Токтогулдун ырлары – турмуш мектеби, музыкасы – өмүр кайрыктары

  • 19.01.2024
  • 0
Токтогулдун ырлары – турмуш мектеби, музыкасы – өмүр кайрыктары

Адабий музыкалуу кече

Алып баруучулар: Алайбек уулу Айдар, Бакытбек кызы Уулбек

Айдар: Саламатсыздарбы урматтуу эже-агайлар жана коноктор!

Уулбек:  Кыргыз тили жана адабияты  предметинен уюштурулган “Токтогулдун ырлары — турмуш мектеби, музыкасы — өмүр кайрыктары” деген темадагы адабий музыкалуу кечебизди баштоого уруксат этиңиздер.

Айдар: Тоолор менен курчалган,

                Жердин аты Токтогул.

                Айдай жүзүн нур чалган,

                Элдин аты Токтогул.  

 Уулбек: Бетегеси буралган,

                   Төрдүн аты Токтогул.

                   Көркүнө көз кубанган,

                   Колдун аты Токтогул.

Айдар: Жарык нурга бөлөнгөн,

                Кенчимдин аты Токтогул.

                Алтын көлдөн төрөлгөн,

                ГЭСтин аты Токтогул.

Уулбек: Жаркыраган ар үйдө,

                   Нурдун аты Токтогул.

                   Жаңырыктап угулган,

                   Ырдын аты Токтогул.

Уулбек: Ар бир элдин көркөм ой жүгүртүүсүн, дүйнөгө философиялык көз карашын өзүнүн көркөм өнөрү аркылуу чагылдырган чыгаан өкүлдөрү — ошол элдин улут катары кулк-мүнөзүн, логикасын, психологиялык белгилерин тереңден кеңири мүнөздөбөй койбойт. Кыргыз элинин ошондой даанышман, ар тараптуу талант даарыган, жаштайынан ысымы элдин рухуна сиңип кеткен, кыргыз элинин улуу демократ акыны, композитору — Токтогул Сатылганов.

Акындын чыгармалары элибиздин канына табигый түрдө аралашып, андан бери эки-үч муун алмашкан бүгүнкү күндө улуттун аздектеген акыны, композитору болуп кала бериши бир четинен таң калтырса, бир четинен дилге батпаган сыймыкка бөлөйт. Себеп дегенде, учурунда азыркы кездегидей өнүккөн искусствосуз, ар кайсы өрөөндө, жылга-сайларда, төр жайлоолордо күн кечирген кыргыз элине чолпон жылдыздай жаркырап таанымал болуу —  киши ишенбей турган жорук. Бирок Токтогулдун эбегейсиз зор таланты бизди бул чындыкка ишендирип отурат. Токтогулдун ооздон-оозго өтүп, дилден-дилге жетип,  даанышмандыктын күчтүү магнитиндей тартылып бүгүнкү күнгө жетиши, поэтикалык көркөмдүктүн бийик үлгүсү катары кызмат өтөп турушу — Токтогулдун гений экендигин ырастайт.

Токтогулдун кайсы гана чыгармасын окубайлы — өмүр менен өлүмдүн, арзуу менен өксүүнүн, толуу менен кемүүнүн, жетиктик менен наадандыктын, айтор, бул жашоонун бардык карама-каршылыгын туюнуп, эсирген кезде эсиңе келип, бозоргон чакта көзүң ачыла түшөт. Мына ушуну элдин аң-сезими, рухунун чагылышы дебейт бекенбиз?!

Токтогулдун ырлары — турмуш китеби, музыкасы — өмүр кайрыктары. Ар кандай чоң акын, чоң музыкант — акын катары, музыкант катары өз өмүрү жылоологон жылдарды ар түрдүү мотивде, ар кандай тоналдуулукта көркөм эркиндик менен шөкөттөп ырдаган. Андай десек, ушул колдо бар чыгармаларынын өзүнөн дүйнөнүн өзүндөй түркүм, ар кыл байлыкты көрөбүз: жалынсыз күйгөн армандуу арзуу, акыл-эстин бышыкчылыгынын «Терме», «Санаты», «Агарып сакал картайган» кейиштүү карылыктын «Үлгү», «Насыяты», «Өмүрдүн» өлүм менен чектешкен трагедиялуу жалгашуусу, ал ар жагы «Калкымдан кетсем аман бол, калдайган кыргыз жергеси» деген өлбөстүктүн канагат алган оптимисттик реквием «Дүнүйөсү» Токтогулдун санат-насыяттары, терме ырлары философиялык ойго бай. Аларда өткөндөгү адам турмушунун тажрыйбалары камтылып, көп мезгилди кучагына алган ойлордун жыйындысы деп баамдайбыз. Алп акыныбыздын бизге калтырган көркөм сөз өнөрү үйрөнгөнгө нуска, үлгү, насаат катары кызмат аткарат.

“Үлгү ырлар” (хор)

Токтогулдун ырлары – турмуш мектеби, музыкасы – өмүр кайрыктары

Айдар: Акындын  философиялык ой чабыты улам тереңдеп, адам өмүрүнүн жашоо маңызынын маанисин чечмелөө жагындагы нукура даанышмандыгы “Дүнүйө” аттуу ырынан көрүнө баштайт. Акын түшүнүгүндө дүнүйө көптүн арасында, көчтүн карасында тирүүлүктүн ырыскысын көрүп, бирөөнү алдабай, чыныгы ак мээнет менен жашасаң ошол чыныгы дүнүйө. Көзүң көрүп, жаркырап турган дүнүйө — бул бейиш, бул бак-таалай, бул адамдын келкели. Кеткен дүйнө — бул тозок, бул талкалануу, өчүү, өлүү, жок болуу. Ошондуктан бар болуп жашоо, тирүүлүктүн насибин тартуу, ак пейилди жоготпоо: толукшуп чыккан айдай, мөмөлүү дарак шактай, булутсуз тийген күндөй, ташып чыккан булактай болуу. Эгер кишинин адамдык касиети өчсө, оюн арамдык бийлесе, ал рухий жактан өлөт, анан ал түбү түшкөн челектей, капкагы сынган комуздай, соолгон кудук суудай, таманы түшкөн чарыктай керексиз. Демек, ар бир тирүү пенденин алдында эки жол бар, бири – жарык дүйнө, экинчиси — караңгы дүйнө. Улуу акын ошол эки дүйнөнү алаканына салат, акылын менен аңдап түшүнүүнү өзүнө калтырат.

“Дүнүйө” ыры көркөм окулат

Уулбек: Адамдагы сезимдердин эң бийиги, ыйыгы, сырдана туюгу жана кылымдап жашаса да картайбаган касиеттүүсү — бул махабат. Дал ушундай улуу сезимди тутантып, ал сезимден урпактан-урпакка калгыдай улуу кайрыктардын жаралышына себеп болгон нечендеген сулууларыбыз бар. Ал сулуулардын аттары эскирбес болуп элге сиңип, өздөрү көмүскөдө калып, сыр бойдон жашап келет. Залкарларды сүйдүргөн ошондой аруузаттардын эң эле белгилүүлөрүнүн бири — Токтогулдун Алымканы. «Алымкандай» кыргыз баласы үчүн даана сыр билги, аялуу, жаш кылгырткан назик, ары терең салтка тунган арзуу ырын табуу кыйын.

“Алымкан” Көкүмбай кызы Гүлжамалдын аткаруусунда.

Айдар: Токтогулду Токтогул кылган, атын кылымга калтырган чыгармалары — анын дүйнө, өмүр жөнүндөгү классикалык саптары, адам баласынын бу жарык дүйнөдөгү бийик вазийпасы, асыл наамы, милдети тууралуу ырлары, эл-жерге арналган термелери, насыяттары, тууган жердин топурагын сагынгандагы кербездери, ботойлору, кайрыктары десек болот. Чынында да өмүрдүн кадырын, жарык дүйнөнүн баркын эчен жыл сыртта жүрүп зарлап, Сибирдин шахталарында жер казып, түү деген түкүрүк жерге түшпөгөн суукта кереметтүү Кетмен-Төбөсүн сагынган, “кыргыздын караанына зар болгонун” Токтогулдай эч ким билбесе керек. Тарыхты карай келсек, эң биринчи жолу Сибирди көргөн, деле кыргыздын жеринен ушунчалык алыска чыккан Токтогул болуптур. “Жети жылы пияда баскандагы кербезим” деп өзү айткандай, жети жыл жөө басып, колунда кишенин, бутунда зоолусун сүйрөп, Токтогул атабыз Токмок же Караколдон эмес, Сибирден качып келгени, Кыргызстанга эки жыл дегенде араң жеткени айтканга оңой, бирок элестетүүгө өтө кыйын нерсе.  Карап отурсаң Токобузга чындап эле бу дүйнөнүн кууралы гана буйруп, жыргалы буюрган эмес экен. Сибирден күндүзү жашынып, түндөсү качып отуруп, казактын баш-аягы көрүнбөгөн Бетпак талаасын жөө арытыптыр. Нечен жыл өлүм менен өмүрдүн ортосунда, азап менен тозоктун арасында турмуш кечириптир, кайран акыныбыз. Качкын да, бозгун да болуп, тилемчинин да, кайырчынын да кейпин кийип, элинен ажыраган мусапыр, бакыт издеген мискин болуп, араң дегенде эки бутун сүйрөп Кетмен-Төбөгө жетиптир. Жети жыл жер оодарып, өлбөгөн сүлдөрү калган Токтогул акыры ата конушуна эптеп жеткенде, эски журтта жалгыз калган, ыйлап жүрүп эки көзүнөн айрылган энесин тапканын, “бу мен, Токтогулуң” деп кучактап жыгылганын элестетип көрөлүчү… Эңсеген элине келсе жалгыз уулу Топчубайдын көзү жок, Токтогул эми келбейт деп ойлогон аялы бөлөк бирөөгө башын байлап, айтор, адам чыдагыс трагедияга кабылган экен.

Сахналаштыруу (Токтогулдун качып келгендегисинен үзүндү аткарышат)

Уулбек: Токтогулдун күчтүү акындык кудуретине шайкеш келген анын балбан композиторлук талантын айтуу керек. Жан көшүлткөн  ырчы  обонунан  башка  «Кербези», «Миң кыялы», «Тогуз кайрыгы» эмне деген көркөм байлык? «Тогуз кайрыкты» угуп отурганда анын «Өмүр», «Карылык», «Дүнүйө» сыяктуу философиялык тереңдикке тунган классикалык ырларынын музыкалык вариациясын тыңдайсың, кошумча көркөм маалымат аласың. «Тогуз кайрыкка» өмүрдүн токсон кайрыгы сыйдырылгандыгын аңдайсың. Угууга улам-улам куштарсың.

“Кербезим” (комузчулар ансамбли обону менен)

Айдар: Албетте, Токтогул ырчынын адамдык тагдыры — ошол кездеги кыргыз элинин жалпы тагдыры менен үндөш, тамырлаш. Ошон үчүн аны замандаштары, айрыкча Эшмамбет, Коргоол, Калык, Алымкул, Атайлар сыяктуу залкарлар алдынан туура өтпөй кастарлап, өздөрүнүн устаты катары таанып, таалимин алып, бир чети аяшса, экинчи чети ушундай замандашы бар экенине абдан сыймыктанышкан экен. Ошентип Токтогулдун улуу плеядасы — ырчылар плеядасы  түзүлүптүр. Акындык, төкмөлүк мектеби калыптаныптыр. Ошолор Токтогулдун атын ого бетер чыгарып, аны менен жолугушканын жомок кылып айтып, төкпөй-чачпай ырга салып, чыгармаларын элге таратып, ырчыны тирүү кезинде легендага айлантышкан экен.

“Өмүр” ыры аткарылат

Айдар: Улуу ойчул акын Токтогул өмүрдүн кымбаттыгын, сулуулугун сезе билип, жаштыктын көз ачып жумганча өтүп кетчү тездигин баамдап, ойноп күлгөндү да билүү керектигин айткан.

“Гүлдөп ал” (хор)

 Уулбек: Токтогул жөнүндө кыйла эмгектер жазылып, көркөм фильмдер тартылды. Анын образы скульптурада, живописте, музыкада ишке ашырылды. Бирок Токтогулдун өмүр жолун, чыгармачылыгын терең изилдеген фундаменталдуу адабий, философиялык, музыкалык профессионал эмгектердин жазылышы улам жаңы келе турган муундардын үлүшүнө таандык. Анын көркөм мурасынын сыры терең. Ар бир муун акындын генийин өзүнчө көрүп, өзүнчө ачат. Анткени Токтогул кыргыз элинин түбөлүк кенчи.

Айдар: Ушуну менен адабий музыкалуу кечебиз соңуна чыкты. Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң ыракмат!

Токтогулдун ырлары – турмуш мектеби, музыкасы – өмүр кайрыктарыГ. Мамытбекова, Токтогул районундагы №21 Ы. Алымбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер