргөн?

а) ойноп   б) жер айдап

Торгой эмнеден качты?

а) кыргыйдан   б) адамдан

Торгойду ким куткарып калды?

а) бала     б) чоң ата

Бала торгойду койнунан алгандан кийин эмнени сезди?

а) коркконун, жүнүнүн жумшактыгын

б) курсагынын ачканын

Бала торгойду эмне кылды?

а) учуруп жиберди

б) капаска салып койду

Бала торгой менен кандай дос болду?

а) жакын дос   б)  шилекей алышкан дос

Бир аз убакыттан кийин эмненин үнүн укту?

а) боз торгойдун   б) шамалдын

Окуучунун ишмердүүлүгү:

«Боз торгой» темасын окуп келүү болгон.

Кыргыйдан  качты.

Торгойду бала куткарып калды.

Коркконун, жүнүнүн жумшактыгын сезди.

Учуруп жиберди.

Шилекей алышкан дос болду.

Боз торгойдун сайраган үнүн укту.

Жаңы темага багыт

Мугалимдин ишмердүүлүгү: Балдар, доскадагы сүрөткө көңүл бургула, эмнени көрүп турасыңар? Туура айтасыңар, ынтымактуу балдардын сүрөтүн көрүп турасыңар. Бүгүнкү сабагыбыз эмне жөнүндө болот экен?

Эң туура жооп. Балдар, биз бүгүн силер менен «Ырыс алды – ынтымак»  жомогун өтөбүз. Бул теманы өтүп жатып, силер окуп түшүнүү, түшүнүгүңөрдү айтып берүү, жомокту талдоо көндүмдөрү менен таанышасыздар. Эске тутуу, сөз байлыгыңарды, логикалык ойлооңорду өнүктүрүп, ар дайым ынтымактуу болууга, улууларга урмат-сый көрсөтүүгө  көнөсүңөр.

Кана балдар, эми баарыбыз экранга көңүл бурабыз. “Ырыс алды – ынтымак” жомогун көрөбүз. Эми мен жомокту окуп берем, силер колуңардагы сүрөттөрдү чаптайсыңар.

                                             Ырыс алды – ынтымак

Илгери тогуз уулдуу бир киши жашаптыр. Балдары ынтымаксыз экен. Бир күнү ынтымаксыз тогуз уулду бир-бирден башка кишилер уруп кетишет. Ошондо атасы тогуз тал табылгы алып келип:

— Балдарым, күчүңөрдү сынайын. Бул тогуз табылгыны тобу менен сындыргылачы, -дейт. Боолонгон табылгыны тобу менен эч кимиси сындыра албай коюшат.

Байланган табылгыны чечип, ар биринин колуна бирден берип: 

— Эми сындыргылачы, — дейт. Бирден бат эле тарсылдатып сындырып жиберишет.

Анда атасы: “Силердин келечегиңерди ойлодум, капа болдум. Ынтымагыңар жок болсо, душмандар силерди жалгыз табылгыдай сындырып салат”.

Ушундан кийин тогуз уулу ынтымактуу жашаптыр. Эч ким буларга катыла албаптыр.    

Жомокту сахналаштыруу: Кана балдар, эми жомокту сахналаштырып көрөлүчү.

Окуучулар доскага чыгып аткарышат. Чынжырчада окуу

Бышыктоо

Мугалим: Балдар, эми бүгүнкү сабагыбызды футбол оюнун ойноп бышыктайбыз .Силер  суроолорго туура жооп берсеңер, оюнда жеңүүчү болобуз. Жооп бере албай калсаңар жеңилип калабыз. Ошондуктан туура жооп берүүгө аракет кылгыла.

Абышканын канча уулу болгон?

а) 6    б) 9

Тогуз уулу кандай экен?

а) боорукер   б) ынтымаксыз

Балдарынын ынтымагын көрүп эмне болду?

а) капа болду б) кубанды

Аларды кимдер уруп кетти?

а)  жолоочулар    б) туугандары

Атасы ынтымакка чакыруу үчүн эмне кылды?

а) Табылгы алып келди   б) урушту

Табылгыны тобу менен сындыра алыштыбы?

а)  сындыра албады  б) сындырып салышты

Жалгыз табылгыны сындыра алыштыбы?

а) күчү жетпеди  б) дароо эле сындырып салышты

Окуучулар туура жоопторун белгилешет.

Көп нерсени үйрөндүк,

Адабий окуу сабактан.

Буюрса эми арылам,

Үйрөнгөн  жаман адаттан.

Ата-баба салттарын,

Ардактаймын, даңктаймын.

Улууларды урматтап,

Карыларды барктаймын.

Уят болуп калбашка,

Эч качан чыр салбаймын.

Мугалим:

Азаматсыңар балдар! Эң  туура жооп бердиңер. Футбол оюнунун жеңүүчүсү болдук.

Тапшырма берүү:

Ынтымак тууралуу ыр жана макалдарды таап, жаттап келүү.

Баалоо:

Смайликтер менен баалайм.

Жыйынтыктоо:

Мына балдар, көрдүңөрбү? Кайсы жерде болсок да ар дайым ынтымакта болушубуз керек. Бир туугандарды, улууларды, кичүүлөрдү сыйлоо керек.

Нургиза Султанбекова, Сузак районунун Орто-Сай айылынын №51 С.Жээнбеков атындагы  орто мектебинин башталгыч классынын мугалими 

Бөлүшүү

Комментарийлер