Тынчтык клубдары эмнеге керек?

  • 28.05.2024
  • 0
Тынчтык клубдары эмнеге керек?

ТЫНЧТЫК КЛУБУ ДЕГЕН ЭМНЕ ?

— Тынчтык клубу — бул окуучулардын жана мугалимдердин ыктыярдуу бирикмеси.

—  Жаштар менен тынчтыкты орнотуу иштерин институтташтыруунун бир ыкмасы.

— Тынчтык маданиятын жайылтуу, тынчтыкка тарбиялоо жана чыр-чатактарды трансформациялоо боюнча иш алып баруу.

— Мектеп администрациясы менен милдеттүү түрдө макулдашуу менен кеминде 2 мугалим жана  15 окуучу.

— Жумшак көндүмдөрдү калыптандыруу жана окуучуларды чон турмушка даярдоо үчүн класстан тышкаркы иш-чаралардын бир бөлүгү.

Азыркы учурда тынчтык клубдары этностор аралык мамилелерди, аймактар аралык ынтымакты, социалдык ынтымакты чыңдоо жана диний конфессиялар арасында мамилелер боюнча иш чараларды өткөрүп келүүдө.

 Тынчтык клубунун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары:

  • Тынчтык курууга салым кошуу.
  • Өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча кызматташуу.
  • Тынчтык клубдарынын уюмдук дараметин күчөтүү жана окуучулардын инсандык өнүгүүсүнө көмөктөшүү.

 Тынчтык клубдун кандай пайдасы бар?

  •        Окуучуларда ийкемдүү көндүмдөр жогорулайт;
  •        Окуучулардын коомго аралашуусуна кеңири аянтча түзүлөт;
  •        Окуучулар команда менен иш алып баруу жөндөмдүүлүгү өрчүйт;
  •        Окуучуларда ар тараптан инсандык өнүгүү болот;
  •        Окуучулардын сынчыл ойлому өсөт;
  •        “Кыргыз жараны” концепциясын жайылтууга салым кошот;
  •       Окуучуларда оратордук жана лидерлик сапаттары жакшырат;
  •       Окуу процессинин кызыктуу өтүүсүнө өбөлгө түзөт;
  •       Окуучулар убактыларын пайдалуу өткөрүшөт.

Тынчтык клубдары эмнеге керек?

 Тынчтык клубун ачуу үчүн эмне кылуу керек?

 

Тынчтык клубуна 15 окуучудан турган команда керек жана жакшы ат тандап коюңуздар. Аны жалпы добуш берүү менен тандаңыздар же демилгени колго алгандын   сунушун кабыл алыңыздар. Социалдык тармактардагы баракчаңызга ушундай ат коюуну унутпаңыз. Клубду таанымал кылуу жана анын өзгөчөлүгүн баса белгилөө үчүн клубдун аталышында “Тынчтык клубу”, “Клуб мира”, “Peace club” деген сөздөрдү колдонуу сунушталат.

Учурда ачылган тынчтык клубдарынын баракчаларын карап көрүп чыгып, иш алып барсаңыздар болот же ар облуста ачылган тынчтык клубдары бар, инстаграм же фейсбук баракчаларына жазып кайрылсаңыздар, жардам берүүгө ар бир тынчтык           куруучу же координаторлор даяр.

Тынчтык жана өнүгүү институту тарабынан «Биримдик жана көп түрдүүлүк үчүн” долбоору боюнча азыркы учурда 100дөн ашуун мектептерде тынчтык клубдары ачылып, Кыргызстан боюнча жети дубанда  35 клуб мини-гранттарды утуп алып, ар  түрдүү иш-чараларды уюштурушууда.

Ал кандай иш-чаралар? Аймактык мамилени чыңдоо, социалдык абалына карабай мамилени бекемдөө, конфессиялар, этностор аралык мамилелерди чыңдоо багытында ар түрдүү иш-чараларды өткөрүшүүдө. Баткен облусу боюнча 15 тынчтык клубдары бар, анын ичинен район боюнча 8 мектеп тынчтык  клубдарын ачып, өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп келишүүдө.  Алардын ичинен беш клуб: «Ынтымактуу жаштар”, ”Шыктан Актерек”, “Петимум эдуарда”,”Компас”, “Бүркүт”  тынчтык           клубдары 500 евролук мини-грант утуп алышты.

Баткен районунун Бужум айылынын «Ынтымактуу жаштар» тынчтык клубу, Сейтказы Эрматов атындагы орто мектебинин «Достук» тынчтык клубу,Тажибай Мурзапаров атындагы орто мектебинин окуучулары менен «Беш манжа бөлөк, билек бир, Беш адам бөлөк тилек бир» аталышындагы этностордун достук фестивалын биргеликте өткөрдүк.

Медиа сабаттуулук боюнча “Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу окурман окуучу конкурсуна  жалпысынан 50 окуучу катышты.

«Ден соолук өмүр булагы» аттуу спорттук иш чараны  6-7-8-9-11-класстардын окуучулары арасында гендердик теңдикти эске алуу менен эркек балдар,кыздар чогуу оюн көрсөтүшүп, мамилелерди жана өз ара байланышты чыңдашты.

Тынчтык клубдары эмнеге керек?Тулабаева Токтокан,

Баткен районунун Шарап Токсонов атындагы

орто мектебинин биология мугалими жана

“Ынтымактуу жаштар» тынчтык клубунун

координатору 

Бөлүшүү

Комментарийлер