“Тоолор кулаганда” романынын идеясы, каармандардын образы

  • 23.04.2024
  • 0
“Тоолор кулаганда” романынын идеясы, каармандардын образы

Сабактын максаты: 

Билим берүү максаты: окуучулар “Тоолор кулаганда” романынын мазмуну менен таанышып, каармандардын образдарын жана романдын идеясын талдай билишет.

Өнүктүрүү максаты: акча үчүн табигат байлыктарына кол салуу, өз кызыкчылыгын ойлогон жеңил ойлуулук, бирок  мекен, эл алдында атуулдук тазалык, уят, намыс, адам эркиндиги сыяктуу баалуулуктар бар экенине көз жеткиришет.

Тарбия берүү максаты: Ата журт алдында намыстан тайбоого, табигат жандыктарын коргоого, элди урматтоого, өлкөнүн эл аралык келишимин сактоого тарбияланышат.

Сабактын тиби: жаңы теманы өздөштүрүү.

Сабакта колдонулган интерактивдүү ыкмалар: тесттик текшерүү, пазл чогултуу, таяныч сүрөттөргө мүнөздөмө, тамгалардан сөз куроо.

Сабакта колдонулуучу ресурстар (каражаттар): видео-түрмөк, таяныч сүрөт, пазл таркатмалары, А3, маркер, куржун, топ аталышы.

Предмет аралык байланыш: тарых, геометрия, кыргыз тили, зоология, география.

Сабактын жүрүшү: 

Саламдашуу. Кыргыз элинин саламдашуу  өзгөчөлүгү менен сабакты баштоо. Арыбагыла, балдарым!

Топторго бөлүштүрүү. Топ башчысын шайлоо. Муз жаргыч: Топтун  атын жактоо (адам, жаныбар)                             

 Бүгүнкү күндүн мерчеми: 

Азаматсыңар балдар!  Силер сабактын мерчемин  билет экенсиңер.  Жакшы атап өттүңөр. Келгиле, өткөн сабакта өтүлгөн темаларды эске салып алалы. Биз  кыргыз элинин кайсы жазуучусунун, кандай чыгармасын өтүп жатабыз? Балдар, мен азыр силерге ар тараптуу суроолорду берем. Макулсуңарбы?

“Тамгалардан сөз курайбыз” оюну 

Даярбызбы? Автор тарабынан илбирске берилген ысым? Журналист каармандын ысымы? Жан дүйнө, ички дүйнө сөздөрүнүн синоними. “Делбирим” повестиндеги Ильястын жубайы ким? Жаабарс менен Арсен бири-бири менен кандайча байланышта? Дос, шерик, орток, жакын сөздөрүнүн синоними. “Кыямат” романында бангизатка ууккан 16 жаштагы  …  тууралуу баяндалат. “Бетме-бет” повестиндеги согуштан качкан каарман? Арсен каякта жашачу эле?

Кана, балдар, кандай сөз пайда болду?

Бүгүнкү сабагыбызга жаратылыш сөзүнүн катышы барбы, жаратылыш деген эмне?

Үй тапшырма: романдагы табият, рух маселеси. Балдар, мен силерге тапшырма даярдап келдим. Суроолорго туура жооп берип, пазлды дал келтиребиз.

Айдана Самарова деген ким болгон? Арсен Саманчин менен Айдананын кандай тааныштыгы бар? Жаабарстын 1-түгөйү тууралуу айтып бер. Арсен Айданадан эмне себептен айрылып калат? Жаабарстын 2-түгөйү менен Айдананын кандай окшоштугу бар? “Кайып колукту” тууралуу уламышты Арсен Айданага эмне үчүн айтып берет? Арсен менен Жаабарс тагдырлаш каармандарбы? Бул уламышты  жазуучу каяктан уккан? 

Бүгүнкү жаңы тема: “Тоолор кулаганда” романынын идеясы, каармандардын образы

Романдын андан ары өнүгүшү тууралуу видео көрсөтүлөт.

Чыгармадагы каармандарды, алардын аткарган кызматтарын эстеп калгыла. Дептерди ачып, жазып отуралы. “Мерген” фирмасынын жетекчиси Бектур                                                 Таштан – Таштанафган, САУД бекзаадасы – Хасан, Кувейттин бекзаадасы – Мисир,    Арсендин эжеси, жездеси. Агасы — Ардак, Элес — туулган жеринде китепканачы, базар экономикасынын агымы менен Саратов, Москва шаарларына поезд менен товар ташып, үй-бүлөсүн, кичи мекенин баккан келинчек.

Чыгарманын идеясы жалгыз адам өлдү. Ал бардык нерсе үчүн баарынан кечирим сурап жатты.

Арсен кенедейинен бирге окуган классташтарынын ааламдашуу доорунда иштеп, аракет кылбай, күч менен бирөөлөрдүн мээнетин зордук менен тартып алып, бекер акчага тойлогусу келгенин, алардын бул акылы эл аралык мамилелерге да залакасы тиерин ойлоп, аларды өмүр бою баш боштондугунан айрылуу коркунучунан арачалап калды. Жазыксыз, корукка алынган жаныбарларды да сактап калды.

Сабакты бышыктоо: 

Онлайн-тест. Суроолор берилет.

Арсен Саманчиндин кесиби?                         

А) аңчы 

Б) кабарчы                                                                                    

В) шофер

Кайсы аянычтуу окшош тагдыр чагылдырылат?

А) Арсен менен Айдана

Б) Арсен менен Жаабарс

В) Элес менен Айдана

“Мерген” фирмасынын башчысы ким?

А) Бектур 

Б) Эрташ Курчал

В) Таштанафган

Романда кайсы уламыш берилет

А) Раймаалы менен Бегимай

Б) Бугу Эне

В) Кайып колукту 

“Тоолор кулаганда” романы кайсы теманы козгойт?

А) ааламдашуу, глобализация

Б) колхоздоштуруу

В) Улуу Ата Мекендик согуш учуру    

Кайсы ашуудагы барстарга аңга чыгууга чет элдиктер менен келишим түзүлөт?                                     

А) Долон

Б) Үзөңгүлөш

В) Төө-Ашуу

Чет элдик конокторду барымтага алып, акча талап кылуу ишинин башында ким турат?

А) Бектур

Б) Таштанафган 

В) Элес

 Арсен менен Жаабарс кайсы үңкүрдө бирге болушат?

А) Карагат

Б) Моло таш

В) Саймалуу таш   

Арсендин артында калган иштерин  ким  улантат?

А) Элес 

Б) Айдана

В) Эч ким

Романда кайсы жаныбарды сактап калуу идеясы көтөрүлөт?

А) Баалуу барс тукумун сактап калуу

Б) Чабалекейлерди сактап калуу

В) андай идея айтылбайт.

Сабакты жыйынтыктоо: Демек, балдар, Ч. Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романы –  ааламдашуу же глобализациянын Кыргызстанды кучагына алышы. Мына ошол ааламдашууда бир кезде кадыр-барктуу адамдын керексиз заттай четке сүрүлүп калышы, анын ушундай жагдайда да этикалык, экологиялык проблемаларда  да адам катары калышы керектиги насаатталат.

Жаныбарларды жок кылуучу нерсе сырткы күч болсо, адамды жок кылуучу күч  да ошол сырт жактан келип, анын ичине кирип алып, ошол адамдын рухун талкалайт.

Жаратылыштын кучагында адам да, жаныбар да тең салмакта жашоого акылуу. Экөө бири-бирин толуктап турушат. (Окуучулар бааланат)

Үйгө тапшырма: романдагы каармандардын образы Таштанафган, Элес, Арсендин ордунда болсоң, сен эмне кылмаксың?

“Тоолор кулаганда” романынын идеясы, каармандардын образыКлара Аширбаева, Бишкек шаарындагы №101 жалпы билим берүү орто мектебинин мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер