УЛУТТУК   НАРК   —   УЛУТТУН   ЖҮЗҮ

  • 01.05.2024
  • 0
УЛУТТУК   НАРК   —   УЛУТТУН   ЖҮЗҮ

Сабактын тиби: Аралаш сабак

Сабактын формасы: Стандарттуу эмес

Сабакта колдонулуучу методдор: Ангемелешүү, суроо-жооп, көрсөтмөлүүлүк

Сабактын   максаты: а) Окуучулар    улуттук   нарк    тууралуу   үй-бүлөдөн угуп, китептерден окуп билишкен;

б) Алар улуттук нарктардын маанисин түшүнүп, аны баалай билүүнү үйрөнүшөт, ой-пикирлерин билдиришет;

в) Патриоттуулукка, мекенчилдикке, кыргыз элинин мурастарын, каада-салттарын   сактай   билүүгө   тарбияланышат.

Сабактын    жабдылышы: Проектор, ноутбук, видеослайддар, плакаттар, маркер, лозунг, сүрөттөр, желекчелер, буклеттер.

Сабакта колдонулуучу лозунг: Улуттук баалуулуктар — улуттун сыймыгы жана тарыхы

Сабактын      жүрүшү: Саламдашуу. Жагымдуу   маанай. Кайталоо. Сабактын максатын түшүндүрүү. Суроо-жооп  аркылуу   талкуу  уюштуруу.

Мугалим: Саламатсыңарбы, кымбаттуу окуучулар    жана  биздин   меймандар! Бүгүнкү сабагыбызга кош келипсиздер!

Мугалим: Кана балдар, мурда сабакта өтүлгөндөй, Кыргызстандын кандай символдору  бар?

Максат: Кыргызстандын   герби,  желеги, гимни

УЛУТТУК   НАРК   -   УЛУТТУН   ЖҮЗҮМугалим: Кыргызстандын өзгөчөлөнтүп турган дагы  кандай белгилери бар, балдар?

Нурис: Конституциябыз, чек арабыз, мамлекеттик тилибиз.

Мугалим: Азаматсыңар! Анда эмесе, окуучулар, алгач «Кыргыз калкым» аттуу ырды ырдашыңарды сунуш кылат элем.

Хор «Кыргыз калкым»   

— Жакшы, азаматсыңар! Ушул ырда эмнелер тууралуу айтылган, ырдын мааниси жөнүндө ким оюн айтат?

Окуучунун   жообу: 

— Демек, ырда кыргыз элинин каада-салты, меймандостугу, кең пейилдиги, комузу, кийими жөнүндө айтылып  жаткандыктан, булардын  баары биригип  келип, улуттун  наркын  түзөт экен, балдар. Анда сабактын темасы кандай деп ойлойсуңар?

— Туура, тема улуттук нарк тууралуу болот, «Улуттук нарк улуттун жүзү» деп аталат. Анда эмесе, видеослайдга көңүл бөлөлү (слайд көрсөтүлөт).

— Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров «2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу» Жарлыкка кол койду. Улуттук нарк — элдин руханий маданиятынын курамдык  бөлүгү  болуп  эсептелет. Анда  бүгүнкү сабагыбыздын максаты  (сабактын  максаты  тааныштырылат).   Андан  соң видеослайд улантып көрсөтүлөт.

Мугалим: Кыргызстан — биздин  Мекенибиз. Кыргыз эли байыртадан   уюткулуу улут болуп, улуу тарыхка, салт санжырага  бай болуп, аларды канчалаган  кылымдар   бою  жоготпой, муундан-муунга  жеткирип, биздин  заманга чейин  сактап  келген. Ушул улуу журттун урпактары  келечек   ээлери, жаш   муундар  бүгүнкү  күнү  ата-бабалардын  башынан кечирген  тарыхты  жана  каада-салтты  урматтабай, унутуп  бара  жаткандыгы  ойлондурбай  койбойт.

Кыргыз   баласы кыргыз жеринин кооздугу, шаркырап аккан суулары   менен сыймыктана алат. Асман тиреген тоолору, кең байлыгы мол Ала-Тообуз    кыргыз   элин коргогон табигый чеп болуп  келген. Кыргыз  жериндеги  сандаган   озон  суулар, чалкып жаткан  тоолор, токойлору  менен    шалбаалары, сан  миндеген  жан-жаныбарлардын   мекени  кут  түшкөн  жерибиздин байлыгы  болуп  эсептелет. Ал  эми  кыргыздын  бермети  болгон  Ысык-Көл  не деген   табияттын сулуулугу жана ал сыяктуу  кичине  көлдөрүбүз  ондоп  саналат.

Кыргыздар көптөгөн кылымдар бою көчмөндүк турмушту баштарынан кечирип келген эл. Мал  чарбачылыгы менен  кесиптенип  мал багып жашоосун  өткөргөн. Ошондуктан   жайдыр-кыштыр  журт  которуп,  көчүп-конуп жүрүшкөн.

Ал эми  Саймалуу-Таш  ачык асман алдындагы сүрөт галереясы  — ата-бабалардын улуу  тарыхы.

Кыргыздар мамлекеттин  өнүгүшүнүн негизи болгон  улуттук нарк аркылуу  кылымдар  бою кошуна элдер менен жанаша жашап, тарыхтын    тереңинде  жок  болуп  же сиңип кетпей, атын  жоготпой, тарыхта өз изин   калтырды.

Манаста    айтылгандай,    кыргыз  өз  касиеттерин  нукура   таза  сактоо менен  жашаш керек, ошондо гана   кыргыз   кыргыз   бойдон    сакталат. Кана, балдар,  кыргыздын  касиеттери     жөнүндө   айталычы!

Окуучулардын  жооптору:   

Кыргыздын улуулугу — карапайым мүнөзүндө

Кыргыздын сулуулугу — таза кирсиз   жүрөгүндө

Кыргыздын күчү — биримдигинде

Кыргыздын байлыгы — керемет тоолорунда

Кыргыздын сыймыгы  — Ысык-Көлүндө

Кыргыздын тарыхы — санжырада

Кыргыздын  маданияты  — Манаста

Кыргыздын музыкасы — комузда

Кыргыздын уздугу — шырдагында

Кыргыздын өлбөстүгү — эне  тилинде, каада-салтында

(окуучулар кезек менен айтышат)        

Нурис: Демек, кыргыздын   өлбөстүгү – эне   тилинде деп    жатабыз. Тили жок  эл  болбойт эмеспи. Улуттун  жүзү  болгон     мурастарыбыз  муундан-муунга  ошол  тилдин  жардамы   менен жетип  отурат.  «Кыргыз    тили    кылымдарды    карыткан,

Эч ким    аны   өчүрө   албайт     тарыхтан» демекчи,  1989-жылы    23-сентябрда кыргыз  тили «Мамлекеттик   тил»   статусуна     ээ  болгон.

Аэлита: Жаша  тилим, миң  кылымды   карытып,    Менин   тилим,  кыргыз   тилим,

Он    миң    кылым, жүз   миң  доорду   арыткын.         Мен  кыргыздын    кызымын.

Жер   шарында  кыргыз   деген эл  турсун,               Толгоп     тарткан   кыл    арканды,

Нурун   ичип   улуу Күндүн, жарыктын                  Тоо булбулу   Токтогулдун  санаты.

Мугалим:  Асман   тиреген  Ала-Тоосу    менен  сыймыктанган  ак  калпак   кыргыз  элинин байыртадан   чертме кылдуу, үндүү  аспабы   — комуз    жөнүндө     сүйлөшөлү, балдар!

Даткайым: Комуз  —  өрүк, жаңгак, ак  чечек, тал, терек, карагай, арча сыяктуу  жыгачтардан  чабылат. Комуздун    жалпы   узундугу  90 см.   болуп,  туурасынын  эң  жазы жери  19,5-22,5 см.ге жетет. Комуз     башы, тулкусу, чарасы, моюну, капкагы, куткуну, тепкеги, үч кулагы,   анан   үч кылдан   турат. Башка  жыгачтарга караганда  өрүктөн   чабылган  комуз   нарктуу эсептелген. (Комуздун   пайда  болушу  жөнүндө    уламыш   айтылат).  

УЛУТТУК   НАРК   -   УЛУТТУН   ЖҮЗҮУЛУТТУК   НАРК   -   УЛУТТУН   ЖҮЗҮ

Камбаркан   жасаган  аспап  комуз деп, чертилген  биринчи күү «Камбаркан» деп  аталып, «Күүнүн   башы  Камбаркан» деген  сөз мына ушундан  калган   экен, балдар.

Максат:   Үч  буроо, жалгыз  тээк, үч кыл комуз,

Чертилбейт, күүгө келбейт, чебер колсуз.

Оп-оңой, көргөн  көзгө жөп-жөнөкөй,

Бирок  да  өнөрү бар   айтып  болгус.

Айтилек:

Кылымдан кылым  санап  көксөй-көксөй,

Жыргалдуу биздин  ушул  күндү  көздөй.

Бул комуз көп сууларды  кечип  келген,

Эли  да   комузундай    жөп-жөнөкөй

«Маш   ботой»       аткаруучу     Бегалиев    Максат

Мугалим: «Тамыры   жок бак  болбойт, тарыхы  жок   эл  болбойт» дегендей,  биз тарыхты                 унутта   калтырбай,  ата-салтыбызды  сактап, келечек  муундарыбызга  мурас кылып  өткөрүп   берүүгө   милдеттүүбүз, балдар!

Кыргыз элинин биздин  заманга  чейинки бүткүл  тарыхын   камтыган   чыгарма  кайсы  балдар?

Окуучулар:   —  «Манас»  эпосу

Мугалим: —   Албетте,   “Манас”     эпосу

Абдурахим :  Манас”  эпосу кыргыз  элинин  кылымдарды  карыткан  тарыхынын алтын казынасы.

УЛУТТУК   НАРК   -   УЛУТТУН   ЖҮЗҮУЛУТТУК   НАРК   -   УЛУТТУН   ЖҮЗҮ

   Бул   чыгарма  элибиздин   руханий   табылгаларынын алгылыктууларын, басып өткөн  тарыхый   жолунун  орчундуу   окуяларын  чогултуп, укумдан-тукумга  өтүп келген улуу мурасы, улуттук сыймыгы. Кыргыз эли өткөн миң жылдыкта адамзаттын  дүйнөлүк  маданиятына «Манас» эпосун жаратуу  менен чоң салым кошту десек  жаңылышпайбыз.

«Манас» эпосу дүйнөдө теңдешсиз зор көлөмдүү көркөм  чыгарма. Манасчы Саякбай  Карала уулунан жазылып  алынган “Манас”, «Семетей», «Сейтек» үч бөлүмүнүн жалпы  көлөмү   500 миң сап ырды түзөт. Бул  байыркы гректердин «Иллиадасы» менен «Одиссеясын» бирге кошкон  көлөмүнөн     20 эседей көп жана инди элдеринин «Махабхарата» эпосунан эки жарым эсе чоң. (Манастан   үзүндү  уктурулат)    Саякбай  Каралаевдин  аткаруусунда.

Манас  айтчулар: Оруналы, Зулайка, Турат

Мугалим: Ак    калпак – Ала-Тоонун  символу. Калпак  бири-бирине дал  келген төрт талаадан турат. Ал талаалар биригип келип, кыргыз  эли байыртадан  мекендеген  Ала-Тоону  чагылдырат.  Демек, ал   мекенибиздин  символун    берет.

Оруналы:    Калпак — кыргыздын     улуттук  эркек  баш  кийими. Көбүнчө  ак кийизден жасалгандыктан ак калпак деп аталат. Ал алгач агыш (боз) кызгылт түстөгү кылчык, кийин ак уяң жүндөн жасалган. Бышык  басылган кийизден төбөсү бийик, этеги тегерек бычылып, оймо-чийме түшүрүлбөй, төбөсүнө чок чыгарылбай, бир гана тигиш менен бириктирилип, ошол жери  мандай  жагы  деген. Бара-бара бычымы  менен формасы  өркүндөтүлүп, көркөмдөлө баштаган. Калпак — бул  кыргыз  кийимдеринин эң ыйыгы. Анын  касиетин аны кийип жүргөндөр  сезе алышат. Калпак — кыргыздын улуттук  көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү. Ата-бабадан кастарланып келе жаткан асыл мүлк. Кыргыз эли эл болуп түзүлгөндөн бери жашоонун, улуулуктун, тазалыктын, улуу күндүн символу, ыйык белгиси катары кастарлап, сүр тутуп, сөөлөт санап, көрк катары маанилүү шаң, салтанатка кийип жүргөндүгү дүйнө элине маалым. Кыргыз  өмүрү 40-35  кылымга созулса, кыргыз калпагынын өмүрү да дал ошондой, узак уламалуу санжыра.

УЛУТТУК   НАРК   -   УЛУТТУН   ЖҮЗҮ

Мугалим: Элдик  нарктарды  «элдик  мыйзамдар»  деп   атаса да болот. Демек, ал «элдик протокол» эч качан  өзгөрбөйт жана  салттар  ошол «мыйзамдар» аркылуу  ишке ашырылат. Кыргызда  наркты билбеген адамды «наркы жок, нарк билбеген билимсиз» деп айыпташкан. Анда  эмесе, аталардан калган асыл-нарктарыбызды эске салалы (слайд   көрсөтүлөт)  (Окуучулар кезек  менен  айтышат).

Адамдык ариетти  бекем тутуу

Улуттук аң-сезимди, ар намысты сактоо

Улуттук нарктарды, каадаларды, үрп-адаттарды сактоо

Ата-мекенди сүйүү, коргоо жана ага кызмат кылуу

Эл-журт алдындагы атуулдук  парзын аткаруу

Мекендин жашыруун сырларын сактоо жана душманга дилин бербөө

Ата-энени сүйүү жана урматтоо

Абийир, ар намысты сактоо

Ата-салтты бузбоо, эне адебин сактоо

Эне-тилин   жана  табиятты  коргоо

Улуттук кийимдерди кастарлоо

Улуттук  тамак-аштарды жасай билүү    ж.б.

Мугалим:   Элибизде  дагы бир сөз бар, ал «нарк-насил» деген ыйык  сөз. “Улуттук  нарк-насилибизди сактоо  менен гана улутубуз сакталып келет» деп айтабыз. Насил –  «түпкү  тек»     деген маанини билдирет. Андай  болсо  «нарк-насил» деп  кош  сөз түрүндө айтканыбыздын жөнү  бар экен. Ал «аталардын наркы, аталардан  келаткан  нарктар»  дегенди  эске салат тура, балдар.  

«Чач     өрүү»    каадасын   көрсөтүү      ( Кыздар   тобу).

УЛУТТУК   НАРК   -   УЛУТТУН   ЖҮЗҮ

Аэлита:   Кыргыздар   келинди  чачына карап тандашкан. Эгер  кыздын чачы узун, калын болсо, анын   дени  сак, мээнеткеч жана ырыстуу кыз деп баалашып, ага куда түшүп  келишкен. Чачы   жакшы өспөй, суюк болсо чачын жакшы күтө албаган жалкоо деп билишкен.

Аймырза: Жылкынын жалындай катуу чачтар аял кишинин ички өзөгү бекем кайраттуулугунан кабар берген. Жумшак, уяң чачтар мээримдүү жароокерликтин жарчысы болгон. Таралбай чачы чачыша берген кыздарды  «кыялың менен» дешкен. Эмнеси  болсо да эл ичинде калын,  кундуздай  жылтылдаган, узун чачтуу кыз-келиндер жогору бааланып, элдин кутун, касиетин  сактайт деп ишенишкен.

Асема: Кыз  төрөлгөн ар бир үйдө анын чачына көңүл бурулуп, күтүрөп өсүп чыксын үчүн көп кырып, башына нан коюп, супарага  унду көп калтырып, түрдүү  аракеттерди апалар тынбай  жасашкан. Анткени, узун чачтуу кыз көптүн сүймөнчүгү, журттун көркү эмеспи.

Анжелика: Ар бир үйдө  кийимдин жакшысын, көрктүүсүн тандап кыз бала кол арага жарап, секелек    болуп калганда кырк өрүм кылып  чачын өрүшкөн. Келечеги жакшылыктарга мол болсун деп   кырк болсо, берекеси жайнасын деп чачын майлаган. Аруулугунан жанбасын, ак жалгасын деп ак билик менен учуктап, чач өрүү салтын жыйынтыкташкан.

Айтилек: Чач  кыркуу  кыргыз салтында жосунсуз жорук деп эсептелген. “Чач кеспе, ырыскыңды кесесин”   деп  чоң апа, таенелер айтышчу. Чач жаюу кыргыз коомчулугунда аза күтүүнүн  белгиси болгон.  Чач  жайган кыздарды «жамандыкты чакырасыңар, жыйнагыла» деп улуулар  урушкан.

Көркөм     окуу:     Зайырбек   Ажыматов    «Мен  кыргызмын»   Аткаруучу    Чыңгыз     Карыпбеков 

УЛУТТУК   НАРК   -   УЛУТТУН   ЖҮЗҮ

 Мен — Кыргызмын  сатылбаган, сатпаган!            Мен — кыргызмын, асман-жерге жашташмын,

Мен – кыргызмын, баба наркын  сактаган!       Эзелкимин, келечекмин, максатмын.

Ата Журтка  жасасам деп бир эмгек,                            Кылы дагы кыйшайганын  каалабайм,

Ар күн  сайын «Чоң Казатка» аттанам.               Кырчылдаган «Кыргыз» деген жакшы аттын!

Мен — Кыргызмын, түгөнөрдө түтөгөн!                          Мен — кыргызмын, жөнөкөймүн, улуумун!

Мен — кыргызмын жок болордо күчөгөн!                        Мертинтпеген, эчен азап, улуумун!

Мен —  кыргызмын тарыхым бар, тилим бар!                   Кылымдарга улап кетер дагы  да,

Мезгилдин да ой-чуңкурун түзөгөн.                             Кыргызмын  мен эр  Манаска  муунмун!

Слайд     көрсөтүлөт:    Каада-салттар         жана       ырымжырымдар

1) Жаш балдарга  байланыштуу  каадасалттар

2) Бойго жеткен кыз, эркек балдарга карата  өткөрүлүүчү той  каадалары

3) Ырым-жырым каадалары

4) Мамиле  адебине  байланыштуу  каадасалттар

5) Мал-жанга  байланыштуу ырым, каадалар

6) Эмгекке  байланыштуу  каадасалттар

Сабакты жыйынтыктоо:     «Улуттук  баалуулуктар — улуттун   сыймыгы  жана  тарыхы»  лозунгу жөнүндө    түшүндүрмө сөз  айтылат.

УЛУТТУК   НАРК   -   УЛУТТУН   ЖҮЗҮ

Мугалим:

Кыргыз  элинин  улуттук  баалуулуктарын  — кыргыз   калкы  туу  туткан. Аны алмуздактан  бери аздектеп, эненин  сүтү, бешиктеги ыры, атанын кеби, нарктуу  санжыралары  менен укумдан-тукумга сактап, өткөрүп  келген.

Улуттук   баалуулуктар — улуттун  улуулугун  сактаган  өзгөчөлүгү, кыргызды   кыргыз

катары  сактап  келген улуттун  сыймыгы жана тарыхы болуп эсептелет.

Хор:   Кыргызстан    (Кыргызстан  жөнндө  видеослайд көрсөтүүнүн негизинде)

Окуучулар колдоруна  желекчелерди  кармап   ырдашат.

Мугалим:    Эмесе, ушуну менен  сабагыбызды аяктайбыз, көңүл бурганыңыздарга  чоң  ырахмат!!

УЛУТТУК   НАРК   -   УЛУТТУН   ЖҮЗҮЧолпон Орозбекова, №3 Бейше Үрстөмбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү орто мектебинин математика мугалими, Тогуз-Торо району, Жалал-Абад облусу

 

Бөлүшүү

Комментарийлер